Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:14

"Мекен шейиттери" ич ара келише албай жатат


Жабырлануучулардын бири Жаңыл Иманкулова “Мекен шейиттери” уюмунун жетекчилери алардын атынан акча жасап, коомдук бирикмени саясий куралга айлантып алышты деп айыптап чыкты.

Аталган уюмдун жетекчилиги Иманкулова өзү 7-апрель окуясы боюнча соттолуучулардын таламын талашып жатат деп, дооматты четке какты.

Жаңыл Иманкулова “Мекен шейиттери” уюмунун жетекчилери 7-апрелде жакындарын жоготкондордун аты менен ири өлчөмдө акча жасашкан деп айыптап чыкты. Анын айтымында, жетекчилик ар кайсы жактан келген акчалай жана материалдык жардамдар боюнча жабырлануучуларга отчет берген эмес.

Иманкулова төрага Жамансариев өзү жабырлануучу болбосо да аталган уюмду жетектеп, анын арты менен өзүнүн кызыкчылыгына иштеди деп сынга алды:

Сүрөттө: 7-апрелде окко учкандарга куран окулуп жатат, 7-апрель, 2011-жыл
Сүрөттө: 7-апрелде окко учкандарга куран окулуп жатат, 7-апрель, 2011-жыл
- Шейиттердин атына жамынып алып, алар акча топтошкон. Жабырлануучуларга деп ар кайсы жактан келген жардамдардын азыркыга чейин дайыны жок. Муну уюмдун банктагы эсебине которулган акча боюнча маалыматтар аркылуу деле тактаса болот. Осунбек жана Арстан экөө кабат-кабат тамдарды салып, кычыраган кымбат машинелерде жүрүшөт. Ошонун бардыгы каяктан келди деп сураган эч ким жок. Алар биздин балдардын канын пайдаланып, жыргап жашашсын, биз болсо балдарыбызды ким өлтүргөнүн билбей, тентип жүрө берелиби?

Иманкулова 7-апрелде жакындарын жоготкондор саясий курал катары колдонулуп, ошол кездеги президенттик аппараттын жетекчиси Эмил Каптагаевдин көрсөтмөсү менен иштешкенин айтып чыкты. Жаңыл Иманкулова аларды өздөрүнүн мүдөөлөрүн ишке ашыруу үчүн пайдаланып жатышканын түшүнгөндөн кийин гана андай акциялардан баш тартканын айтты:

- Ошол митингдердеги тасмаларды карасаңар биринчилерден болуп кайсы гана жерде болбосун мен да жүрөм. Осунбек менен Арстанбек экөө Каптагаев “ушундай кылгыла деди” деп бизге айтчу. Биз барып, кайсы гана митинг болбосун титиретип, кыйкырышып жүрдүк. Бирок мен кийин түшүнүп, алардын арасынан чыгып кеттим.

“Мекен шейиттери”: Иманкулованы айдактап жатышат

Бул боюнча комментарий алуу үчүн Эмил Каптагаев менен байланышууга мүмкүн болгон жок. “Мекен шейиттери” уюмунун жетекчилиги Иманкулованын айткандарын четке кагып, атайын маалымат жыйынын өткөрдү. Алар Иманкулованы уюмду жаманатты кыл деп айдактаган күчтөр бар деп күмөн санашат.

Коомдук бирикменин төрагасы Осунбек Жамансариев 7-апрелде кандай жагдайда каза болгону белгисиз жарандардын жакындарын аларга каршы коюп жатышканын белгиледи:

Бишкек, 7-апрель, 2010-жыл
Бишкек, 7-апрель, 2010-жыл
- 87 адам 7-апрель окуясында набыт болгон деп айтылганы менен анын ичинен 77си гана аянтта окко учканы далилденген. Калгандары ар кайсы жерде, белгисиз жагдайларда набыт болушкан. Мына ошол он баланын туугандарын бизге каршы тукуруп жатышкандай. Белгисиз жагдайда уулу каза болгон Иманкулова да ошонун негизинде биздин уюмду каралап жүрөт. Алар мына ушул эжеге окшогондорду колдонуп, 7-апрелдеги окуянын маанисин төмөндөтүүнү көздөшөт.

Анткен менен учурунда Эрланбек Өмүралиев бийлик тарабынан баатыр деп таанылып, анын жакындарына бир миллион сом жана акысыз батир берилген. Бирок “Мекен шейиттеринин” дагы бир мүчөсү Кубаныч Тажибаев Эрланбек Өмүралиев 7-апрелде белгисиз жагдайда башынан сокку жеп, Сокулукта каза болгону тергөөдө далилденген деп айтып чыкты:

- Соттук-медициналык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча да Иманкулованын уулу кайсы бир жерден белгисиз бирөөлөрдүн колунан катуу буюм менен башка сокку жеп, Сокулуктун ооруканасынан каза болгон экен. Ошол аялды айыпталып жаткандардын тарабы пайдаланып, атайын жасалган чагымчыл аракеттерди жүргүзүп жатышат. Бирок биз өз ара бөлүнүп-жарылууга жол бербейбиз.

Жаңыл Иманкулова уулуна байланышкан мындай билдирүү үчүн “Мекен шейиттери” уюмун сотко бере турганын жарыялады. Бирок 7-апрель окуясы боюнча жабырлануучулардын ортосундагы бирин-бири айыптоолордун чыныгы себептери коомчулукка белгисиз бойдон калды.

XS
SM
MD
LG