Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:41

СПИД коркунучу күч алды


ВИЧке экспресс-тест
ВИЧке экспресс-тест

Бүгүн, 1-декабрда дүйнө жүзүндө СПИДге каршы күрөштүн эл аралык күнү белгиленүүдө.

Кыргызстанда ВИЧти жуктуруп алгандардын саны жыл сайын көбөйүп жатат.

Жакында эле Республикалык СПИД бирикмеси Кыргызстанда ВИЧ жугузуп алган кишилердин расмий саны 2019-жылдын 1-ноябрына карата 9516 адамды түзгөнүн билдирди. Алардын 2013ү каза болгон.

Дарт жуккандардын 8994ү кыргызстандыктар, 522си чет элдиктер.

ВИЧке кабылгандардын 64% эркектер, 36% аялдар.

  • 14 жашка чейинкилер - 7,5;
  • 15-24 жаштагылар 12%;
  • 25-49 жаштагылар 70%;
  • 50дөн өткөндөр 10,5%.

Ооруга чалдыккандардын 47% корголбогон жыныстык катыш учурунда, 45,1% баңгизатты ийне менен сайынуу жана медициналык жабдуу аркылуу жуктурган. 2,8% энеден балага өтсө, 4,8% так аныктала элек.

Адистер расмий каттоого турбай жүргөндөр бар экенин эске алуу менен бул дартка кабылгандардын саны азыркы эсептен алда канча көп болушу мүмкүн экенин четке кагышпайт.

Сактыкта кордук жок...

Бир айдан бери Республикалык СПИД борбору Бишкек, Ош жана Кара-Суу шаарларынын базарларында ВИЧке тест тапшыруу өнөктүгүн өткөрүп келатат. ЮНЭЙДС (UNAIDS) уюму тест үчүн жабдууларды сатып берип, бул өнөктүккө медиа колдоо көрсөтүүдө.

Белгилей кетүүчү жагдай, купуя жана жашыруун шарттарда ВИЧке тест тапшыруу дүйнөлүк тренд болуп калды. ВИЧке шилекей боюнча тест тапшыруу илдетти эрте баскычында аныктоого, бул демек дарылоону баштоого жол ачат. Ал эми ВИЧ илдети аныкталбаган учурда адамга оорунун алдын алуу үчүн өз системасын пландап алууга жардам берет.

Экспресс-тест
Экспресс-тест


Ар бир адамдын өзүнүн ВИЧ-статусу бар. Кээ бир адамдардын статусу терс чыкса, айрым адамдарда оң чыгат. Бул жерде маанилүүсү – ар бир адам өз статусун билиши керек. Эгерде адамдын ВИЧ-статусу терс чыкса, ал өзүнүн жашоо образын карап чыгып, алдын алуучу чараларды көрө алат. Эгерде ВИЧ-статусу оң чыкса, токтоосуз дарылана башташы керек.

ВИЧти шилекей боюнча аныктоо өнөктүгүнүн алкагында ири базарларга Республикалык СПИД борборунун кызматкерлери келип, машинени токтотуп коюп, адамдарды ВИЧ статусун билип алууга чакырышты. Каалоочулар тестти атайын машиненин ичине кирип тапшырып жатышты. Ошондой эле дарыгерлер ВИЧ тууралуу маалымат берип турушту.

ВИЧ жуктурган аялдардын кордугу

Борбор Азия өлкөлөрүндө ВИЧке чалдыккан аялдардын саны жыл өткөн сайын көбөйүүдө.

Өзбекстанда бул илдетке кабылгандардын саны 40 миңге чамалуу болсо, анын тең жарымы аялдар. Кыргызстанда да жылына 300гө чамалуу аял ВИЧ илдетине кабылат.

ВИЧ/СПИД боюнча Евразиялык аялдар тармагы өз иликтөөсүндө белгилегендей, ВИЧ позитивдүү аялдардын дээрлик жарымы туруктуу иши жок, 21% эч жерде иштебейт.


Кыргызстанда 382 балага ВИЧ 2006-2007-жылдары ооруканада жаткан кезде жуккан. Алар Ош, Жалал-Абад шаарларында, Сузак, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн райондорунда жашайт. Дарыгерлердин катасынын айынан илдетке чалдыккан балдардын алды 20 жашка чыгып калды.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев - бул балдардын жөлөк пулуна байланыштуу мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири. Ал ВИЧ илдетин алып жүргөн балдардын ата-энелеринин талабы менен макул экенин «Азаттык» радиосуна билдирген:

Дастан Бекешев
Дастан Бекешев

- Мен бул боюнча мыйзам долбоорун жазгам. Мындан тышкары дарыгерлердин шалаакылыгы менен ВИЧ жуктурган балдарга бир жолу 100 миң сомдон кенемте төлөнүп берилсин деген да талап койгонбуз. Бирок аны өкмөт колдогон эмес. Өкмөт өз күнөөсүн сезип, бир жолку кенемтени төлөп берүүгө тийиш эле. Ал эми жөлөк пулду 18 жаштан кийин да төлөөнү улантуу маселесин биз мыйзамдаштырууга аракеттенип жатабыз.

ВИЧ илдетин алып жүргөн балдарга жөлөкпул жашыруун төлөнүп берилет. Учурда мындай акчаны 500гө жакын бала алат. Айрым ата-энелер баласынын бул дартка чалдыкканы тууралуу маалыматты жашыруун сактоо максатында жөлөкпулдан баш тарткан.

Ошол эле учурда илдетти түйүлдүк кезинде же энесинин сүтү аркылуу жуктуруп алган наристелер да бар. Балдарды дары-дармек менен Глобалдык фонд камсыздайт. Фонддун каржылоосу 2021-жылы токтойт.

ВИЧ - Кишинин иммундук жетишсиздик вирусу, акыркы стадиясы - СПИД. Учурда Кыргызстандагы ВИЧ илдеттүүлөр атайын программанын негизинде иммунитетти көтөрүүчү акысыз дарыларды дайыма ичип турушат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG