Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:24

Кыргыз жаачысына операция жасалды


Асланайым Аширова.
Асланайым Аширова.

Сауд Арабиясындагы «Camel Fest» фестивалына даярдык жүрүп жатканда кырсыктаган кыргызстандык жаачы кыз Асланайым Ашировага операция жасалды. Бул окуя кыргызстандыктардын көңүлүн аталган фестивалга бурду.

Сауд Арабиясындагы «Camel Fest» фестивалына даярдык жүрүп жатканда кырсыктаган кыргызстандык жаачы кыз Светлана (Асланайым) Ашировага жасалган операция ийгиликтүү болду. Бул тууралуу Улуттук оюндар боюнча дүйнөлүк конфедерациянын басма сөз кызматы билдирди. Ашировага 11-мартта Эр-Рияд шаарындагы «King Saud Medical» ооруканасында операция жасалган. Конфедерациянын маалыматында 8-мартта Асланайым цирктеги кесиптеши менен ат үстүндө келе жатканда капталынан селфи жасап бараткан кыз аны сүзүп кеткени кабарланган.

Социалдык тармактарда «Аширова өзүм билемдик менен ат минип, кырсыктаган» деген божомолдор айтылган. Окуя жана өзүнүн абалы боюнча Аширова «Фейсбуктагы» баракчасына буларды жазды:

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«​Мага азыр аябай оор болуп турат. Биринчи күнү ооруну басаңдатыш үчүн бир нече дары сайышты. Жараатым олуттуу. Жан чыдатпай оорутат. Ага да бар күчүмдү топтоп чыдайм. Бирок соцтармакта, ЖМКларда мен тууралуу жазылган маалыматтарды окуу оор болду.

Салбуурун жана Аргымак федерациялары менен келип чет элдиктерге кыргыздарды жакшы жагынан көрсөтүүнү максат койгом. Желегимди кошо ала келгем. Мен мындай нерсени атайылап жасаган жокмун. Астымда турган кыз жабыркабасын дедим. Антпесем кесепети мындан да жаман болмок. Жада калса арабдар ооруканага келип «кантип ат чапканыңызды биз көрдүк. Ал кызды сактап калдыңыз» дешти».

Дарыгерлердин айтымында, ушул тапта кырсыкка кабылган жаачынын абалы канааттандырарлык. Асланайым Аширова Сауд Арабиясына Салбуурун федерациясынын курамы менен барган. Ал өз өнөрүн ат үстүндө тартууламак.

Ушул күндөрү Сауд Арабиясынын Эр-Рияд шаарында өтүп жаткан фестивалга быйыл биринчи жолу Кыргызстан катышып жатат. «Camel Fest» маданий иш-чарасынын алкагында Кыргызстандан барган топ 9-мартта «Көчмөндөр ааламы» деп аталган улуттук оюндарды көрсөттү. Сауд Арабиясына чакыруу жөнүндө сунуш былтыр экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында түшүп, 26-декабрда эки өлкөнүн ортосунда келишимге кол коюлган.

Кыргызстандык делегацияга 15 гектар жер берилип, ипподром, этнобазар жана көчмөндөр айылы курулган. Улуттук оюндар дүйнөлүк федерациясынын президенти Асхат Акибаев чакырган тарап бардык чыгымдарды мойнуна алганын билдирди:

- Кыргызстандын өкмөтүнөн эч кандай каражат жумшалган жок. Бир эмес, бир нече чартердик аба каттамдары катышуучуларды ташып жатты. Адегенде жаныбарлар, кийин спортчулар, маданият өкүлдөрү эки топ менен жөнөп кетишти. Бардык каражатты уюштуруучулар төлөйт. Эки ай бою кызуу даярдык көрдүк. Азыр арабдар бизди жаныбарларга болгон мамилебизди көрүп таң калып атышат.

Сауд Арабиясында 98 өлкөнүн өкүлдөрү катышып жаткан этнофестивалга Кыргызстандан 2000ден ашык адам кеткен. Делегациянын курамында спортчулар, уз-усталар, зергерлер, кол өнөрчүлөр бар. Андан тышкары топоздор, алгыр куштар жана тайгандар менен да өнөр көрсөтүлөт. Ал эми ат үстүндөгү оюндар үчүн аттарды арабдар беришти. Бирок соңку окуядан кийин коомчулукта катышуучулардын коопсуздугу жана деги эле иш-чаранын мааниси тууралуу суроолор пайда болду.

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов мындай даражадагы фестивалга Кыргызстандын катышууусун сыймык деп эсептейт. Ал фестиваль аркылуу туристтерди тартуу дараметин жогору экенин белгиледи:

Азамат Жаманкулов.
Азамат Жаманкулов.

- Бул эки өлкөнүн макулдашуусу менен өтүп жаткан расмий иш-чара. Бир араб шейхинин же байдын тою эмес. Фестиваль жыл сайын эле өтчү. Быйыл алар эл аралык деңгээлге чыгууну көздөп бизди чакырышкан. Кыргызстанга мамиле да өзгөчө болду. Эң көп делегат биздин өлкөдөн кетти. Ошондуктан биздин өлкөнүн мындай маанидеги фестивалга катышып жатканын сыймык деп эсептейм. Асланайым боюнча айтсам, бул кырсык. Өзгөчө ат үстүндөгү оюндарда кепилдик жок. Анын үстүнө биздин спортчулар башка аттарга мингени үчүн да көнбөшү мүмкүн.

Мындан бир жума мурун Сауд Арабиясына этнофестивалга барган кыргызстандыктардын жүрүм-туруму социалдык тармактарда кызуу талкууга алынган. Анда катышуучулардын бири «чет өлкөгө Кыргызстандын маданиятын таанытууга баргандар тамакты талашып жеп, жергиликтүүлөрдү таң калтырганын» жазган. Бул окуя чет өлкөгө чыккан кыргызстандыктардын маданиятына, этикага байланышкан маселелерди козгогон. 9-мартта башталган «Camel Fest» фестивалы марттын 23үнө чейин созулат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG