Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:53

"Ак-Кеме" мамлекетке өттү


Бүгүн эртең менен милиция кызматкерлери "Ак-Кеме" мейманканасын курчап, анда иштеген бардык кызматкерлерди чыгарды.

"Ак-Кемеге" милиция кызматкерлери барганын Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Адыл Оморов да ырастады. Анын айтымында, милиция коомдук коопсуздукту сактоо үчүн жиберилген.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун алдындагы "Мүлк" ишканасынын жетекчиси Орозбек Нусубалиев мейманкананы мамлекет өз карамагына алганын ырастады:

- "Ак-Кеме" мейманканасы соттун чечими менен Каржы министрлигинин балансына берилген. Министрлик Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун балансына быйыл февралда өткөрүп берген. Андан кийин биз көп жолу "Ак-Кеменин" жетекчилигине мамлекеттик имаратты бошотуп бергиле деп кайрылуу жасадык. Бирок алар бошотпогонуна байланыштуу мамлекет өз мүлкүн бошотуп алды. Мамлекеттик мүлк мамлекетке киреше бериши керек. Милиция болгону тартип бузуулар болбосун деп абалга көз салып турат. Объект чоң да. Эч кимге күч колдонгон жок. Милиция көмөк гана көргөздү. Имаратка биз кирдик. Мындан ары ал мамлекетке иштейт, - деди Орозбек Нусубалиев.

Ал эми “Ак-Кеме” мейманканасынын аткаруучу директору Белек Сарымсаков окуяны мамлекеттин баскынчылыгы катары сыпаттап, мыйзамдар одоно бузулганын айтты:

- Жетекчиликтин мындан аркы кадамы Европа жана КМШнын сотторуна кайрылуу, биз өз укугубузду аягына чейин талашабыз, – деди, - Сарымсаков.

“Ак-Кеме” мейманканасын түркиялык “Систем Мүхендислик” компаниясы түрк насыясына курган. 2005-жылы март ыңкылабынан кийин анын кожоюндары алмашкан. Бирок ал мамлекетке өтпөй, жеке тараптын башкаруусунда калган. Өкмөт өткөн айда аны өзүнө кайтаруу чечимин кабыл алган. Мейманкана жетекчилиги менчик ээси менен өкмөттүн ортосунда мүлктү тең бөлүү же болбосо айырманы төлөп берүү боюнча соттун чечими бар экенин айтып, бирок ага карабастан Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду мейманкананы өз карамагындагы ишканага өткөрүп берүүнү талап кылып жатканын айтып чыккан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG