Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:37

Ысык-Көлдө журналисттер тобун машине коюп кетти


Кырсыктаган журналисттер веложарышты чагылдырып жүргөн.
Кырсыктаган журналисттер веложарышты чагылдырып жүргөн.

Балыкчы-Каракол жолундагы веложарышты чагылдырып жүргөн беш журналист жол кырсыгына кабылды.

Ишембиде машине коюп кеткен журналисттердин бири азыр ооруканада, калган төртөө үйүндө дарыланууга чыгарылды. Кырсыкка күнөөлүү делген айдоочу кармалып, иш тергелип жатат. Кырсыктан жергиликтүү эки тургун да жабыркаган.

"Ысык-Көл гран-при" деген аталыштагы веложарышты чагылдыруу үчүн Бишкектен Көл кылаасына журналисттердин тобу барган эле. Кырсыкка кабылган беш журналист жарыш марасы белгиленген жерде турган.

Машине коюп кеткен журналисттердин бири, “Де-факто” гезитинин кабарчысы Жакшылык Бердибек уулу Бишкектеги республикалык ооруканага жаткырылды. Калган төрт журналист үйүндө дарыланууда. Бул тууралуу кырсыкка кабылгандардын бири, “Жаңы агым” гезитинин кабарчысы Зайырбек Ажыматов билдирди:

- Жакшылык ооруканада жатат, калгандарыбыз жакшы элебиз. Алгач менин бутумдун тамыры үзүлүптүр деген маалымат тарап кеткен экен. Бирок азыр жакшы, бутумду гипске салып, үйгө жиберишти.

Мындан сырткары журналисттер кырсыкка кабылган учурда кымбат баалуу камералары, үн жазгычтары да талкаланганын айтууда.

Журналисттерди жана эки жергиликтүү тургунду коюп кеткен “Ауди” үлгүсүндөгү машиненин айдоочусу ошол замат эле кармалып, азыр тергөө иштери жүрүп жатат. Бирок кылмыш иши козголо элек.

Окуя кандай болгонун Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов айтып берди:

- Каракол тараптан Балыкчыны көздөй үйлөнүү үлпөтүнүн кортежи бараткан. Катар велосипедчилер келатканы тууралуу эскертүү берилгенде күйүүчү май ташыган унаа менен кортеждин эң алдындагы машине акырындаган. Ал жерде ансыз деле веложарыштын финишине жакын калгандыктан эл көп болгон. Кортежде экинчи болуп келаткан "Ауди" үлгүсүндөгү машиненин айдоочусу катуу келаткандыктын унааны башкара албай калып, алдыдагы машине менен жүк ташуучу унааны сүзгөндөн көрө деп чекеге бурган. Журналисттер менен эки жергиликтүү тургунду артынан келип уруп, барып бакты сүзүп токтогон. Айдоочу спирттик ичимдик ичкен эмес.

Кырсык болгондон кийин Ысык-Көл облустук милициясы “Де-факто” гезитинин кабарчысы Жакшылык Бердибек уулунун башы жарылып, мээси чайкалганын, “Жаңы агымдын" кабарчысы Зайырбек Ажыматов бутунан жабыркаганын, “Алиби” гезитинен Темирбек Алымбековдун буту сынганын, "Супер-инфо” гезитинин кабарчысы Кубанычбек Сыдыков менен оператору Данияр Чарбеков да ар кандай жаракат алганын кабарлаган. Жергиликтүү тургундар кайда экени тууралуу азырынча маалымат жок.

Унаа тынбай каттап турган жолдо веложарыш уюштуруу коопсуздук эрежесине дал келеби? Бул суроого облустук милициянын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов мындайча жооп берди:

- Балыкчы - Бөкөнбаев - Каракол жолу мамлекеттик маанидеги жол. Андагы кыймылды өкмөттүн токтомусуз эч ким токтото албайт. Велосипедчендерди МАИ унаалары коштоп бараткан. Журналисттер болсо финишти тартуу үчүн ошол жагында турушкан. "Аудинин" айдоочусу чындыгында катуу ылдамдыкта келаткан.

Кыргызстанда жол кырсыгынан мерт кеткендер же жаралангандар тууралуу кабар акыркы кездерде согуш майданынан кабар келген сыңар маалымат каражаттарында көп айтылууда. Айрыкча Ысык-Көлдө жол кырсыгына кабылгандар боюнча көп угула калууда. Июлда Жети-Өгүздө бакты сүзүп алган кичи автобустан кеминде 14 адам мерт кетсе, 9-августта Түп - Кеген жолундагы кырсыктан 4 адам набыт болду. Ал эми республика боюнча катталган жол кырсыгы жана анын кесепети былтыркыга салыштырмалуу алда канча көп экенин ички иштер министрлиги белгилеген.

XS
SM
MD
LG