Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:29

Таласта жол кырсыгы азайган жок


Ушул жылдын 9 айында Талас облусунда жол кырсыгынан каза таап, жаракат алгандар кескин көбөйгөн. Машинелердин жана жол эрежесин сактабаган айдоочулардын көбөйүшү кырсыкка себеп болууда.

Талас облустук ички иштер башкармалыгынын тараткан маалыматына ылайык, быйыл жол кырсыгы өткөн жылга салыштырмалуу кескин өскөн. Акыркы бир айдын ичинде эле 8 жол кырсыгында 14 адам ажал тапса, алардын үчөө өспүрүм болгон.

Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Максат Абдысеитов:

- 2012-жылдын 9 айында облустук жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чараларга карабастан облус аймагында бүгүнкү күндө жол кырсыгы өсүүдө. Тактап айтсак, өткөн жылга салыштырмалуу жол кырсыгы 5 фактыга, андан жаракат алгандар 11ге, өспүрүмдөрдүн катышуусундагы жол кырсыгы 5ке, өспүрүмдөрдү каза болуусу 3кө көбөйгөн.

Жол кырсыгынын кесепеттерине облустук ооруканадан күбө болосуң. Анткени оорукананын травма бөлүмүнө түшкөндөр арбын экен. Алардын бири Болот Момунтаев кантип кырсыкка кабылганын айтып берди:

- Жанымда жолдош балдарым бар болчу. Алар алдыда машине менен бараткан. Анан “Алакчын” деген дүкөнгө жеткенде бензин түгөндү. Алар машинесин түртүп, мен алардын артында, 3 метр аралыкта машинемдин жарыгын өчүрүп-күйгүзүп келаткам. Анан эле тарс деген үн чыкты. Калганын билбей калыпмын. Доктурлардын айтымында, бир жарым күн дегенде эсиме келиптирмин. Көзүмдү ачсам ренимацияда экенмин.

Дагы бир бейтап Мундуз Жолдошбек уулу жарышкан айдоочулардын азабынан жабыркаган экен.

- 6-октябрь күнү Бишкектен таксиге түшүп келатканбыз. Суусамырга жеткенде артыбыздан "Хонда одиссей" үлгүсүндөгү машине сүздү. Биздин машиненин эле ылдамдыгы 130 км/саат болчу, артыбыздан сүзгөн машине болжол менен 170ти кармап баратса керек. Баш мээм чайкалып калган экен.

Мында жаткан бейтаптардын баары жаны аман калганына шүгүр кылып отурушат.

Оорукананын травма бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек Үркүнбаев да сөзгө аралашты.

- Сентябрь айында жол кырсыгынан жабыркап, 15 адам түштү. Өткөн айда Ак-Коргон айылынын жанында эки машине сүзүшүп, ошол замат 5 адам каза болуп, 5 адам биздин бөлүмгө түштү. Азыр жол кырсыгынан ооруканага түшкөндөр көп. Элдин көпчүлүгү жол эрежесин билбей катуу айдайт. Кырсыкты арак ичкендер жана катуу айдагандар жасайт. Ушул экөөн эле тыйып койсо, жол кырсыгы азаймак.

Жол коопсуздук кызматкерлери жыл башынан бери кырсыкты алдын алуу үчүн 40тан ашуун рейд өткөргөн экен. Макала даярдалып жатканда дагы эки жол кырсыгы катталып, 2 адам каза тапканын облустук милиция кабарлады.

XS
SM
MD
LG