Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:28

Сузактык мугалим окуучусунан таяк жеди


Cузак районундагы жаңы мектеп, 1-сентябрь, 2017-жыл. (сүрөттүн окуяга тиешеси жок)
Cузак районундагы жаңы мектеп, 1-сентябрь, 2017-жыл. (сүрөттүн окуяга тиешеси жок)

Сузак районунда 67 жаштагы пенсионер мугалим Юрий Губайдулин өзүнүн мурунку окуучуларынан таяк жеп, ооруканада жатат.

Ардагер педагог окуяга байланыштуу мыйзамдуулукту камсыз кылып берүүнү суранып мамлекет башчысына кайрылды. Айылда суу талаштын айынан чыккан чырды милиция териштирүүдө.

67 жаштагы Юрий Губайдулин учурда Жалал-Абад шаарындагы облустук клиникалык ооруканада дарыланып жатат. Бейтапка эки күн мурда операция жасалган. Оорукананын бейтап жаткан бет-жаак бөлүмүнүн башчысы Абдыкадыр Исаев буларды айтты:

Абдыкадыр Исаев.
Абдыкадыр Исаев.

«Сузак районунун Ленин айылынын тургуну Юрий Губайдулин бизге 25-августта келип түшкөн. Жаак сөөктөрүнөн эки тараптан тең жарака кетип сынган. 2-сентябрь күнү анын жаагына операция жасалып, шина койдук. Бардык дары-дармектерин убагында алып жатат, абалы канааттандырарлык десек болот».

Юрий Губайдулин ден соолугуна залал келтиргенин айтып, айылдаштарын айыптап жатат. Окуя 25-августка караган түнү болгон. Ал тамаркасына сугат суу буруп келгени барып, суу талаштан улам токмок жеген. Губайдулин өзүн бир тууган Молдобаевдер токмоктогонун айтты:

«Ошол күнү сугат сууну пайдалануунун кезеги мага келген болчу. Саат 23:00 чамасында арыкта суу азая баштап, бир нече убакыттан кийин такыр келбей калды. Сууну карамак болуп көчө бойлой басып баратып, кесилиштен кошунам Эмирлан Толубаевди жолуктуруп калдым. Ал сууну өзү тарапка буруп жатыптыр. Мен ага кезек биздики экенин түшүндүрүүгө аракет кылдым.

Юрий Губайдулин.
Юрий Губайдулин.

Экөөбүз кайым айтыша кеттик, ал өзүнүн агасына телефон чалып жаткан. Ошол учурда Эмирлан жерден кетменди алып мени чаап жиберди. Мен эстен танып жыгылып калдым. Бетиме урулган соккудан улам эсиме келдим. Эмирландын салмагы 100 килограммдык абасы Элдияр Молдобаев менин үстүмө отуруп алып сабап жаткан экен. Анан мен ага катуу кыйкырганымда иниси экөө кетип калды. Алган жараатымдан улам эптеп үйгө жеттим. Мен эч кимге кол көтөргөн эмесмин».

Маалым болгондой, жабырлануучу Сузактын Ленин айылындагы Юрий Гагарин атындагы орто мектепте 45 жылдан бери орус тил жана адабияты мугалими болуп эмгектенет. Жубайы Альфия Абдулина да ушул эле мектепте бир топ жыл бою директор болуп иштеп, беш жыл мурда ардактуу эс алууга чыккан. Улгайган курактагы бул үй-бүлөнүн төрт баласы Орусияда жашайт.

Альфия Абдулина.
Альфия Абдулина.

«Биздин туугандарыбыз менен балдарыбыз - баары Орусияга кетип калган. Күйөөм экөөбүз мектеп жана окуучулар деп ушул жерде калганбыз. Эми келип өз окуучуларыбыздан таяк жеп жатабыз. Талаадан бети-башы кан болуп келгенин көрүп чочуп кеттим. Артынан машине менен Тимур Молдобаев, баласы Эмирлан Толубаев жана тууганы Темирлан үчөө келиптир. Тимур жинденген абалда чалымды бетке чаап жиберди. Анан дароо мен аларды короодон бакырып кууп чыктым. «Менин балама кол көтөрүпсүң, сени кууп чыгам, өлтүрөм», - деп кыйкырган бойдон кетип калышты», - деди Альфия Абдулина.

Бул окуядан улам Ленин айылынын 17 жаштагы тургуну Эмирлан Толубаев да мээси чайкалып, Сузактагы Октябрь аймактык ооруканасында бир жума дарыланып чыкты. Окуяга катышканы сөз болгон 55 жаштагы Элдияр Молдобаев өз версиясын ортого салды:

Менин атамдын атын атап, акаарат келтиргени үчүн ага мындай кылбашы керек экенин айттым.

«Бир тууган иним Тимурдун баласы Эмирлан ардагер мугалим Юрий Борисович менен «талаада суу талашып жатам» дегенинен баргам. Мен барганга чейин эле алар сөз талашып калышкан экен. Менин атамдын атын атап, акаарат келтиргени үчүн ага мындай кылбашы керек экенин айттым. Дароо ал колундагы күрөгү менен бизди чаап кирди. Ошентип Эмирлан колундагы кетмени менен өзүн коргоп, ал экөө урушуп кетишти. Иним анын үстүнө чыга калып, бир-эки жолу бетке коюп салды. Баары ачуу үстүндө бир заматта болуп кетти. Бул окуядан соң биз кечирим сураш үчүн алардын үйүнө, ооруканага чейин бардык. Бирок алар бизден бир топ сумма каражат талап кылып, жарашууга келбей жатат. Биз тараптан кеткен кемчиликтердин баарын мойнубузга алабыз жана ден соолугун калыбына келтирүүгө кеткен чыгымдарын төлөп берүүгө да даярбыз».

Сузак райондук ички иштер бөлүмүнө Юрий Губайдулин жана Молдобаевдер да арыз менен кайрылган. Бул окуя «ээнбаштык» катары бирдиктүү реестрге катталып, учурда сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Эки тарапка тең соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Юрий Губайдулин бул багытта президентке жана «Кылым шамы» укук коргоо уюмуна кайрылган. Аталган уюмдун өкүлү Абдуназар Маматисламов мындай маалымат берди:

Абдуназар Маматисламов.
Абдуназар Маматисламов.

«Аксакалдын ишин карап жаткан тергөөчү менен сүйлөшкөнүмдө жабырлануучуну суракка ала элек экенин, эки тарапты беттештирүү жүрө элек экенин айтты. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгын сурасам «чыга элек» деди. Ошол соттук-медициналык экспертизанын кызматкерлерине 2-сентябрда бардым, алар бул кишинин өздүк ишин издеп калышты. Ал күнү мугалим операция болду. Ушул күнгө чейин эксперттер келе элек. Тергөөчү да соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатат. Ардагерге кол көтөргөндөр таасирдүү адамдар болгондуктан тергөөгө да тоскоолдук кылышы мүмкүн деген негизде президенттин атына кат жазыптыр».

Ардагер мугалимге кол көтөргөнү кеп болгон адамдар анын мурунку окуучулары экени белгилүү болду. Юрий Губайдулин 45 жыл бою өзү эмгектенген Юрин Гагарин атындагы мектептеги ишин токтотту. Алардын үй-бүлөсү Ленин айылына 1970-жылдары Жалал-Абад шаарынан көчүп барган. Учурда айылда башка улуттардын саналуу гана өкүлдөрү калды.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG