Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:14

Баткенде бийликти араң алмаштырышты


Баткенге жаңы облус губернаторун эки күн ордуна коё алышпай, 1-февралда мурдагы облус жетекчисинин таламдаштары митинг өткөрдү.

Өткөн жылдын соңунда Лейлек районунун Андарак айылында кыргыз жана тажик улутундагы жаштар ортосунда жаңжал чыгып, бул окуяны иликтөө үчүн өкмөттүк жана парламенттик комиссия иш жүргүзгөн. Комиссия өз жыйынтыгында облус губернатору Арызбек Буркановдун ишин сындап, жумуштан четтетүү сунушун берген.

20-январда Арзыбек Бурканов өз каалоосу менен кызматттан кетүү тууралуу арызын өкмөткө тапшырганын айтып, эл менен коштошуп кеткен болчу.

Эки күндөн бери өкмөттүн өкүлү Төрөгул Беков Баткенде жаңы жетекчини тааныштыра албай жүрөт. Жаңы дайындалган губернаторду тааныштырууга мурдагы губернатордун колдоочулары мүмкүнчүлүк бербей койду.

- Андарактагы окуя боюнча иштеген комиссиянын жыйынтыгына эл нааразы болуп жатат. Мен өкмөткө бул маселени жеткирип, бул жерден да жергиликтүү тургундардан да камтыган топ иштеп, комиссиянын ишин кайрадан карайлы деген сунуш айтып жатам. Бишкекке ушул топту чогулталы.

Баткен облусунун мурдагы губерантору Арзыбек Бурканов жумуштан кетүү тууралуу арызын мажбур жазганын, Андарак окуясы боюнча комиссиянын жыйынтыгы туура эмес чыкканын колдоочуларына айтты. Губернаторлук кызматтан кеткенге чейин бул улут аралык маселеде кайрадан комиссия иштеп өзү акталса гана кийинки кадамдар белгилүү болоорун митингчилер алдында билдирди:

- Мен жумуштан кетүү тууралуу арызымды мажбур түрдө жаздым. Мени ошол Андарак маселесинде жаманатты кылып жатышат. Мен элиме таянам, элден "мени коргогула" дейм. Мен бул кызматка жабышып калган жокмун. Өкмөт ушундай ыплас жол менен мага көө жаап, кызматтан алгысы келип жатат.
Мен жумуштан кетүү тууралуу арызымды мажбур түрдө жаздым. Мени ошол Андарак маселесинде жаманатты кылып жатышат.

Жалпы облустун активине жана элге жаңыдан дайындалган губернатор Жеңиш Раззаковду өкмөттүн аппарат жетекчиси Төрөкул Беков тааныштыра албай, тар чөйрөдө гана тааныштырып кеткени маалым болду. Бирок Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы болуп иштеп турган Жеңиш Раззаков нааразычылык билдирип чыккан эл алдына чыгып, талаштуу маселе чечилип, абал жөнгө салынмайынча бул кызматка келе албастыгын айткан.

Окуяга көз салып турган жергиликтүү журналист Султан Артыков өкмөт маселени туура чечиш керек болчу дейт:

- Беков 2 күндөн бери ушул жерде жүрөт. Жаңы губернаторду элге тааныштыра албай, ачык айта албай жатат. Бир нече күндөн бери Буркановдун кызматынан кеткенине эл нааразы болуп жүрөт. Ушул маселени башында эле өкмөт туура, элдин кызыкчылыгы менен эсептеше тургандай чечкенде мындай болбойт болчу. Жаңы дайындалган Жеңиш Раззаков да эл алдына чыгып, эл ыраазы болмойунча, талаштуу чырлар басылмайынча губернаторлукка келбей турганын айтты. Маселени мындай чечпеши керек эле.

Ошентип 1-февралда кечке жуук премьер-министр Өмүрбек Бабановдун буйругу менен Баткен облусуна губернатордун милдетин аткаруучу болуп Жеңиш Разаков дайындалды.

XS
SM
MD
LG