Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:19

Суталиновду камоо талабы коюлууда

Мурат Суталинов 14-декабрда сот залында камакка алынып, кайра үй камагына бошотулган.

7-апрелде окко учкандардын жакындары Суталиновдун үй камагына чыгышына бийликтеги таасирдүү күчтөрдүн тиешеси бар деп шектенүүдө.

Жабырлануучулардын “Мекен шейиттери” жана “Айкөл Ала-Тоо” коомдук уюмдары соттон УКМКнын мурдагы төрагасы Суталиновдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, камакка алууну талап кылышты. Укук коргоо органдары болсо, Суталиновдун капыстан пайда болгондугу боюнча суроолорго жооп бере элек.

Жандырмактын түйүнүн эч ким чече элек

Суталинов капыстан пайдап боло калып, сот отурумунда жабырлануучулардын катышуусуз эле анан ага ушунчалык тездик менен үй камагына чыгаруу чечиминин чыгышы көп нерседен күмөн санатат...
Осунбек Жамансариев

7-апрель окуясында жабыркаган адамдар Суталиновдун бир жарым жылдан ашуун убакыттан бери табылбай жүрүп, капыстан пайда болушун укук коргоо органдарынын шалаакылыгы катары баалашты. Аны үй камагына чыгаруу чечимине кандайдыр бир таасирдүү күчтөр аралашкандыгынан шекшиген жабырлануучулар Суталиновду токтоосуз камакка алууну талап кылышты.

“Мекен шейиттери” коомдук бирикмесинин төрагасы Осунбек Жамансариевдин айтымында, бийликте Суталиновду калкалаган күчтөр болгондугуна күмөн саноолор күч:

- ИИМ менен УКМК буга чейин Суталинов ыкчам маалыматтарга караганда, Казакстанда жүрөт деген маалымат айтып келишкен. Анан азыр ал Бишкекте эле жүрүптүр деп айтылып жатат. Андай боло турган болсо мына ошол эле ИИМ менен УКМК эмне кылып жүрүшкөн? Суталинов капыстан пайдап боло калып, сот отурумунда жабырлануучулардын катышуусуз эле анан ага ушунчалык тездик менен үй камагына чыгаруу чечиминин чыгышы көп нерседен күмөн санатат. Бул жерде бийликтеги кайсы бир таасирдүү күчтөр аралашканбы деген ой бар.

Президентти да таң калтырган окуя

Ички иштер министрлигинин маалымат борборунун өкүлү Рахматтулла Ахмедов Суталиновго издөө жүргүзүү иши менен атайын кызмат алектенгендигин айтып, жоопкерчиликти Улуттук коопсуздук комитетине жүктөдү. Ошол эле кезде атайын кызматтын басма сөз катчылыгы Суталиновдун капыстан кантип пайда боло калгандыгы боюнча иликтөө иштери аягына чыга электигин билдирди.

Президенттин маалымат катчысы Кадыр Токтогулов болсо Суталиновдун капыстан келип, үй камагына чыгарылышы Атамбаев үчүн да күтүүсүз жаңылык болгондугуна токтолду:

- Канча убакыттан бери эл аралык издөөдө жүрүп, анан келе калса эле үй камагына чыгаруу боюнча сот чечим чыгара койгондугу түшүнүксүз. Мына ошондуктан башкы прокуратура ал чечимди жокко чыгарууга аракет кыла тургандыгын айтты. Негизи мына ушундай көрүнүштүн орун алышы – бул сот системасы кардиналдуу реформалоого муктаж экендигинен кабар берет.

Кечке жакын аскердик прокуратура Суталиновдун баш коргоо чарасын кайта өзгөртүп, аны камакка алуу боюнча сотко өтүнүч келтиргендиги белгилүү болду. Мына ошондуктан анын баш коргоо чарасын өзгөртүүгө байланышкан мамлекеттик айыптоонун сунушу жакын арада аскердик сотто каралышы күтүлүүдө.
Эгер Суталинов кантип пайда боло калып, анан кандайча үй камагына чыкканын ал жетекчилер билишпей турган болсо, анда кызмат ордун бошотуп коюшсун... Бөдөш Мамырова

Буга чейин президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов да Суталиновду үй камагына чыгаруу акылга сыйгыс чечим болгондугун айткан болчу.

Мурат Суталиновдун адвокаты Кубанычбек Ташбалтаев бийлик мындай билдирүүлөрү менен сотко басым көргөзүп жатат деп эсептейт:

- Президенттин кеңешчиси соттун кабыл алган чечиминин туура эместиги боюнча комментарий бергенге акысы жок болчу. Бул түздөн-түз сот жараянына кийлигишүү катары баалана тургандыгын айткым келет.

Көшөгө артындагы оюндарды ачыктоо аракети

Суталиновдун табышмактуу жагдайда капыстан пайда болушу парламентте да талкууланды. Жогорку Кеңештин дептутаты Бөдөш Мамырова тиешелүү күч түзүмдөрүнүн жетекчилерин палатага чакырып, Суталиновго байланыштуу суроолорго жооп алууну талап кылды:

- Аны качырып жибергендер кызматтан кеткенден кийин, атайын план түзө коюшуп, сотко өз ыктыяры менен келген киши болуп отуруп калыптыр. Биз муну так иликтөөгө алышыбыз керек. Башкы прокуратуранын, УКМКнын жана ИИМдин жетекчилерин чакырып, бул туңгуюк маселенин башын ачышыбыз керек. Эгерде Суталинов кантип пайда боло калып, анан кандайча ага жеңилдик менен үй камагына чыккандыгы боюнча чыныгы маалыматты ал жетекчилер билишпей турган болсо, анда алар кызматтарын бошотуп коюшсун.

Бирок бул маселе белгисиз себептер менен парламенттин күн тартибине кирбей калды. Бирок бир катар дептутаттар Суталинов боюнча суроолорго жооп бере алышпаса укук коргоо органдарынын жетекчилерин тез арада кызматтан алуу зарылдыгын айтып чыгышты.

Мурат Суталинов сотко келди

Мурат Суталинов Бишкекте сотко күтүүсүздөн келди, 14.12.2011
1/21 Мурат Суталинов Бишкекте сотко күтүүсүздөн келди, 14.12.2011
Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы төрагасы Мурат Суталинов Бишкекте апрел окуясы боюнча өтүп жаткан сотко күтүүсүздөн келди. Сот аны үй камагына чыгарды. М.Суталинов 2010-жылдын апрелинен бери эл аралык издөөдө жүргөн. 14.12.2011
Мамлекеттик жаза аткаруу башкармалыгынын маданий үйүндө өтүп жаткан сот отуруму
2/21 Мамлекеттик жаза аткаруу башкармалыгынын маданий үйүндө өтүп жаткан сот отуруму
Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы төрагасы Мурат Суталинов Бишкекте апрел окуясы боюнча өтүп жаткан сотко күтүүсүздөн келди. Сот аны үй камагына чыгарды. М.Суталинов 2010-жылдын апрелинен бери эл аралык издөөдө жүргөн. 14.12.2011
Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев сотто көрсөтмө берүүдө
3/21 Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев сотто көрсөтмө берүүдө
Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы төрагасы Мурат Суталинов Бишкекте апрел окуясы боюнча өтүп жаткан сотко күтүүсүздөн келди. Сот аны үй камагына чыгарды. М.Суталинов 2010-жылдын апрелинен бери эл аралык издөөдө жүргөн. 14.12.2011
Мурат Суталинов соттук жыйындан чыгып кетип жатат
4/21 Мурат Суталинов соттук жыйындан чыгып кетип жатат
Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы төрагасы Мурат Суталинов Бишкекте апрел окуясы боюнча өтүп жаткан сотко күтүүсүздөн келди. Сот аны үй камагына чыгарды. М.Суталинов 2010-жылдын апрелинен бери эл аралык издөөдө жүргөн. 14.12.2011
Соттук жыйын маалында
5/21 Соттук жыйын маалында
Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы төрагасы Мурат Суталинов Бишкекте апрел окуясы боюнча өтүп жаткан сотко күтүүсүздөн келди. Сот аны үй камагына чыгарды. М.Суталинов 2010-жылдын апрелинен бери эл аралык издөөдө жүргөн. 14.12.2011
Мурат Суталинов сот залына кирип келатат
6/21 Мурат Суталинов сот залына кирип келатат
Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы төрагасы Мурат Суталинов Бишкекте апрел окуясы боюнча өтүп жаткан сотко күтүүсүздөн келди. Сот аны үй камагына чыгарды. М.Суталинов 2010-жылдын апрелинен бери эл аралык издөөдө жүргөн. 14.12.2011
Мурат Суталинов
7/21 Мурат Суталинов
Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы төрагасы Мурат Суталинов Бишкекте апрел окуясы боюнча өтүп жаткан сотко күтүүсүздөн келди. Сот аны үй камагына чыгарды. М.Суталинов 2010-жылдын апрелинен бери эл аралык издөөдө жүргөн. 14.12.2011
Темир тор артында
8/21 Темир тор артында
Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы төрагасы Мурат Суталинов Бишкекте апрел окуясы боюнча өтүп жаткан сотко күтүүсүздөн келди. Сот аны үй камагына чыгарды. М.Суталинов 2010-жылдын апрелинен бери эл аралык издөөдө жүргөн. 14.12.2011
Соттук жыйын
9/21 Соттук жыйын

10/21 Соттук жыйын

11/21 Соттук жыйын

12/21 Соттук жыйын

Мурат Суталиновдун адвокаты Кубанычбек Ташбалтаев
13/21 Мурат Суталиновдун адвокаты Кубанычбек Ташбалтаев
Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы төрагасы Мурат Суталинов Бишкекте апрел окуясы боюнча өтүп жаткан сотко күтүүсүздөн келди. Сот аны үй камагына чыгарды. М.Суталинов 2010-жылдын апрелинен бери эл аралык издөөдө жүргөн. 14.12.2011
14/21

Башкы прокурордун орун басары Рыскул Бактыбаев соттук жыйында
15/21 Башкы прокурордун орун басары Рыскул Бактыбаев соттук жыйында
Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы төрагасы Мурат Суталинов Бишкекте апрел окуясы боюнча өтүп жаткан сотко күтүүсүздөн келди. Сот аны үй камагына чыгарды. М.Суталинов 2010-жылдын апрелинен бери эл аралык издөөдө жүргөн. 14.12.2011
Жыйын маалында коопсуздук чаралары күчөтүлдү
16/21 Жыйын маалында коопсуздук чаралары күчөтүлдү
Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы төрагасы Мурат Суталинов Бишкекте апрел окуясы боюнча өтүп жаткан сотко күтүүсүздөн келди. Сот аны үй камагына чыгарды. М.Суталинов 2010-жылдын апрелинен бери эл аралык издөөдө жүргөн. 14.12.2011
Мурат Суталинов көрсөтмө берүүдө
17/21 Мурат Суталинов көрсөтмө берүүдө
Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы төрагасы Мурат Суталинов Бишкекте апрел окуясы боюнча өтүп жаткан сотко күтүүсүздөн келди. Сот аны үй камагына чыгарды. М.Суталинов 2010-жылдын апрелинен бери эл аралык издөөдө жүргөн. 14.12.2011
Мурдагы башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев соттук жыйында
18/21 Мурдагы башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев соттук жыйында
Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы төрагасы Мурат Суталинов Бишкекте апрел окуясы боюнча өтүп жаткан сотко күтүүсүздөн келди. Сот аны үй камагына чыгарды. М.Суталинов 2010-жылдын апрелинен бери эл аралык издөөдө жүргөн. 14.12.2011
Омбудсмен Турсунбек Акун апрел окуясы боюнча соттук жыйында
19/21 Омбудсмен Турсунбек Акун апрел окуясы боюнча соттук жыйында
Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы төрагасы Мурат Суталинов Бишкекте апрел окуясы боюнча өтүп жаткан сотко күтүүсүздөн келди. Сот аны үй камагына чыгарды. М.Суталинов 2010-жылдын апрелинен бери эл аралык издөөдө жүргөн. 14.12.2011
20/21

Соттук жыйындагы коопсуздук чаралары
21/21 Соттук жыйындагы коопсуздук чаралары
Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы төрагасы Мурат Суталинов Бишкекте апрел окуясы боюнча өтүп жаткан сотко күтүүсүздөн келди. Сот аны үй камагына чыгарды. М.Суталинов 2010-жылдын апрелинен бери эл аралык издөөдө жүргөн. 14.12.2011
Артка
Алдыга
Куржундар
XS
SM
MD
LG