Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:14

Тирүүлөй күйгөн Айгерим жардамга муктаж


Бишкек. №3 балдар ооруканасы. 2014-жыл.
Бишкек. №3 балдар ооруканасы. 2014-жыл.

Былтыр Ат-Башыда токко урунуп, денесинин 75 пайызы күйүп калган 5-класстын окуучусу Айгеримге Москвада операция жасоо үчүн 5 млн. сом керек.

Келечекте математика мугалими болом деп жалаң бешке окуп жаткан Айгерим былтыр 28-апрелде токко урунуп, денесинин 75 пайызы күйүп калган. 12 жаштагы Айгерим менин суроолорума акырын гана жооп узатып жатты. Анткени жалындаган өрт анын денесинин башка бөлүктөрү сыяктуу эле ээгин да жалмап өткөн.

“Эмки операциялар Москвада жасалат”

Айгеримдин атасы да, энеси да жок. Болгон түйшүгүн бир тууган таекеси Мурат Дүйшөнбиев тартып келет. Мурат мырза Айгеримдин саламаттыгы тууралуу буларды айтып берди:

- Азыр абалы жакшы. Бирок ээгине, колуна, көзүнө жана чыканагына операция жасоого туура келип жатат. Дененин күйгөн териси баары бир деле тартыла берет экен.

Айгерим былтыр 28-апрелде Ат-Башы районундагы Ак-Жар айылында достору менен жашынмак ойноп жүрүп, мектептин жанындагы трансформатордук подстанциянын ичине кирип кетип бир өлүмдөн калган. Андан бери денесинин соо бөлүгүн улам бир күйгөн жерине чаптаган 9 операцияны башынан өткөрдү. Эмки операциялар оор болгондуктан Москвада жасалат. Трансформатордун эшигин ачык таштаган Ат-Башы РЭСи өз күнөөсүн моюнуна алганы менен райондук сот чектеген 5 млн. сомдук материалдык жана моралдык кенемтени эмдигиче төлөп бере элек. Мурат Дүйшөнбиев РЭС жетекчилиги Айгеримдин ден соолугун калыбына келтирүү үчүн 5 млн. сом кетеринен шек санап, облустук сотко доо арыз менен кайрылганын айтууда:

- Алар анча акча кайда жумшалат, кимдин чөнтөгүнө кетет деп шек санап жатат. Болбосо Айгерим ошолордун шалаакылыгынан улам ден соолугунан айрылып отурат. Өздөрү деле операцияга, дары-дармекке канча акча кетип жатканын көрүп жатат.

Операция чыгымдарынан күмөн санаган "Чыгышэлектро"

Дүйшөнбиевдин айтымында, буга чейинки операцияларга баш-аягы миллион сомго жакын каражат кеткен. Анын 30 пайызын Ат-Башы РЭСи карамагына кирген “Чыгышэлектро” ачык акционердик коому төлөп берсе, 70 пайызын өлкөдөгү кайрымдуу адамдар көтөргөн.

"Чыгышэлектронун" Нарын филиалынын башчысы Атабек Абылгазиев райондук сот чектеген компенсация эмне үчүн төлөнбөй жатканын “Азаттыкка” мындайча чечмеледи:

- Алардын адвокаты адеп келгенде моралдык жана материалдык чыгым үчүн 2 млн. сом доо коюп жатабыз деген. Бирок сотко 5 млн. деп беришиптир. Биз деле 2 миллионго макул болгонбуз. Анткени операция Москвада жасалат, бул жактан да терисин көчүрүү боюнча бир нече операцияны башынан өткөрдү. Биз деле Айгеримге жардам бергенге даярбыз, бирок соттун кийинки инстанцияларына да кайрылабыз. Райондук сот 5 млн. боюнча калтырып койду.

"Чыгышэлектронун" доо арызын Нарын облустук соту бүгүн 9-апрелде карамак. "Азаттыктын" аймактагы кабарчысынын билдирүүсүндө, сот токко тартылып жабыркаган кызга “Чыгышэлектр” акционердик коомунун Нарын филиалы 3 миллион 64 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирилди. Ачык калган трансформатордон токко урунуп, денесинин 75 пайызы күйүп калган 12 жаштагы Айгерим Дүйшенбиевага “Чыгышэлектр” акционердик коомунун Нарын филиалы 3 миллион 64 миң сом төлөп берет.

Акыйкатчынын балдар укугу боюнча бөлүм башчысы Ниязбек Дүйшөнов жабыркаган тарап материалдык жана моралдык чыгым үчүн каалаган суммасын айыптуу тараптан талап кыла ала турганын, бирок бардыгы сот чечимине жараша экенин айтат.

- Жабырланган киши 1 сомдон бир нече миллиард сомго чейин каалаган суммасын талап кылса болот. Бирок компенсациянын көлөмү канча болору соттон көз каранды. Моралдык чыгым канча болушу керектиги мыйзамда так жазылган эмес. Ал эми материалдык чыгымды дары-дармекке, операцияга кеткен каражатты эсептеп койсо болот да.

Укук коргоочулар мындан кийин мектеп окуучулары Айгеримдин тагдырын кайталабайт деген кепилдик жок экенин айтып коңгуроо кагып келишет. Алардын ырасташынча, эшиги ачык трансформаторлор бир гана Ат-Башыда эмес, Кыргызстандын ар аймагында бар. Москвада жасалчу операция качан болору жана ага канча чыгым кетери азырынча белгисиз.

XS
SM
MD
LG