Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:45

Ананьево: эки өмүрдү жалмаган каргаша

Жарылуу болгон жер. Ананьево
Жарылуу болгон жер. Ананьево

Ысык-Көл районунун Ананьево айылында эки адамдын өмүрүн алган газ куюучу станциядагы жарылуу боюнча кылмыш иши козголду.

Бул тууралуу Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев "Азаттыкка" билдирди. Анын айтуусунда, кылмыш иши техникалык коопсуздук сакталбаганына байланыштуу козголду. Ишти иликтөө үчүн прокуратура, милиция жана Экотехинспекциянын кызматкерлеринен турган атайын штаб түзүлдү.

Газ куюучу жердеги жарылуу боюнча кылмыш иши козголгонун Өзгөчө кырдаалдар министрлиги да ырастады.

Аким ошондой эле газ куюучу жайдын ээси аныкталып жатканын да кошумчалады.

Данир Иманалиев мурдараак "Азаттыкка" маек куруп, жарылуу болгон бекет май айында эле Экотехинспекциянын кызматкерлери тарабынан жабылганын, резервуар пломба менен бекитилгенин маалымдаган.

- Бүгүн эртең менен штаб өткөрдүк, Экотехинспекция май айында текшерүү жүргүзүлүп, 31-майда акт түзүлүп, пломба басылган экен. Эмне себептер менен ал дагы эле ишин улантып келгени учурда текшерилип жатат.

Өрттөн жабыркагандар үч күндөн кийин Бишкекке которулары маалым болду.

“Азаттык” радиосуна Ысык-Көл аймактык ооруканасынын жетекчи орун басары Талант Такенеев билдиришинче, учурда жабыркагандардын абалы оор. Бишкектеги ооруканадан күйүктөр бөлүмүнөн дарыгерлер барып жабыркагандардын абалы менен таанышып келди.

- Алар дайыма көзөмөлдө болуп турат. Үч күндөн кийин, шок абалдан чыккандан соң Бишкек шаарына которулат. Оорулууларга кан, дары-дармек жетиштүү. Күйүктүн проценти жогору болгондуктан алдын ала айтуу эрте. Шок абалдан чыкканга чейин жандандыруу бөлүмүндө болушат.

Азыр реанимацияда беш адам, хирургия бөлүмүндө эки адам жатат. Реанимациядагы жабырлануучулардын баары денесинен 60 пайыздан 90 пайызга чейин күйүк алышкан. Бирине амбулатордук жардам берилген соң үйүнө кеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, 19-июнда кечки саат 17.10до аталган айылдагы газ сатуучу жайда өрт чыгып, газ баллондор жарылган. Эки адам окуя болгон жерде күйүп кеткен. Алар атасы жана анын 3-класстагы уулу экени маалымдалды. Сегиз киши ар кандай жараат алып, ооруканага жеткирилген.

Кырсыктан бир газ ташуучу автоунаа, эки портер, бир жеңил машине жана 500 даана газ баллон өрттөндү. Өрт саат 21:15те толук өчүрүлгөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарылуунун себептерин кабарлай элек.

Кырсыкка байланыштуу президент Алмазбек Атамбаев Ананьево айылындагы газ куюучу станциядагы жарылуудан улам каза тапкандардын туугандарына көңүл айтты жана материалдык жардам көрсөтүү боюнча тапшырма берди. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн маалымдашты.

Мурдараак премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү бардык газ куюучу бекеттердин техникалык абалын текшерип, тиешелүү талаптарга жооп бербегендерин жабууну буйруган.

Ананьеводогу жарылуу

Ысык-Көл районунун Ананьево айылындагы эки адамдын өмүрүн алган газ куюучу жайдагы жарылуудан жараат алгандар жергиликтүү ооруканадан Чолпон-Атадагы аймактык бейтапканага которулду. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, кырсыктан жараат алган сегиз адам ооруканага жеткирилген. Бирине амбулатордук жардам берилген соң үйүнө кеткен.
1/11 Ысык-Көл районунун Ананьево айылындагы эки адамдын өмүрүн алган газ куюучу жайдагы жарылуудан жараат алгандар жергиликтүү ооруканадан Чолпон-Атадагы аймактык бейтапканага которулду. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, кырсыктан жараат алган сегиз адам ооруканага жеткирилген. Бирине амбулатордук жардам берилген соң үйүнө кеткен.
Ысык-Көл районундагы Ананьево айылында газ сатуучу жайда газ баллондор жарылып, андан эки адам мерт болду.
Азыр реанимацияда беш адам, хирургия бөлүмүндө эки адам жатат. Реанимациядагы жабырлануучулардын баары денелеринен 60 пайыздан 90 пайызга чейин күйүк алышкан. Абалдары оор.
2/11 Азыр реанимацияда беш адам, хирургия бөлүмүндө эки адам жатат. Реанимациядагы жабырлануучулардын баары денелеринен 60 пайыздан 90 пайызга чейин күйүк алышкан. Абалдары оор.
Ысык-Көл районундагы Ананьево айылында газ сатуучу жайда газ баллондор жарылып, андан эки адам мерт болду.
Хирургия бөлүмүндөгү экөөнүн денелеринин 45 пайызы күйгөн. Аларга жардам берүү үчүн Бишкектен дарыгерлер тобу чыгып кетти.<br />
3/11 Хирургия бөлүмүндөгү экөөнүн денелеринин 45 пайызы күйгөн. Аларга жардам берүү үчүн Бишкектен дарыгерлер тобу чыгып кетти.
Ысык-Көл районундагы Ананьево айылында газ сатуучу жайда газ баллондор жарылып, андан эки адам мерт болду.
<p>Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, 19-июнда кечки саат 17.10до аталган айылдагы газ сатуучу жайда өрт чыгып, газ баллондор жарылган. Эки адам окуя болгон жерде күйүп кеткен. Алар атасы жана анын 3-класстагы уулу экени маалымдалды. Сегиз киши ар кандай жаракат алып, ооруканага жеткирилген.</p>
4/11

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, 19-июнда кечки саат 17.10до аталган айылдагы газ сатуучу жайда өрт чыгып, газ баллондор жарылган. Эки адам окуя болгон жерде күйүп кеткен. Алар атасы жана анын 3-класстагы уулу экени маалымдалды. Сегиз киши ар кандай жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Ысык-Көл районундагы Ананьево айылында газ сатуучу жайда газ баллондор жарылып, андан эки адам мерт болду.
Кырсыктан бир газ ташуучу автоунаа, эки портер, бир жеңил машине жана 500 даана газ баллон өрттөндү. Өрт саат 21:15те толук өчүрүлгөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алгач бул газ куюучу жай &ldquo;Газпром&rdquo; компаниясына тиешелүү деген маалымат таратып, кийинчерээк менчик станцияда жарылуу болгонун билдирди. Жарылуунун себептери кабарлана элек.&nbsp;
5/11 Кырсыктан бир газ ташуучу автоунаа, эки портер, бир жеңил машине жана 500 даана газ баллон өрттөндү. Өрт саат 21:15те толук өчүрүлгөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алгач бул газ куюучу жай “Газпром” компаниясына тиешелүү деген маалымат таратып, кийинчерээк менчик станцияда жарылуу болгонун билдирди. Жарылуунун себептери кабарлана элек. 
Ысык-Көл районундагы Ананьево айылында газ сатуучу жайда газ баллондор жарылып, андан эки адам мерт болду.
Газ куюучу станциядагы жарылуу боюнча кылмыш иши козголо элек. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан &quot;Азаттык&quot; радиосуна билдиришти. Маалыматка караганда, кылмыш ишин козгоо маселеси Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрттүн себептерин аныктагандан кийин чечилет.&nbsp;
6/11 Газ куюучу станциядагы жарылуу боюнча кылмыш иши козголо элек. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан "Азаттык" радиосуна билдиришти. Маалыматка караганда, кылмыш ишин козгоо маселеси Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрттүн себептерин аныктагандан кийин чечилет. 
Ысык-Көл районундагы Ананьево айылында газ сатуучу жайда газ баллондор жарылып, андан эки адам мерт болду.
Маалыматка караганда, жарылуу болгон газ куюучу жай жеке ишкер Виктор Бориского таандык. Алгач ӨКМ жарылуу &ldquo;Газпром&rdquo; компаниясына тиешелүү станциянын биринде чыкканын билдирип, кийинчерээк ал маалыматты четке какты.
7/11 Маалыматка караганда, жарылуу болгон газ куюучу жай жеке ишкер Виктор Бориского таандык. Алгач ӨКМ жарылуу “Газпром” компаниясына тиешелүү станциянын биринде чыкканын билдирип, кийинчерээк ал маалыматты четке какты.
Ысык-Көл районундагы Ананьево айылында газ сатуучу жайда газ баллондор жарылып, андан эки адам мерт болду.
Өрт өчүрүүчүлөр газ саткан станцияга жакын жайгашка май куючу жайда 25 тонна күйүүчү майды суу менен муздатып, өрттүн жайылышынын алдын алышкан. Кырсыктан 30 тонна цистернасы менен ДАФ үлгүсүндөгү автоунаа, РЕНО үлгүсүндөгү машиненин бир бөлүгү, ГАЗ-53 цистернасы менен, Газель унаасы цистернасы менен жана бир жеңил машине күйгөн.&nbsp;
8/11 Өрт өчүрүүчүлөр газ саткан станцияга жакын жайгашка май куючу жайда 25 тонна күйүүчү майды суу менен муздатып, өрттүн жайылышынын алдын алышкан. Кырсыктан 30 тонна цистернасы менен ДАФ үлгүсүндөгү автоунаа, РЕНО үлгүсүндөгү машиненин бир бөлүгү, ГАЗ-53 цистернасы менен, Газель унаасы цистернасы менен жана бир жеңил машине күйгөн. 
Ысык-Көл районундагы Ананьево айылында газ сатуучу жайда газ баллондор жарылып, андан эки адам мерт болду.
9/11
Ысык-Көл районундагы Ананьево айылында газ сатуучу жайда газ баллондор жарылып, андан эки адам мерт болду.
10/11
Ысык-Көл районундагы Ананьево айылында газ сатуучу жайда газ баллондор жарылып, андан эки адам мерт болду.
11/11
Ысык-Көл районундагы Ананьево айылында газ сатуучу жайда газ баллондор жарылып, андан эки адам мерт болду.
Артка
Алдыга

  • 16x9 Image

    Асеин Маданбеков

    "Азаттыктын" Ысык-Көл облусу боюнча кабарчысы. 2015-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Куржундар
XS
SM
MD
LG