Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:51

Жарандык коом түрк элине көңүл айтты


Бишкектеги Түркиянын элчилиги
Бишкектеги Түркиянын элчилиги

Бишкекте Түркия элчилигинде Стамбулдагы террордук чабуулдардан мерт кеткендерди эскерүү иш-чарасы өттү.

Ага белгилүү саясатчылар, жарандык активисттер, Кыргызстандагы түрк окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү болуп жалпысынан элүүдөн ашуун адам барды.

Элчиликте ачылган Көңүл айтуу китебине түрк элине тилектештик, тынчтык каалоолорун калтырышты. Кыргызстандагы Түркия элчисинин милдетин убактылуу аткаруучу Чагатай Йылдырым келгендерге ыраазычылык билдирди.

- Терроризмге баарыбыз каршы турушубуз керек. Бул бир эле улуттун маселеси эмес, жалпы эл аралык коомчулук туш болгон көйгөй. Бул дүйнө элинин биримдиги менен гана жеңиле турган каргаша. Кайгыбызды тең бөлүшкөн кыргыз туугандарыбызга ыраазычылык билдиребиз. Достук ушундай кара күндө белгилүү болот. Түрк элине көңүл айткан президент Алмазбек Атамбаев баш болгон кыргыз элине ыраазычылык билдиребиз.

Эскерүү иш-чарасына келгендер Ататүрк аэропортундагы чабуулду айыптап, террорчулук жалпы дүйнө үчүн коркунуч жараткан көрүнүш болуп жатканын белгилешти.

Көңүл айтууга катышкан "Прогрессивдүү демилгелер" фондунун жетекчиси Амангелди Жумадилов акыркы окуялар өлкөдөгү коопсуздук жагын жакшы көзөмөлдөөгө коңгуроо болгонун белгиледи.

- Терроризм күч алып жатат. Мындай каргашалуу окуялар Кыргызстанга дагы эскертүү болгондой. Себеби акыркы жылдары диний радикалдашуу күчөп баратат. Орозо айында жөн тургундарды аткылап, жардырууга адам эмес, айбан да барбайт. Мен коопсузудук боюнча адис эмесмин, бирок коопсуздугу мыкты делген өнүккөн өлкөлөрдө жардыруу орун алууда. Демек бизди кудай эле сактап жатат.

"Түркия, сен жалгыз эмессиң!"
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:48 0:00

5-6-июнда Казакстандын Актөбөдө, 28-июнда Түркиянын аба майданындагы окуяларга байланыштуу Кыргызстанда күч түзүмдөрү коопсуздук чараларын күчөткөн. Атайын кызмат эл көп топтолгон жайлардын күзөт кызматтарында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы коомчулукту да сак болууга чакырат. Аталган мекеменин басма сөз кызматкери Олжобай Казабаев:

- Акыркы окуялардагыдай каргаша бизде болбойт деген кепилдик жок. Андыктан күч түзүмдөрү биргеликте чоң базарларда, коомдук жайларда көзөмөлдү күчөттүк. Кызматкерлерди кыраакы, коомчулукту сак болууга чакырабыз.

Жардырууда набыт болгон аэропорттун кызматкерлери
Жардырууда набыт болгон аэропорттун кызматкерлери

Анткен менен айрым адистер Кыргызстандагы коопсуздук тармагында кемчиликтер арбын экенин сындап келишет. Алардын пикиринде, өлкөдөгү коомдук жайлар эмес, стратегиялык деп саналаган имараттардын коопсуздугу тийиштүү деңгээлде корголгон эмес. Коопсуздук боюнча серепчи Марат Иманкулов бул маселенин себебине токтолду:

- Ушундай кырдаалда жарандар эмне кылышы керек экенин үйрөткөн киши жок. Күч түзүмдөрүнүн координациясы жолго коюла элек. Буга атайын кызмат дагы түзүлгөн. Бирок мындай кызматка сырттан, коопсуздукка тиешеси жок адистер келип алды. Алар эч кандай иштерди жүргүзө албайт.

Соңку маалыматтарга караганда, 28-июнда Стамбулдун Ататүрк аэропортунда 40тан ашуун адамдын өмүрүн алган террордук чабуулдарга айыптуу деп 13 адам кармалды. Алардын бири дагестандык, экинчиси өзбекстандык, дагы бирөө кыргызстандык экени айтылууда. Бул маалыматты Кыргызстандын Тышкы иштер министрилиги териштирип жатканын билдирди.

Түрк бийликтери жардыруулардын артында “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу турушу мүмкүндүгүн боолгошууда.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG