Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:36

"Азаттыктын" азыркысы, эртеңкиси...


Жыл тогошоор алдында биздин жамаатты, башкы редактор катары жеке өзүмдү түйшөлткөн ой-санаалар, алдыдагы пландар тууралуу азыноолак сиздер менен бөлүшкүм келди.

Дагы бир жыл артта калганы турат. Бул жыл биздин жамаат үчүн оор да, кошумча мээнетти талап кылган түйшүкчүл да, жаңы чыгармачыл серелерди багындырган ийгиликтүү да жыл болду. Бир жагынан Уланбек Эгизбаевдей таланттуу, акылдуу, мекенчил жигитибизди, убагында үч жылдай Бишкек бюросунун жетекчиси болгон кыргыз редакторлорунун кыйыны, кабарчыларыбыздын устаты болуп калган жазуучу, журналист Султан Жумагуловду жоготтук.

Бир адам экинчи адамга каптап койсо да окшошпойт экен, булардын ордун эч ким толтура албайт. Бирок тирүүлүк жеңет дегенге көнбөс киши барбы, "Азаттык" радиосунун жамааты күн сайын чыгармачыл изденүүнүн үстүндө, канткенде биз элди, коомчулукту алдыңкы ойлорго, идеяларга сугарып, агартуучулук милдетибизди аркалай алабыз, канткенде биздин мамлекет ыкчам жана туруктуу өнүгүү жолуна түшүп, келечекке ишеничтүү кадам таштай алат деген эле ой-санаа баарыбызды күн сайын жумушка жетелеп келет, ошол максатта иштеп жатабыз деп ишенебиз. Кыргызстан ХХI кылымдын жетишкендиктеринен четте, же обочодо калбай, алдыңкы катарларда өз ордун табууга, жалпы адамзат жашоосун жакшыртууга салым кошо алчу кеңири потенциалы бар өлкө деп эсептейбиз.

​Ошол максатта ТВда азыр биз: "Данисте", "Каректе Евразия", "Ыңгайсыз суроолор", "Биз жана дүйнө", "Азаттык+", "Эже-сиңдилер", "Секреты власти" аттуу ар бири 30 мүнөттүк жети апталык берүүнү чыгарып атабыз. Андан тышкары актуалдуу окуяларды талкууга алган "Эксперттер талдайт" жана бир саясатчы, же коомдук ишмерди ачык-айрым баарлашууга чакырган "2х1" берүүлөрүбүз даярдалууда.

Радиодо Биринчи радио жана башка жергиликтүү станциялардан сырткары эми "Санжыра" радиосунда да обого чыга баштадык. Youtube сайтындагы барагыбыз телеканалдарга теңтайлашып, ага жазылгандардын саны 500 миңден ашты. Соңку сурамжылоолор көргөзгөндөй, салттуу телеэкранды сааты келгенде тиктеген көрүүчүлөрдүн катары суюлуп, курагы жогорулап, орто курактан ылдый жаштардын көбү Интернетти тандап атат.

Бул тенденциядан артта калбай, биз "Фейсбук", "Инстаграм", "Одноклассники", "Твиттер" өңдүү социалдык тармактарда иштей турган атайын чакан команда түздүк. Алар биздин видео, аудио жана текст түрүндөгү эң кызыктуу мазмунду ушул порталдарга ылайыктуу форматка көчүрүп, тынбай жайылтып жатышат. Бардык социалдык тармактардагы күйөрман окурмандарыбызды кошкондо жалпы саны 3 миллион адамга чукулдап калды.

"Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкерлери.
"Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкерлери.

Бирок кеп сандарда эмес. Эң башкы максат - биздин коомду башкалардан өзгөчөлөнтүп турган жарандык, саясий укуктар, сөз эркиндигин, эркин талаш-талкуулар салтын жоготпоо, аларды болушунча бекемдеп күчтөндүрүү. Ошол эле маалда аялдар менен балдардын укуктарын коргоп, жашоосун жакшыртуу тууралуу ой-сунуштар менен мыкты жөрөлгөлөрдү жайылтуу. Булардын бирден бир жолу - жалпы билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, ар бир баланын ар тараптуу илим-билим алуу укугун бекемдөө экени айныксыз.

Ушул жерден айта кетели, бир нече жыл мурдараак Бангладештеги медреселерде билим алып жүргөн кыргыз жаштары менен телефондон сүйлөшүп калдык. "Эмнелерди окуп атасыңар, кандай сабактар бар?" деген сурообузга өспүрүм жашындагы жана 17ге чыгып калган жигит бирдей "күнүнө сегиз-он сааттай Куранды жаттайбыз, андан сырткары арап жана бенгал тилдерин окуйбуз" деп жооп беришти. Бул балдар, жаштар Кыргызстандын баш мыйзамы кепилдеген жалпы орто билим алуу укугунан куру калып, курдаштарынан артта калууда.

Биз эч убакта динге, анын ичинде исламга каршы эмеспиз. Илим-билимге сугарылган момун мусулмандарды терең сыйлайбыз, өзүбүз да ошондой болууга умтулабыз. Мусулмандар ар тараптуу билим алышын, адамзат тарыхын, география, химия, физика, алгебра, информатика жана башка сабактардын баарын окуп, дүйнөдө "биз кыйынбыз, башкалар келесоо" деген ойго азгырылган канча улут кийин ташталканы чыгып талкаланганын, башка улуттар менен дин, маданият өкүлдөрүн сыйлап, ынтымакта жашаган коом гана баарын жеңе алаарын жакшылап үйрөнсө деп тилейбиз.

"Азаттыктын" Бишкектеги кеңсеси.
"Азаттыктын" Бишкектеги кеңсеси.

Кыргызстанда төрөлгөн ар бир бала, же кыз бирдей ар тараптуу билим алып, дүйнөнүн кайсыл жеринде болбосун азыркы заманга керектүү кесипти аркалай алып, же табият берген жөндөмүн, талантын ача алса экен деп кыялданабыз. Жаш балдар өз жашоосу, келечеги кандай болушун жеке өз алдынча тандай албайт. Алар үчүн тандоо жасаган ата-энеси жана коомчулук, керек болсо мамлекет алардын келечеги үчүн бирдей жоопкерчилик алышы керек. Бүгүнкү балдар - Кыргызстандын келечеги, эртеңкиси экенин унутпасак.

Өтүп бараткан жыл кошумча мээнеткечтикти талап кылган жыл болду дегеним, "Азаттыктагы" кесиптештер маркум Уланбек Эгизбаевдин "Чындык деп жанган өмүр" аттуу китебин баарылап терип даярдап, "Сорос-Кыргызстан" фондунун жардамы менен басып чыгардык. Уландын өмүрү, жасаган эмгеги башкаларга, айрыкча жаштарга өрнөк болсун, сабак болсун деп тиледик. Жылына бир китеп басып чыгаруу, буюрса, салтка айланып баратат.

Журналисттик иш күнүмдүк түйшүкчүл көртирликке айланып, жазылган макала, материалдар 30, 50, 100 жылдан кийин кандай болот, ким билет. Былтыр Улуу Үркүндүн 100 жылдыгына арналган китеп чыгарганбыз. Келечекте "Куугунтук курмандыктары" радио сериябыздан тандап алып, убагында тоталитардык бийликтин азабынан жок болгон мекендештердин тагдырын баяндаган китеп, быйыл залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган онлайн сынагыбызга топтолгон замандаштар эскерүүлөрүн сейрек сүрөттөрдүн коштоосунда атайын китеп кылып чыгаралы деген пландар бар. Булардын баары кадимки күнүмдүк жумуштан тышкаркы кошумча эмгек, келечек муундарга бизден калган таберик, кыргыз эли, анын басып өткөн тарыхы тууралуу аманат сабак болсун деген аракет.

Айтматовду аздектегендер
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:44 0:00

Биз окурман, угарман, көрөрмандар менен тыгыз байланыштабыз деп ишенебиз. Силердин күнүнө 24 саат, жылына 365 күн бою дүйнөнүн ар тарабынан жазган пикир, ой-санааларыңыздарды окуйбуз, жарыялап да келатабыз. Ал үчүн жалпы жамаатыбыздын атынан терең ыраазычылык билдиребиз.

Мындан ары да бизге жаңы идеяларды, сунуштарды, сын пикир, демилгелерди билдирип жазып туруңуздар, биз ошого муктажбыз. Баарылап коомубузду өнүктүрүүгө салым кошолу, кайдыгер болбойлу! 2019-жыл коомубузду туруктуу өнүгүү жолуна салган бурулуш жыл болсун!

Мезгил агымындагы "Азаттык"
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:50 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     
XS
SM
MD
LG