Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:54

"Өзүмдүн колумду сагындым..."


Эки колунан ажыраган Замирбек Кыдыров. 6-февраль, 2019-жыл.
Эки колунан ажыраган Замирбек Кыдыров. 6-февраль, 2019-жыл.

“Ош жылуулук камсыздоо” ишканасында токко урунуп, эки колунан ажыраган электрик төрт айдан бери кенемте ала албай жатат. Өзү "Ош электро" мекемесинде иштеген Замирбек Кыдыров эки ишкана тең ага көңүл бурбай жатканына даттанууда.

Ал эми аталган мекеменин өкүлдөрү кырсык иликтенип бүтө элек болгондуктан кенемте маселеси бир жаңсыл болбой жатканын жүйө келтиришти.

Замирбек Кыдыров соо турган эки колунан ажырап, учурда Бишкек шаардык №4 ооруканасында дарыланып жатат. Ал 2018-жылдын 15-октябрында Ош жылуулук камсыздоо ишканасында кышка даярдык учурунда жогорку чыңалуудагы токко урунуп, эки колунан төртүнчү даражадагы күйүк алган.

- Кырсык айтып келбейт экен да, - дейт ал. - Көп жылдан бери иштеп келаткандыктан тажрыйбам деле бар болчу. Кырсыктан эки колум күйүп, дарыгерлер эки колумду тең сактап кала алышкан жок. Ушуга чейин 8-9 жолу операция болдум. Протез салса болот экен. Бирок өзүмдүн колумду сагынып атам. Колуң жок болсо кыйналат экенсиң. Же тамак иче албайсың. Эгер протез салынса кыйла эле жеңил болмок. Ага аракет кылып жатабыз. Бирок Интернеттен карасак кымбат экен. Аны азыр бир туугандар менен сүйлөшүп атабыз. Протезди чет мамлекеттен жасатып келиш керек экен.

Алардын эсеби боюнча Замирбекке эки жасалма кол салыш үчүн жок эле дегенде 3 млн. рубль керек болуп турат. Бул Орусияда жасала турчу протездин гана баасы. Дарыгерлердин кызмат акысын, дары-дармектерди кошкондо кыйла эле каражат кетет. Жубайы Жыпаргүл Самидинова жолдошун төрт айдан бери ооруканада карап жаткандыктан мектеп жашындагы үч кызын Ошко таштап келүүгө аргасыз болушкан.

- Тамак-ашын беребиз. Өзүн-өзү тейлей албайт. Жада калса дааратканага да өзү бара албайт. Башыбызга кандай сыноо түшсө да аны бирге көтөрүп жатабыз. Ошто мектепте окуган үч кызым калды. Аларды апам карап атат, - деди аялы.

Эң кызыгы - Замирбек Кыдыров өзү иштеп жаткан «Ош электро» ачык акционердик коомунда эмес, Ош жылуулук камсыздоо ишканасында токко урунган. Ал кырсыкка кабылган ишканада мурда иштеп кеткен экен.

Кыдыровдун эжеси Санабар Кыдырова «Ош электронун» ошол кездеги бөлүм башчысы Акылбек Кабулов, иниси жана дагы бир кызматкер үчөө Ош жылуулук камсыздоо ишканасында кошумча кызматта иштеп жүрүшкөнүн айтты. Ал «кырсык болгон күнү Ош жылуулук камсыздоо ишканасына иним Кабуловдун тапшырмасы менен барган» деп жатат.

Санабар Кыдырова.
Санабар Кыдырова.

- Буга чейин Акылбек Кабулов, Мамай деген кызматкер менен иним үчөө Ош жылуулук камсыздоо ишканасына жазылып, иштеп келген, - деди Санабар Кыдырова. - Алар 2007-жылдан бери жыл сайын ушундай кылышчу. Эгер кандайдыр бир мүчүлүштүк чыкса иним барып турган. Бирок иним жасаган жумушту жок эле дегенде бир бригада аткарышы керек болчу. Ош жылуулук камсыздоо ишканасы ошондуктан үч кишини кызматка алган да. Бирок иним эле иштеп, калгандарынын эсебине жөн эле акча түшүп турган. Ошондуктан мен иним кызматтык кулчулукта жүргөн деп эсептейм.

