Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:10

Өмүрүн “Альфага” арнаган


5-январда бийлик террорчу деп атаган топту кармоо учурунда окко учкан Жеңишбек Бабараимовдун артында аялы, бир уул, бир кызы жетим калды.

“Альфачынын” жакын туугандары 7-апрелде демонстранттарга ок атууга катышкан деп суракка тартылган Жениш Бабараимовго сот калыс чечим чыгарат деп үмүттөнүүдө.

Жеңиш Бабараимов тирүү болгондо февралда 31ге чыкмак. Өзү Баткендин Бешкент айылында туулуп, Ош шаарындагы Навои мектебин бүтүргөн. Жаш кезинен эле элге кызмат кылууну милдет катары сезген Жеңиш мектепти аяктаары менен эле аскерге жөнөп кеткен. Аскерди аяктап, Коргоо министрлигинин атайын кызматында иштей баштайт.

Жеңиштин кесипкөйлүгүн көргөн жетекчилер аны улуттук коопсуздук комитетинин атайын даярдыктагы “Альфа” бөлүмүнө чакырышат. “Өз ишине берилгендиктен ал керек болсо ата-энесинен кабар алууну да унутуп калат эле”,-дейт агасы Адыл:

Адыл Бабараимов
- Мектепти бүтөөрү менен эле башка балдар аскерден качса, Жеңиш өзү чуркап, комиссияга барып аскерге кеткен болчу. Болгондо да Кыргызстан аскеринин элитасы Улуттук гвардияды кызмат өтөдү. Андан кийин эле Коргоо министрлигинин “Скорпион” атайын кызматында жүрдү. Анан ошол жерден мунун мыкты экенин көрүшүп “Альфага” чакырышкан экен. Ал коркунучтуу кесип экенин билип туруп барган. Чындап кылган ишин сүйчү эле. Кечке иштеп жүрө берип керек болсо ата-энесинен кабар да ала албай калган. 2 жылда бир келген, анда да 2 саат отуруп кеткен эле.

Жеңиш турмушта да оор басырыктуу, жайдары адам болчу. “Кандай иште болбосун, колунан келген жардамын эч кимден аяган эмес”,-деп эскеришет анын достору. Апрелдеги окуялардан кийин достору менен да чогуу отура алган эмес экен. Маркумдун классташы Ислам Абдылдаев:

- Жеңиш “Альфага” кирген 2 жылдан бери биз аны менен көрүшө албай калдык. Адеп эле тапшырмада болот. 7-апрелден кийин аны таптакыр эле көргөн эмеспиз. Бишкекке өткөндө чакырсаң эле “кечирип койгула, бара албай калдым” деп калчу. Бизге жолуккан мезгилде да жумушу жөнүндө айтчу эмес. Өзү негизи аябай жоош, сабырдуу, оор басырыктуу бала болгон. Жеңиштин эң негизги сапаты адамгерчиликтүүлүк эле. Качан барып жардам сураба, колунан келгенин аяган эмес. Балдар менен жүргөндө сөгүнбөйт эле, арак ичпейт эле…

Ислам Абдылдаев
2010-жылдын апрель окуяларынан кийин атайын кызматтын “Альфа” тобунун жетекчиси Алмаз Жолдошалиев жана мамлекеттик күзөт кызматынын 8 өкүлү демонстранттарга каршы ок аткан делип камакка алынган. Анын ичинде Жеңиш Бабараимов да бар. Бирок Адыл Бабараимов анын иниси апрель окуяларындагы ок атууларга тиешеси жок деп ишенет. “Соттун жыйынтыгы акыйкат болот деп күтүп жатабыз, бирок биздин бийлик өкүлдөрүнө бере турган суроолорубуз көп”,-дейт Бабараимов:

- Ал боюнча Жеңиш өзү деле айткан, “экспертизалардын жыйынтыгы бар, таза деген, кыжаалат болбогула” деп. Анан кандайча соттолуп атты, биз түшүнбөй калдык. Азыр эми жыйынтыгы кандай болот убакыт көрсөтөт. Бийликтин башында тургандар туура чечим кабыл алышат деп күтүп атабыз. Сөөгү суубай туруп, биз ал окуялар тууралуу бир нерсе дей албайбыз.

Террорчу деп аталгандарды кармоо учурунда окко учкан Жеңишбек Бабараимовдун артында аялы, бир уул, бир кызы жетим калды. Ош шаар бийлиги анын ысымын калаадагы бир көчөгө ыйгарып, үй-бүлөсүнө батир берүүнү убада кылды. Ошондой эле өзү окуган мектепке ысымын берүү демилгеси да көтөрүлүүдө.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG