Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:25

Мекенди коргоо аскердин гана милдети эмес

Кыргыз жоокери
Кыргыз жоокери

Бүгүн Мекенди коргоочулар күнү белгиленип жатат. Өлкөңдү сүйүү үчүн сөзсүз аскерге барыш керекпи?

Коомчулукта мекенди жалгыз эле аскерлер коргошу керек деген түшүнүк эскиргенин, ар бир адам Мекенди сүйүүгө, коргоп, колдоого тийиш экенин айткандар жок эмес.

Бирок ошол мекенчилдик дегенди азыркы жаштар, коомчулук кандай түшүнөт? Мекенге тирек болуу идеологиясын элге сиңирүүдө кандай кемчиликтер жана жетишкендиктер бар? Бул суроолорго бүгүнкү "Арай көз чарай" талкуусунда жооп издедик. Ага билим жана жаштарга тарбия берүү жаатындагы эксперттер Кеңешбек Сайназаров жана Асылбек Жооданбеков катышты.

"Азаттык": Кеңешбек мырза, акыркы эки жылдан бери Кыргызстанда ынтымакты, тынчтыкты бекемдөөгө жана жарандарды ийгиликтүү болууга үндөгөн "Жашстан" долбоору менен иштеп келе жатасыз. Бул долбоор жаштардын мекенчил экенин көрсөттүбү?

Түштүк Африкага барганда да ал жакта иштеп жүргөн кыргызстандык балдар менен жолуктук. Алардын алгачкы эле суроосу: "Кыргызстаныбыз кандай?" деген суроо. Алыста жүрсө да, жүрөгү Кыргызстан деп согот.
Кеңешбек Сайназаров

Сайназаров: Мекенди коргоо ыйманга жараша деген сөз бар. "Жашстан" долбоору менен 2001-жылдан бери Мекен боюнча чоң долбоорлордун үчүнчүсүн ишке ашырып жатабыз.

Мен эмнени байкадым? Айрым көз карашы радикалдашкан балдар менен да иш жүргүзгөндө алардын да Мекенди, Кыргызстанды сүйөрү байкалып турат.

Өзүмдүн жумушума байланыштуу дүйнөнүн көп жерлерин кыдырдым. Былтыр Түштүк Африкага барганда да ал жакта иштеп жүргөн кыргызстандык балдар менен жолуктук. Алардын алгачкы эле суроосу: "Кыргызстаныбыз кандай?" деген суроо. Алыста жүрсө да, жүрөгү Кыргызстан деп согот. Мына ушул мени кубантат.

Мекенди коргоо аскердин гана милдети эмес
please wait

No media source currently available

0:00 0:23:26 0:00
Түз линк

"Азаттык": Ошентсе да жакшы жашоо үчүн Кыргызстандан кетүүгө аракет кылган жаштар арбын. Айрымдары менен сүйлөшсөң, иштөө үчүн гана эмес, биротоло калып жашоо максатында кетүүнү көздөшөт. Баары кете берсе Кыргызстанды ким өнүктүрөт? Мекенди сүйүп, сагынып тим болуу менен анын өнүгүүсү үчүн аракет кылуу эки башка аракет эмеспи?

Мекенди эмнеден коргош керек?
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:33 0:00

Мекенге кызмат кылуу - өзүн өзү табуу, белгилүү бир бийиктикке жетүү.
Асылбек Жооданбеков

Жооданбеков: Чет жакка чыгып кетүүгө аракет кылган мекендештер аябай көп. Менимче муну трагедия кылуунун кереги жок. Анткени, сыртка кеткен адам мекендин, ата-эненин, бир туугандын кадырын жакшы түшүнөт. Көз карашы өзгөрөт, эң башкысы - ал туулган жердин баркына жетет. Мекенге кызмат кылуу - өзүн өзү табуу, белгилүү бир бийиктикке жетүү. Ошондуктан, өзү бийиктикке жеткен адам гана мекенине, жакындарына кызмат кыла алат. Куру кыйкырык менен мекенге кызмат кыла албайбыз.

Аскерлер мекендин тиреги

Кыргызстанга келген расмий конокторду тосуп алууда дайыма аскерлер катышат. 
1/25 Кыргызстанга келген расмий конокторду тосуп алууда дайыма аскерлер катышат. 
Кыргызстанда 23-февраль - Мекен коргоочулардын күнү майрам катары белгиленет.
23-февраль Совет доорунда Кызыл армиянын уюшулган күнү катары белгиленген. Кыргызстан эгемендик алган жылдардын башында бул күн майрамдардын тизмесинен чыгарылган.
2/25 23-февраль Совет доорунда Кызыл армиянын уюшулган күнү катары белгиленген. Кыргызстан эгемендик алган жылдардын башында бул күн майрамдардын тизмесинен чыгарылган.
Кыргызстанда 23-февраль - Мекен коргоочулардын күнү майрам катары белгиленет.
2003-жылдан тарта 23-февраль кайрадан Мекенди коргоочулар күнү катары жылнаамада кызыл менен белгилене баштаган. 
3/25 2003-жылдан тарта 23-февраль кайрадан Мекенди коргоочулар күнү катары жылнаамада кызыл менен белгилене баштаган. 
Кыргызстанда 23-февраль - Мекен коргоочулардын күнү майрам катары белгиленет.
2016-жылы Global Firepower аскердик-аналитикалык порталынын рейтинги боюнча Кыргызстандын армиясы 126 мамлекеттин ичинен 110-орунду ээлеген. 
4/25 2016-жылы Global Firepower аскердик-аналитикалык порталынын рейтинги боюнча Кыргызстандын армиясы 126 мамлекеттин ичинен 110-орунду ээлеген. 
Кыргызстанда 23-февраль - Мекен коргоочулардын күнү майрам катары белгиленет.
Кыргызстандык мекен коргоочулар арасында аялдар да бар. 
5/25 Кыргызстандык мекен коргоочулар арасында аялдар да бар. 
Кыргызстанда 23-февраль - Мекен коргоочулардын күнү майрам катары белгиленет.
6/25
Кыргызстанда 23-февраль - Мекен коргоочулардын күнү майрам катары белгиленет.
Атайын операция учурунан сүрөт.
7/25 Атайын операция учурунан сүрөт.
Кыргызстанда 23-февраль - Мекен коргоочулардын күнү майрам катары белгиленет.
8/25
Кыргызстанда 23-февраль - Мекен коргоочулардын күнү майрам катары белгиленет.
9/25
Кыргызстанда 23-февраль - Мекен коргоочулардын күнү майрам катары белгиленет.
10/25
Кыргызстанда 23-февраль - Мекен коргоочулардын күнү майрам катары белгиленет.
11/25
Кыргызстанда 23-февраль - Мекен коргоочулардын күнү майрам катары белгиленет.
<p>Global Firepower аскердик-аналитикалык порталынын 2016-жылкы эсебинде, кыргыз армиясында жалпысынан 150 танк, 438 бронетранспортер, 159 оор техникасы жана 21 аскерий учак бар.</p>
12/25

Global Firepower аскердик-аналитикалык порталынын 2016-жылкы эсебинде, кыргыз армиясында жалпысынан 150 танк, 438 бронетранспортер, 159 оор техникасы жана 21 аскерий учак бар.

Кыргызстанда 23-февраль - Мекен коргоочулардын күнү майрам катары белгиленет.
13/25
Кыргызстанда 23-февраль - Мекен коргоочулардын күнү майрам катары белгиленет.
14/25
Кыргызстанда 23-февраль - Мекен коргоочулардын күнү майрам катары белгиленет.
15/25
Кыргызстанда 23-февраль - Мекен коргоочулардын күнү майрам катары белгиленет.
16/25
Кыргызстанда 23-февраль - Мекен коргоочулардын күнү майрам катары белгиленет.
17/25
Кыргызстанда 23-февраль - Мекен коргоочулардын күнү майрам катары белгиленет.
Аскердин ант берүү аземи.
18/25 Аскердин ант берүү аземи.
Кыргызстанда 23-февраль - Мекен коргоочулардын күнү майрам катары белгиленет.
19/25
Кыргызстанда 23-февраль - Мекен коргоочулардын күнү майрам катары белгиленет.
20/25
Кыргызстанда 23-февраль - Мекен коргоочулардын күнү майрам катары белгиленет.
Машыгуулардан бир көз ирмем
21/25 Машыгуулардан бир көз ирмем
Кыргызстанда 23-февраль - Мекен коргоочулардын күнү майрам катары белгиленет.
22/25
Кыргызстанда 23-февраль - Мекен коргоочулардын күнү майрам катары белгиленет.
23/25
Кыргызстанда 23-февраль - Мекен коргоочулардын күнү майрам катары белгиленет.
24/25
Кыргызстанда 23-февраль - Мекен коргоочулардын күнү майрам катары белгиленет.
25/25
Кыргызстанда 23-февраль - Мекен коргоочулардын күнү майрам катары белгиленет.
Артка
Алдыга
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Куржундар
XS
SM
MD
LG