Ал эми «Ош электронун» мурдагы бөлүм башчысы Акылбек Кабулов Замирбек Кыдыровго 15-октябрда Ош жылуулук камсыздоо ишканасына барууну тапшырбаганын айтты:

- Мен ал күнү Замир Ош жылуулук камсыздоо ишканасына кеткенин да билген эмесмин. Замир ага чейин ишемби жана жекшемби күндөрү да иштеген экен. Бизде Мамай деген жигит бар. Замир Ош жылуулук камсыздоо ишканасына барып токко урунуп калганын түштөн кийин ошол жигиттен уктум. Замир өзү барган экен да. Мен ага «ошол жакка барып иште» деп айткан эмесмин.

Кырсыктан кийин кызматтык иликтөө болуп, Акылбек Кабулов да, Замирбек Кыдыров да жумуштан алынган.

Замирбек Кыдыровдун жакындары анын ден соолугу менен алпурушуп жатып, кенемте төлөтүү маселесине көңүл бурушкан эмес. Бул боюнча кийинчерээк эжеси Санабар Кыдырова «Ош электрого» кайрылган. Бирок жыйынтык чыкпагандыктан январдын аягында ишти иликтөөнү жана кенемте өндүрүп берүүнү өтүнүп Башкы прокуратура менен Ош шаардык прокуратурасына арыз жазган. Алардан азырынча жооп боло элек.

«Ош электро» ишканасынын директору Дыйканбай Даминов бул ишти атайын комиссия иликтеп чыгып, «кенемтени Ош жылуулук камсыздоо ишканасы төлөйт» деген чечим чыгарганын айтып жатат. Ал Кыдыров «Ош электродо» иштегени менен жетекчиликке билгизбей Ош жылуулук камсыздоо ишканасында да кошумча жумуш кылып жүргөнүн баса белгиледи:

Дыйканбай Даминов.
Дыйканбай Даминов.

- Ал бизден уруксат сурап кетип, Ош жылуулук камсыздоо ишканасына барып жумуш кылган. Башкача айтканда туура эмес ишке барган. Көрсө ал жакта да иштейт экен. Кырсык биздин ишканада болгон жок да. Демек, кенемтени Ош жылуулук камсыздоо ишканасы төлөп берет. Комиссия «кырсык Ош жылуулук камсыздоо ишканасында болгон. Кенемтени да алар төлөп берет» деген чечим чыгарыптыр. Эгер комиссия бизди төлөп берсин деп чечим чыгарса, төлөп беребиз. Бирок Ош жылуулук камсыздоо ишканасы «кенемте берем» деп мойнуна алыптыр.

Деген менен Ош жылуулук камсыздоо ишканасы Дыйканбай Даминовдун сөздөрүн четке какты. Ишкананын басма сөз кызматкери Абай Большевиков Кадыров муниципалдык ишканада мурда иштеп кеткенин ырастады. Ал азырынча комиссиянын бүтүмү чыга элек экенин белгилеп, кенемте маселеси боюнча буларга токтолду:

- Беш адамдан турган комиссиянын ал денесинен канчалык деңгээлде жаракат алганын жана «Ош электро» канча кенемте, Ош жылуулук камсыздоо ишканасы канча кенемте төлөп бериш керек экенин так аныктаган корутундусу чыга элек экен. Эгер комиссиянын текшерүүсү жыйынтыкталып, алган жаратынын өлчөмүн аныктап берсе ишкана аны төлөп берүүгө даяр.

Замирбек Кыдыров «Ош электро» ишканасында электротехник болуп 2005-жылдан бери иштеп келген. Кыдыровдун туугандары ушул күнгө чейин анын дары-дармегине эле 200 миң сом каражат кеткенин айтышты.

Буга чейин «Ош электронун» кесиптик жамааты жардам иретинде Кыдыровго 150 миң сом, Ош жылуулук камсыздоо ишканасынын кызматкерлери 180 миң сом чогултуп беришкен. Санабар Кыдырова бул каражаттарды алганын билдирди.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG