Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:00

Орусия убада кылган куралдан дайын жок


Айрым талдоочулар Орусия жакынкы жылдары Кыргызстанга аскерий жабдуудан жардам кыларынан күмөн санашат.
Айрым талдоочулар Орусия жакынкы жылдары Кыргызстанга аскерий жабдуудан жардам кыларынан күмөн санашат.

Кыргыз бийлиги ушул жылдан тарта Орусиядан аскердик техника ала башташ керек болчу. Бул тууралуу эки өлкөнүн жогорку аскердик жана саясий жетекчилиги 2013-жылы эле билдиришкен. Бирок Орусиядан курал-жарак алуу маселеси создугууда.

Советтер Союзунан калган аскердик техниканы жаңыртуу үчүн Кыргызстан 2006-жылдан бери Орусиядан курал-жарак сурап келгени маалым. 2012-2013-жылдардагы эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин Орусиядан суммасы 1 миллиард доллардан ашык курал-жарак жана аскердик техника келери кабарланган.

Бул тууралуу 2013-жылы Коргоо кеңешинин жыйынында президент Алмазбек Атамбаев өзү да белгилеген. Президенттин айтканына ылайык, Орусиядан былтыркы жылдын соңунан тарта эле курал-жарактар жана аскердик техникалар келе башташы керек болчу:

- Келишимге ылайык, Орусиянын Коргоо министрлиги ушул жылдын 4-кварталында Кыргызстандын Куралдуу күчтөрү үчүн заманбап жаңы курал-жарактарды алып келе баштайт. Алына турган курал-жарактардын түрүн бекитүү боюнча бүгүнкү чечимдер бизге аларды тандоодо жаңылып калбоого жардам берет. Анткени Куралдуу күчтөрдүн түзүмдөрүнүн өзгөчөлүгүнө карап, биз курал-жарактардын түрүн да аныктайбыз.

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу.
Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу.

2013-жылы Кыргызстанга иш сапары менен келген Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу да Алмазбек Атамбаев менен жолукканда 2014-жылдын башынан тарта курал-жарактар бериле баштарын убада кылган эле. Маалыматка ылайык, Орусиядан курал алуу боюнча Кыргызстан орус өкмөтү менен 2012-жылы келишимге кол койгон.

Кыргызстандын Коргоо министрлиги ошол келишимдин негизинде Орусиядан бүгүнкү күндө эскирген курал-жарак калдыктарын зыянсыздандыруу жабдыктары гана келгенин билдирди. Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Азамат Дүйшенбеков:

- Азыр курал-жарак келе элек. Болгону курал-жарактарды зыянсыздандыруу боюнча жабдыктар келди. Негизи келишим түзүлгөн, ал 2017-жылга чейин ишке ашырылыш керек. Эки тараптуу келишим түзүлгөнү менен анын башка да шарттарын аткаруу керек. Азыр ошол маселелер менен кармалып жатат.

Аскерий машыгуу өткөрүп жаткан кыргыз жоокерлери.
Аскерий машыгуу өткөрүп жаткан кыргыз жоокерлери.

Ири суммадагы каражатка Орусиядан жаңы заманбап курал-жарактар келеби, же эски техникалар берилеби, ошондой эле 1 миллиард доллардан ашык каражат насыя же грант түрүндө болобу деген суроолордун да башы ачыктала элек.

Жогорку Кеңештин Коргоо жана коопсуздук боюнча комитети дагы бул боюнча маалыматы жоктой. Аталган комитеттин мүчөсү, мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков келишим боюнча Орусиядан келчү аскерий техника эмне үчүн кечигип жатканы жөнүндө кабары жок экенин билдирди.

Кыргызстандын мурдагы коопсуздук кеңешинин катчысы, генерал-майор Марат Иманкулов эки өлкө ортосунда кол коюлган аскерий келишимдер кечиктирилбей аткарылышы керек эле дейт. Аталган келишимдердин аткарылбай жатканы ал үчүн да табышмак.

Марат Иманкулов.
Марат Иманкулов.

- Куралдар келет деп айтылган. Келишимдер жөнүндө баары эле кабардар. Эми Коргоо министрлиги келе элек дебей териштириш керек эле. Балким Орусиядагы экономикалык абалга байланыштуу болуп жаткандыр.

Айрым талдоочулар Орусия жакынкы жылдары Кыргызстанга аскерий жабдуудан жардам кыларынан күмөн санашат. Орусиялык аскерий эксперт Павел Фельгенгауэр "Азаттыкка" сүйлөп, Орусия эски куралдарын берээрин, ал куралдар менен кыргыз армиясы күчтөнүп кетпейт деген пикирин билдирген эле.

Советтер Союзунан калган эски курал менен отурган кыргыз армиясы заманбап курал менен качан камсыз болоору белгисиз. Кыргыз өкмөтүнүн өз алдынча ири суммага курал сатып алууга чама-чаркы чектелүү.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG