Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:06

Акимов: Борбор Азия - кожоюнсуз аймак


Кыргызстандын тышкы саясаты тууралуу “Деньги и власть” басылмасынын редактору Турат Акимов "Азаттыкка" маек курду.

“Азаттык”: Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн расмий сапар менен Азербайжанга жөнөп кетти. Эки тарап соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташууну жакшыртуу маселелерин талкуулайт. Мындан сырткары конкреттүү кайсы маселелер каралышы мүмкүн?

Турат Акимов: Кыргызстан менен Азербайжандын ортосуна далдалчы болуп түрктөр чыгышы мүмкүн. Түрк байланыштарын өнүктүрөбүз деген маселе көтөрүлүшү мүмкүн. Андан сырткары мунай алабыз дегени маселе каралышы мүмкүн. Анткени Кыргызстан 100% мунайды сырттан алат. Ошондуктан тең салмактуулукту издеген учур болууда.

“Азаттык”: Кечээ Кыргызстанга Түркиянын өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Кемал Маденоглу баштаган делегация келди. Бул делегация кыргыз өкмөтүндө кеңири алкактарда кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөргөнү жатат. Кыргызстандын тышкы саясатында чоң өзгөрүүлөр болушу мүмкүнбү?

Турат Акимов: Азыр Түркия, Катар өңдүү Батыш, Америка менен байланыштагы мамлекеттер биз менен карым-катнаш түзүүгө аракет кылат. Анткени Американын Ирандын тегерегиндеги маселени чечүү боюнча чоң саясаты бар. Ошону чечүүнүн бир бутагы – Кыргызстандагы аба базасы.

Ошондой эле Ооганстандан аскерлерди чыгаруу, тегерек-четтегилердин баарын байланыштырып, ушул маселени чечүүгө аракет кылат. Негизи Орто Азия кожоюнсуз аймак деп аталат. Ошондуктан Кытайдын, Орусиянын жана Американын ушул жерлер үчүн салгылашуусу эми күч алат. Анткени Америка Ирактан да, Ооганстандан да өзүнүн аскерлерин чыгарат. Ошолордун бардыгын Орто Азияга жайгаштырганга аракет кылат, балким ар бир мамлекетке базаларды ачышы мүмкүн.

“Азаттык”: Кыргызстан өзүнүн стратегиялык өнөктөшү катары Орусияны атап келет. Ушул багытта Кыргызстандын саясаты кайсы өңүткө өзгөрүшү ыктымал?

Турат Акимов: Азыркы болуп жаткан аракеттин бардыгы Орусиянын геосаясатына каршы иштелип атат. Ошондуктан башка өлкөлөрдөн, Түркия, Катардан Камбар-Атаны, Датка-Кеминди курууга, кен байлыктарды казууга ири суммадагы каражат келиши мүмкүн. Орусия резервинен көбүрөөк акча бергенге аракет кылат.

“Азаттык”: ГЭС маселеси боюнча Орусия менен макулдашуу толук чечилбей калганы айтылууда. Казакстан-Азербайжан мунай иштетүү ишканасын Кыргызстанга куруу сунушу айтылган эле. Мунун ишке ашуу мүмкүнчүлүгү канчалык?

Турат Акимов: Кыргызстан акча сурап калган мамлекетпиз. Бул маселе Орусиянын рухунан, саясий кайратынан көз каранды. Эгерде Евразия кеңеши, Евразия банкынын негизинде чоң өлчөмдө каражат берсе, анда Орусия менен байланыш болуп кетет. Азыр башка өлкөлөр өз кызыкчылыгын көздөп, ошол эле Кытай сунуштарды берүүдө. Мисалы, Иран Тажикстанды колго алууда. Азиядагы таза суу жана энергетика таңсыктыгына байланыштуу акча келе берет.

XS
SM
MD
LG