Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:46

Үй-бүлө баккан балдар


Иллюстрация
Иллюстрация

Кыргызстанда 5 жаштан 17 жашка чейинки курактагы балдардын 39% эмгекке тартылат.

Сары-Өзөндүн созулуп жаткан кең талаалары. Эгин талаасында кары-жашы дебей жер тытмалашат. Бул жерлерде 13 жаштагы Ырыскелдинин балалыгы өткөн.

- Үй-бүлөмө жардам берейин деп, тогуз жашымда эле талаа жумуштарына аралаштым. Эже-агаларым шаарга кетишкен. Биринчи жолу төө бурчак тергени чыккам. Башында оор болгон, ыйлаган күндөрүм деле болгон. Кийин көнүп кеттим.

Ырыскелди өзү теңдүү балдар менен бригада болуп алып, башкалардын талаасында жалданып иштеген күндөрү болгон. Балтыр эти ката элек жеткинчектер бир күн кечке иштеп 500 сом табышчу.

- Жайында иштеп, эки аптада 8 миң сом тапкам. Ага мектепке кийим алдым. Артканын топтоп жатам. Ага тай сатып алсам дейм. Өзүм карап, кышында улак тартыш көргөнү минип барам.

Жашынан мээнеткеч өскөн Ырыскелди азыр жумушка көзү каныккан дыйканга айланды. Ал эле эмес, үй-бүлөнүн эки жарым гектар айдоо аянтына башка бригаданы жалдап иштеткенге жарап калган.

Биз барган маалда алты адамдан турган топ талаада иштеп жаткан экен. Ырыскелди аларды коңшу айылдан чакырып келген. Бирок өзү да четте карап турбастан, көнгөн адаты менен эле жумушка кирише калып, башкалардан озуп да кетет.

Ырыскелдинин колунда иштеп жаткан Алмаз Насыранкуловдун айтымында, бул аймакта кабыргасы ката элек балдардын талаа жумуштарга тартылуусу кадыресе эле көрүнүш.

- Балдардын жаш кезинен эмгекке үйрөнгөнү жакшы дечи. Бирок булардын окуп, билим алышын каалайт элем. Кыргызстанды өнүктүргөн, атын чыгарган жигиттерден болсо деп тилейбиз да.

Ырыскелди быйыл 8-класска барды. Анын аскер адамы болсом деген тилеги бар. Аскер окуу жайына тапшыруу үчүн окуусун калтырбоого аракет кылып жүргөн кези.

"Азаттык+": Үй-бүлө баккан балдар
please wait

No media source currently available

0:00 0:28:39 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекзат Бектурган

    Бекзат Бектурган  "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу, Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин студенти.  

  • 16x9 Image

    Аида Бекмуратова

    "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу, Кыргыз-түрк "Манас" университетинин студенти. 

XS
SM
MD
LG