Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:20

“Апрел баатырлары” четинен кемип баратат


Бишкек, 7-апрель, 2010-жыл
Бишкек, 7-апрель, 2010-жыл

Апрель окуясында ок жаңылып, жарааты айыкпай каза болгондордун саны 12ге жетти.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү апрел окуясында жабыркагандардын каза болушу алган жарааттарына байланышы жок экендигин билдиришүүдө.

Дагы бирөөнү узатышты

Нарын облусундагы Жаңы-Талап айылынын тургуну, 48 жаштагы Темирбек Өмүров 7-апрелде алган жарааты айыкпай, жакынкы күндөрү көз жумду.

Өмүровдү
жерге берүү зыйнатына катышып келген “Айкөл-Ала-Тоо” коомдук кыймылынын мүчөсү Ормон Мусабеков былтыр алган жараатынан улам ден соолугунан ажырагандар арбып баратканына кабатыр.

7-апрелде жараат алгандар.
-Мен билгенден эле жарадар жигиттердин арасынан 12 адам кете берди. Кечээ дагы бирөөнүн сөөгүн жерге бердик. Анын оң бутуна ок тийип, сөөгүн талкалап кеткен. Жакында эле бутундагы аппаратты алган экен. Бирок ириң жогору чаап кетиптир.
Ок жаңылып, жүрөктү жулуп кетпеген соң жеңил жараат деп эле жазып койгон. Бирок ошолордун тең жарымы азыр араң эле жүрөт. Ден соолук начар, күндөн-күнгө начарлап жатат.


Ормон Мусабековдун өзүнө да 7-апрел күнү Ак үйдүн алдында элди баштап жүргөндө жүрөк тушка ок жаңылган. Мусабеков "Кудайдын амири менен гана аман калдым окшойт" деп ал күндү эскерүүдө.

- Атаар замат мен бурулуп калсам керек. Алла тааланын буйругу менен гана жаным аман калды деп ойлойм. Эгер мээлегени боюнча түз турганымда жүрөктү, омурткаларды талкалап кетмек. Ок сол жактан келип, эки далынын ортосуна жүрөк тушка тийген экен.

Оогандан соо калып, өз жеринде ок жеген

Ал эми Ооган согушунун катышуучусу Азисбек Абдылдаев 7-апрел күнү сол көзүнөн ажыраган. Ал Ооганстандан башы бүтүн келип, өз жеринде ок жаңылганына арман кылат. Ал көзүн дарылатуу үчүн Москвага чейин барып, бирок дарыгерлер мындай оор операцияны жасай албасын билдиришкен. Бул сыяктуу операция Германияда гана жасалат экен.

Бишкек, 8-апрель, 2010-жыл
Абдылдаевдин айтымында, ал жакка барууга өзүнүн чамасы жетпейт, ал эми көмөктөшүүгө мамлекеттин да мүмкүнчүлүгү жок болуп жаткандай.

- Ок көзүмө тийип, баарын чачыратып кетти. Сөөгүн да сындырып кетти. Жөнөкөй ок болгондо кирип эле чыгып кетмек. Ал тийип анан чачырай турган ок болгон. Москвага дарылатуу үчүн барсам биринчи пластикалык операция жасатуу зарыл экендигин айтты. Ансыз көздүн протезин салбайт экен.

Ошентсе да Абдылдаев тирүү жүргөнүнө каниет кылат. "Эптеп эле көзүмдү айыктырып алсам төрт баламды эч нерседен кем кылбай багып алам" деп үмүт кылууда.

- Ден соолугумду жаман деп айта албайм. Кудайга шүгүр жакшы эле. Бирок көз да керек экен. Жок дегенде өң-түс керек экен. Азыр эми айыкканча кайдагы жумуш?! Айыгайын, анан төрт баламды бакканга алым жетет деп ойлойм.

Түкшүмөл суроолор

“Мекен шейиттери” кыймылынын төрагасы Осунбек Жамансариев апрел окуясында жараат алгандардын бир жылдан кийин да четинен каза болуп жатышы коомчулукта түрдүү суроолорду жаратып жатканын айтат. Анын айтымында, алардын көпчүлүгү жүрөк дартынан каза болду деген жыйынтык чыгарылууда. Ушул күнгө чейин 12 адам каза тапканын Жамансариев белгиледи.

- "Эмне үчүн каза болууда" деп көпчүлүк суроо берүүдө. Себеби жүрөктүн алсызданышы деп эле каза болуп жатышат да. Жалпылап айтканда стресс алышы да, нес (шок) болушу да мүмкүн. Алардын каза болушуна октун таасири канчалык экендигин адистер аныктап, корутунду чыгарып берет.

7-апрелде жараат алгандардан түзүлгөн “Айкөл Ала-Тоо” коомдук кыймылы бул көрүнүшкө тынчсызданып, Саламаттык сактоо министрлигине жана Республикалык соттук-медициналык экспертизага кайрылган.

Бишкек, 7-апрель, 2010-жыл
Саламаттыкты сактоо министрлигинин адиси Айнагүл Касымалиева декабрдан бери эле апрел окуясында ок жаңылган жети адам каза болгондугун билдирди. Бирок алардын биринин да октун кесепетинен каза болгондугу аныкталган эмес экен.

- Комиссиянын жыйынында каза болгон жети киши боюнча маселе каралган. Анда "эмне үчүн каза болуп жатат" деген суроо коюлган. Жүрөк дартынан каза болушууда, мындан эч ким сактана албашы айтылган. Алардын каза болушу октон алган жараатка байланышы жок деп белгиленген.


Бул ойду Республикалык соттук-медициналык экспертизанын жетекчиси Илияс Бегилеров да бекемдөөдө. Ал каза болгондорду текшергенде жарааттарынан экендиги аныкталган эмес дейт.

- Коомчулукта "ошол октор ууланганбы, балким ошонун кесепетинен улам каза болуп жатабы" деген суроолор туулуп жатат. Мен адис катары айтат элем, кээ бирлери инсульттан улам каза болушкан. Мында мээге кан куюлуп кетет. Ошондон улам алардын каза болушунун негизги себеби 7-апрел окуясына байланыштуу деп айтуудан алысмын. Арасында муунуп өлгөн бир адам бар.

Анткен менен адистер апрел окуясында каза болгондор моралдык-психикалык жактан жабыркагандарын четке кагышпайт.

2010-жылы 7-апрелде 306 адам жараат алып, 87 адам набыт болгон. Набыт болгондорго мамлекет тарабынан 1 миллион сом жана батир берилген. Эгер кийинки каза болгондордун себеби алган жарааттарынан экендиги аныкталса, аларга да 1 миллион сом жана батир берилиши керектигин Жамансариев белгиледи.

XS
SM
MD
LG