Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:37

Баткен: чагымга үндөгөн каттар табылууда


Ак-Сайдын тургундары
Ак-Сайдын тургундары

Баткендин Тажикстан менен чектеш айылдарында кыргыз бийлигин чек арадагы жаңжалдарды атайын уюштурууда деп чындаган баракчалар табылууда.

Белгисиз бирөөлөр тарабынан жазылып, айыл тургундарынын короосуна ташталган мындай каттардын бир нечеси 4-февралда Көк-Таш айылында табылган.

Мындан 10 күндөй мурда дагы ушундай маанидеги каттар Көк-Таш жана Ак-Сай айылдарындагы тажик айылдарына жакын жайгашкан короолорго ташталган болчу.

12-февралдын түнүндө короолордон кайрадан ошондой эле маанидеги каттар табылды. Кагаздарда азыркы кыргыз бийлиги эки өлкө тургундарынын ортосунда атайылап от жагып, ар кандай чырларды уюштуруп жатканы жазылган. Ага экс-президент Роза Отунбаеванын, өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин, премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин, вице-премьер-министр Токон Мамытовдун да тиешеси бар экени айтылат.

Мындай маанидеги каттын бирин Көк-Таш айылынын тургуну Мамасыдык Жунусов өз короосунан тапкан.

- Ушундай кыргыз бийлигин элге жаман көрсөтүү үчүн баракчалар биздин короолорго ташталып жатат. Бул жорук экинчи жолку кайталанды. Биз муну кимдир бирөөлөр атайын жасаганын сезип турабыз. Эч кандай деле маани берген жокпуз бирок, күч кызматтары муну тыкыр текшерсе деп ойлойбуз.

Короолорго ташталган каттар боюнча милиция иликтөө баштады. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты. Бирок баракчалардын артында ким турганын так айтуу кыйын. Көк-Таш айылынын башчысы Разия Өсөрөва муну уюштургандар жаңжал чыгышын каалап жаткандай деген ойдо:

- Эми Көк-Таш айылы негизги жер. Анткени бул жерден Лейлек районуна жол өтөт, Баткенге суу барат. Ушуну эске алып жаңжал чыгарууну каалагандар бар. Бирок биз буга жол бербейбиз. Анткени эл катты чагымчылдар жазганын түшүнүп турат. Болбосо Отунбаеванын чек арага кандай тиешеси бар. Ал киши бул жакка башка маселе менен келген. Анын атын да кошуп коюшуптур, сыягы ошентип ойлошсо керек.

Чек арада табылган каттардын бири.
Чек арада табылган каттардын бири.
Баракчалар атайын компьютерде терилип, кыргызча жазылган. Бирок аны кыргыз тилин жакшы билбеген киши жазганы бир караганда эле байкалат.

Чек аралаш айылдардагы экинчи жолу кайталанып жаткан бул иш боюнча азырынча укук коргоо кызматтары иликтөө иштерин жүргүзүп жаткандыктан кандайдыр бир божомолдорду айтуудан карманышууда.

11-январда Көк-Таш - Ак-Сай -Тамдык унаа жолунун курулушуна тажик тарап каршы болуп, кыргыз-тажик чек арачыларынын ортосунда атышуу болгон. Натыйжада, Кыргызстандан 6, Тажикстандан 3 аскер жараат алган. Мындан кийин кыргыз тарап чек араны бир тараптуу жапкан. Окуянын чыгышына эки тарап бири-бирин күнөөлөп келет. Учурда кыргыз-тажик сүйлөшүүлөрү өтүп жатканы менен жылыш байкалбайт.

XS
SM
MD
LG