Линктер

шейшемби, 18-июнь, 2019 Бишкек убактысы 11:35

Гуайдо Кыргызстандын тажрыйбасын пайдаланса...


Өмүрбек Текебаев. 11-август, 2017-жыл.

Венесуэладагы азыркы кыйчалыш кырдаал, тарыхый тандоо мүмкүндүгү Кыргызстанда болуп өткөн окуялар менен табияты бир. Алардагы окшоштуктар жана айрым мыйзам ченемдүү сабактар тууралуу абактагы саясатчы Өмүрбек Текебаевдин ой толгоосу.

Окуялар бирдей мыйзамдарга баш ийишет...

Дүйнө коомчулугу тынчсыздануу менен көз салып жаткан Венесуэладагы окуялар өлкөнү тарыхый бурулуш учуруна такап койду. Бийлик кимдин колунда болбосун, калк өзгөрүүлөрдү каалап турганын эске алууга аргасыз болот.

Саясий-социалдык процесстер белгилүү бир мыйзам ченемдүүлүк менен жүрөт. Бирок тарыхый кырдаалга, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүү деңгээлине, элдин менталитетине, маданиятына жараша ал процесстер ар кайсы чөлкөмдөрдө, өлкөлөрдө ар кандай формаларда, ар кандай тереңдикте жүрөт. Кээ бир өлкөлөрдө сасык тумоонун жеңил формасындай өтүп кетсе, башка бир өлкөлөрдө коомдук-экономикалык мамилелерди түп-тамырынан бери өзгөртүп, радикалдуу из калтырат. Кыргызстандан миңдеген чакырым алыста, башка континентте жайгашкан Венесуэладагы окуялардын да Кыргызстанда болуп өткөн окуялар менен табияты бир. Бирдей мыйзамдарга баш ийишет.

Менин байкоом боюнча XX-XXI кылымдарда элдин саясий режимден, саясий элитадан чарчоосу, тажоосу ар бир 20-25 жылда өз кульминациясына жетип турат экен. Бул кризистик кырдаал ар кандай өлкөдө ар кандай чечилет. Бирок мен жогоруда айткандай, жалпы бир мыйзамдарга баш ийишет. Ошондуктан Кыргызстандагы саясий кризис, андан чыгуунун жолу Кыргызстанга эле эмес, ушундай кырдаалды башынан өткөрүп жаткан дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө да кызыгуу туудуруп, кыргыздын тажрыйбаларын алар да пайдаланышы мүмкүн.

Алгач «Чикаго мектебинин» рецепттеринин, кийинчерээк «Вашингтондук консенсус» деген концепциянын негизинде Американын үстөмдүгү менен эл аралык каржы уюмдары Латын Америка өлкөлөрүндө саясий системаны, экономиканы либералдаштыруу саясатын өткөн кылымдын 70-жылдарында баштаган. Советтер Союзунун республикалары башынан өткөргөн либералдаштыруу, менчиктештирүү процесстерин Латын Америкасы 1970-1980-жылдары көргөн. Ал реформаларда көптөгөн калк жабыркаган, эл анын жыйынтыгын «адилетсиз» деп тапкан. Ошондуктан Латын Америкасында антиимпериалисттик, антиамерикалык маанай күчөгөн.

2000-жылдары ал өлкөлөрдө солчул күчтөр бийликке келишкен. Ошондон бери 20 жылга жакын убакыт өттү. Латын Америкасында тарыхый маятник башка жакты көздөй кыйшайып, Америкага ыктаган оңчул партиялар бийликке келе баштады. Бул Латын Америкасындагы жалпы көрүнүш. Бирок мындай процессттер лидерлердин жеке сапаты, өлкөнүн тарыхы жана башка жагдайлардан улам ар кандай өлкөдө ар кайсы мөөнөттө, ар кандай тездикте өтөт. Куба, Никарагуа, Боливия, Венесуэла азыр солчул күчтөрдүн акыркы бастиону боюнча турат.

Кыргызстан да 1990-жылдары радикалдуу либералдаштырууну, менчиктештирүүнү башынан өткөргөн. Кыргызстанда да ошол саясаттан, аны жүргүзгөн саясий режимден, саясий элитадан тажагандар көбөйгөн. Ал 2005-2010-жылкы элдик революцияларда ачык көрүндү. Мен 2005-2010-жылдардагы элдик көтөрүлүштөрдү бир тарыхый процесстин ар кандай этабы катары баалайм.

Согуш же шайлоо

Бүгүн Венесуэлада саясий жана социалдык кырдаал өтө чиеленишип, кооптуу болуп турат. Аны тынчтык жолу менен чечүү мүмкүн эместей коркунуч пайда болду. Бул татаал кырдаалдан тынч, элге зыян тийгизбей чыгуунун жолу - кечиктирилгис, адилеттүү, мыйзамдуу шайлоо. Өлкөнүн парламентинин спикери Хуан Гуайдо «таза шайлоо өткөрүү жоопкерчилигин УБАКТЫЛУУ өз мойнума алам» деп ант берди. Мен да эл ишенимине ээ болгон убактылуу мамлекеттик орган Венесуэлада таза, мыйзамдуу, адилеттүү президенттик шайлоо өткөрсө, бул коомдогу тирешүүнү, жарандык согуш коркунучун четке каккан аракет болот эле деп ойлойм.

Венесуэладан миңдеген чакырым алыстагы, башка континентте болуп жаткан окуяга эмнеге назарыңарды бургум келет? Менин оюм, пикирим жөн эле теориялык ой жүгүртүүдөн келип чыккан жок. Кыргызстандын тарыхында да Венесуэладагыдай саясий кырдаал, саясий тирешүү 2005-2010-жылдары болгон. 2005-жылы биздин мекенибизде бүгүнкү Венесуэладагыдай эки президент, эки парламент болуп, кош бийлик өкүм сүргөн.

Ошол татаал кырдаалды чечүүгө аралашып, Кыргызстандын ийгиликтүү тарыхый тажрыйбасынын күбөсү болгом. Андыктан тоолуу чакан өлкөнүн тарыхына, тажрыйбасына таянып, ушул ойлорду айтып отурам. 2005-жылы мен жетектеген Жогорку Кеңеш Курманбек Бакиевди Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн убактылуу башчысы, демек, Кыргыз Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу катары менин сунушум менен дайындаган. Ачык айтылбаганы менен 2005-жылы да Кыргызстанда убактылуу өкмөт, өткөөл мезгилдин президенти болгон.

К.Бакиев өкмөттүн убактылуу башчысы болуп эки шарт менен дайындалган. Биринчиси - конституциялык реформаларды ишке ашыруу. Экинчиси - адилеттүү, таза шайлоону тез аранын ичинде өткөрүү эле. Ошентип, Кыргызстан саясий туруктуулукка, конституциялык нукка кайтып келген.

2010-жылы кырдаал мындан да татаал болчу. Кан төгүлүп, эки тарап тирешип, анын айынан улут аралык кагылышуу чыгып, Кыргызстан чоң алааматтын алдында турган. Ошондо да Убактылуу Өкмөт үч ай ичинде конституциялык реформаларды, алты айда парламенттик шайлоону өткөргөн.

Убактылуу Өкмөттүн төрайымы, Кыргыз Республикасынын өткөөл мезгилинин президенти Роза Исаковна Отунбаева Гуайдо өзүнө алгандай миссияны алып, «шайлоого катышпайм, эч жакка жан тартпайм, кайра президенттикке талапкерлигимди койбойм, таза шайлоо өткөрүп берүү - менин миссиям» деп жарыялаган. Ошондо бул Убактылуу Өкмөттү эл аралык коомчулук тааныган. Бүгүн да Гуайдонун алдында Роза Отунбаевага тагылгандай чоң тарыхый миссия турат.

​Венесуэла элинин кызыкчылыгы, анын бейпил, бакубат келечеги үчүн прогрессивдүү адамзат, башка мамлекеттер Гуайдонун миссиясын колдошу керек деген ойдомун. Эгер жаңы лидер «өзүм президенттикке ат салышпайм, бейтарап позицияда турам» деп, Кыргызстандын тарыхый тажрыйбасын пайдаланса, өз өлкөсүн саясий кризистен сууруп чыкмак.

Өмүрбек Текебаев, "Ата Мекен" партиясынын лидери

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG