Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:56

Жоокер өлүмүнүн жаңы жагдайлары


Кара-Көлдө Улуттук гвардияга караштуу бөлүктөгү жоокердин өлүмүнө шектүү делген аскердин туугандары ага күнөөнү таңуулап жатышканын айтып чыгышты.

Жалал-Абаддын аскер прокурору тергөө уланып жатканын билдирип, камалган жоокер ур-токмокко кабылган, күнөө мойнуна күчтөп коюлган деген дооматты четке кагууда.

Башкы штаб 4-майда түндө Кара-Көл шаарындагы 718-бөлүктө эки аскер мушташа кетип, бирөө алган жаракатынан ооруканага жетпей жан бергенин маалымдаган эле.

Актилек Акжол уулунун өлүмүнө шектүү деп камакка алынган Адилет Шанаевдин бир тууган эжеси Жылдыз Мараимованын “Азаттыкка” билдиришинче, иниси менен каргашалуу окуя болгон күндүн эртеси, 5-майда ага бир канча жолу чалган. Анда Улуттук гвардиянын саясий иштер боюнча бөлүм башчысы Алмаз Бейшеев күнөөнү мойнуна алдыруу үчүн коркутуп жатканын айтып берген:

- Мага 5-майда чалганда, “эже, менин күнөөм жок, мени Алмаз Бейшеев мени мойнуңа алып тура бер, менин тааныштарым көп, сени каалаган жерден сууруп чыгам деп айтып жатат” деген. Биз кийин сүрүштүрүп көрсөк, чындап кылмыш кылды деген адам ошол Бейшеевдин туугандары, кайниси болуп кетет экен. Биз азыр толук анык-бышыгына жете албай жатабыз. Бирок ал Адилетти болсо “чындыкты айтсаң сени өлтүрүп салабыз, ата-энеңди ойлосоң мойнуңа ал” деп коркутуптур. Мага Адилет 5-майда күндүзгү саат 11:27де чалган. Ошол күнү түнкү саат 12ге чейин 7-8 жолу сүйлөшкөнбүз. Ал күнөөнү кечке чейин мойнуна алган эмес.

Адилет Шанаев былтыр күзүндө аскерге Жалал-Абаддын Ала-Бука районунан чакырылган. Ушул тушта Ошто жүргөн атасы Нурпазил Мараимов уулунун абалы тууралуу айтып берди:

- Мен аскер бөлүккө барып бир сутка кире алган жокмун. Өлгөн баланын сөөгүн туугандары алып кетти, мага алар менен жолуктурганга да мүмкүнчүлүк беришкен жок. Мен балама араң дегенде бир күн өткөндөн кийин гана жолуктум. Ага чейин аны сурап бүтүшкөн экен. Сурап жатканда адвокат болгон эмес. Балам аябай коркуп калган экен, сүйлөй алган жок. Мына бүгүн араң гана кичине сүйлөп жатат. Ушуга чейин коркуп сүйлөй алган эмес. Балам Бишкекте жогорку окуу жайда окуучу. Окууңду бүтүп ал дегениме ынабай, болбой армияга келген эле...

Биз Улуттук гвардиянын өкүлү Алмаз Бейшеев менен байланыша алган жокпуз. Жалал-Абад облусунун аскер прокурору Сагындык Мукашев тергөө уланып жатканын, эгер кандайдыр бир доомат болсо арыз менен кайрылуу керектигин айтты:

- Азыр экспертизалар дайындалат, дагы башка тергөө амалдары жүрөт. Ал бир күндүк жумуш эмес да. Эгер кимдир бирөөнүн тергөөгө дооматы болсо, мага же Аскер прокуроруна, Башкы прокуратурага арыз жазсын. Туугандары келген, мен ал баланын атасы менен сүйлөшкөм. Эч кандай жагдайларын айткан эмес. Баласын сурап жатканда адвокаты менен кошо катышкан. Мурдагы күнү анын баш коргоо чарасы каралар алдында суракка алынганда, айыбын угузганда атасы кошо катышкан. Эгер бизге, Аскер прокуратурасына дооматы болсо кайрылсын. Анан калса биз бул баланы камагандан кийин Кыйноолорго каршы улуттук борбордун өкүлдөрү ал бала менен сүйлөшүп чыккан. Биз баланы уруп-соккон эмеспиз.

Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы Кара-Көл шаарындагы Улуттук гвардиянын 718-бөлүктө эки аскер тамашалашып отуруп мушташа кетип, бирөө алган жаракатынан ооруканага жетпей жан бергенин кабарлаган.

Азыр кызматташын өлтүрүп алды деп шектелген Адилет Шанаевдин сотто укугун “Кылым шамы” укук коргоо борборунун адвокаты коргогону жатканын аталган бейөкмөт уюмдун жетекчиси Азиза Абдирасулова билдирди:

- Адвокат ал бала катуу коркуп калыптыр дейт. Нес, эмне болуп атканын жакшы түшүнбөгөн абалда, бирок ал бала адам өлтүрүүгө барбаганына көзүм жетти деп чыкты. Бирок анын баарын иликтеп, далилдегенге, ак-карасына жеткенге убакыт керек. Биз адвокат жалдап бердик, ал бала менен Ошко кошо кетти.

Кара-Көлдөгү бул аскер бөлүктө былтыр күздө дагы каргашалуу окуя катталган эле. 19 жаштагы жоокер Бегалы Шамшидиновду аскер бөлүгүнүн жетекчилиги жүрөгү кокустан кармап каза болду деп айтып чыккан. Бирок маркумдун жакындары аны соттук-медициналык экспертизадан өткөргөндө жоокер токмоктолуп, алган жаракаттын кесепетинен жан бергени аныкталган.

Былтыр жыл этегинде Бишкекте Улуттук гвардиянын “Пантера” деп аталган атайын даярдыктагы бөлүгүндө кароолдо турган аскер эки сержантты атып салган эле. Бирөө алган жаракаттан улам көз жумган, экинчиси оор абалда ооруканага жеткирилген болчу.

XS
SM
MD
LG