Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:16

Баткендик ишкер ГЭС куруп жатат


Баткендик ишкер чакан ГЭС курат
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:50 0:00

Баткендик ишкер чакан ГЭС курат

Бул Баткен облусундагы жеке ишкер салып жаткан алгачкы чакан ГЭС.

Жергиликтүү жеке ишкер өз каражатынын эсебинен куруп баштаган чакан ГЭСтин жарымынан көп иши аяктап калды. Кийинки жылга ишке берилгени жаткан ишкана жылына 5 миллион киловатт электр энергиясын өндүрөт. Бул электр кубаты менен бир топ жаңы жерлерди өздөштүрүү каралууда.

Лейлек районунун Козу-Баглан дарыясына чакан ГЭС куруу мүдөөсү менен иш баштаган ишкер Асан Халбеков буга чейин көмүр шахтасын иштетип келген. Андан түшкөн пайдага Белес участкасынан агып өткөн сууну максаттуу колдонууну көздөп, чакан ГЭС курган. Учурда чет өлкөдөн 30 млн. сомго шаймандарды алып келип дээрлик 60 пайыз жумуш аяктап калды.

Ишкер шахтадан түшкөн каражат курулушту дароо бүтүрүүгө жетпесе да, иш аз-аздан алдыга жылып жатканын айтты:

«Бизде мурда иштеп турган көмүр шахтасы бар эле. Андан түшкөн кирешеге ушул ири долбоорду баштадык. Негизги максатыбыз - электр энергиясын өндүрүп, кайракы жерлерге суу чыгаруу. Каражат жетишинче аракет кылабыз. Козу-Баглан дарыясы жөн эле агып жатат. Элге пайдасы тийсин деген ниетибиз бар. Мындан ары ишти токтотпой, ири долбоорлорду улантабыз. Ар бир жасаган ишибиз эл үчүн», - деди Асан Халбеков​.

Бул долбоордун жалпы сметалык баасы 70 млн. сомго бааланып, курулуш бүтүп ишке кирсе, жылына 5 млн. киловатт саат электр энергиясын иштеп чыгат. Өндүрүлгөн энергия насостук станцияларга, ашканаларга жана жеке колдонуучуларга сатылмакчы. Чакан ГЭСтин өзүндө 20дан ашык жумушчу орун түзүлөт.

Асан Халбеков кийинки жылы ишкана пайдаланууга берилсе, андан түшкөн пайда менен көмүр шахтасынын кирешесин кошуп, район аймагына пайда алып келе турган ГЭС куруу максаты бар экенин белгиледи:

«Ак-Суу деген дарыябыз бар. Ал жерде суу пайдаланылбай эле агып жатат. Ошол дарыяга 6 мегаваттык ГЭС куруу планы менен долбоор даярдадык. Ага 2 млн. сомго жакын каражат жумшадык. Азыркы демилгебиз ишке кирсе, аны да баштайбыз. Тобокел кылбасак жүрө беребиз да? Биз эми өкмөттөн бир аз колдоо болсо дейбиз. Азыр пайызы азыраак, мөөнөтү жана суммасы көбүрөөк насыя ала албай жатабыз».

Район акими Баймурат Бекмуратов учурда ички инвестор ишке ашырып жаткан демилге башка ишкерлерге үлгү болорун белгиледи. Ал бул долбоор аймактагы калктын турмушун оңдоого салым кошуп, туруктуу ишкана түптөп, айдоо аянттарын өздөштүрүүгө шарт түзөрүнө ишеним артып турат.

«Асан Халбековдун долбоору - элдин турмушун жакшыртууга чоң салым, - деди ал. - Бул чакан ГЭС ишке кирсе, миндеген гектар кайракы жерлерди өздөштүрүүгө шарт түзүлөт. Биз да колдон келишинче кубаттап жатабыз. Анткени бул долбоордун келечеги жакшы. Аймакка экономикалык пайдасы зор».

Чакан ГЭСтерди куруу боюнча жергиликтүү бийлик да иш пландарын түзүп, эки жерден электр энергиясын алууну болжолдоп жатат. Муну менен жаңы жерлерди өздөштүрүү да каралган.

Баткен облусунун аймагынан беш чоң өзөн агып өтөт. Бирок дарыялар тоолуу аймак аркылуу өткөндүктөн анын 10 пайызы гана облустун аймагындагы эгин аянттарына сугат суу катары пайдаланылат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG