Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:19

Ок аткан жетекчи кайрадан кызматка келди


Өз кызматкерин травматикалык тапанча менен аткан деп шектелген Базар-Коргон райондук мамкаттоо башкармалыгынын мурдагы жетекчиси айыл өкмөттүн убактылуу башчысы болуп дайындалды.

Кезегинде бул жетекчиге куралды мыйзамсыз колдонуу жана адам өмүрүнө коркунуч келтирүү беренеси менен кылмыш иши козголуп, камака алынган. Сот иши жүрүп жаткан адамдын жетекчилик кызматка кайрадан келишине жабырлануучулар нааразычылык билдирип чыгышты.

Райондук мамкаттоонун мурунку башчысы Эмилбек Тарыхчиев ушул жылдын 28-августунда Мамлекеттик кадр кызматынын сынагынын негизинде Базар-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары болуп дайындалды.

Бул чөлкөмдө айыл өкмөт башчысы убактылуу иштен четтетилгендиктен район акиминин буйругу менен Эмилбек Тарыхчиев айыл өкмөт башчысынын милдетин аткарууда. Ал өзү бул ишке мыйзамдуу келгенин билдирет.

- Мамлекет жана өкмөт соттолгон адамдын кызматка келишине жол бербесе керек. Менин документтеримди Мамлекеттик кадр кызматы, айыл өкмөттөн түзүлгөн атайын комиссия текшерип чыгышты. Атүгүл тийиштүү жактардан соттолбогондугум тууралуу документтерди да алышкан. Эгерде мен соттолгон адам болсом бул жерге ишке дайындалмак эмесмин. Менин ал учурдагы ишим азыр облустук сотто каралып жатат. Жакынкы күндөрү дайыны билинет деген ойдомун. Ага чейин мурунку болгон иш боюнча эч нерсе айта албайм.

Укук коргоо органдарынын маалыматында Эмилбек Тарыхчиев 2015-жылдын ноябрь айында өзүнүн кол алдында иштеген бөлүм башчысы Таалайбек Исаевди травматикалык тапанча менен төрт жолу атып, ок жабырлануучунун башын жарып, кулагы менен колун айрып кеткен.

Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 28-97-беренелерине ылайык кылмыш иши козголуп, Тарыхчиев камакка алынган. Ошол эле кезде окуяга тиешеси бар эки кызматкер тең жумуштан бошотулган.

Октон жарат алган Таалайбек Исаев кылмыш иши бүтө элек, сотто иши каралып жаткан адамдын кайрадан жетекчилик кызматка келүүсүн абсурд деп баалады.

- Тарыхчиевдин айыл өкмөт башчылыгына келгенине мен да таң калып турам. Кантип эле өз кызматкерин аткан, соттолуп жаткан адамды жетекчилик кызматтарга кайрадан алып келип жатышат? Биздин президент, өкмөт ушундай башаламан, мыйзамсыз жагдайларга көңүл бурушу керек деп ойлойм. Биздеги 32 миң адамдын тагдырын чече турган жооптуу кызматка кылмыш жасаган адамды алып келип жатышат.

Базар-Коргон райондук соту Тарыхчиевдин үстүнөн козголгон кылмыш иш боюнча аны толугу менен актоо чечимин кабыл алган. Облустук сот болсо мунапыс колдонуу менен жазадан бошоткон. Бирок Жогорку Сот облустук соттун чечимин бузуп, ишти кайрадан Жалал-Абад облустук сотуна жөнөткөн жана анын кароосунда жатат дейт жабырлануучу Исаев.

- Бүгүнкү күндө Тарыхчиевдин үстүнөн соттук иликтөө жүрүп жатат. Ошол учурда соттук-медициналык экспертиза мени жеңил жарат алды деп чыгарып койгон. Азыр кайрадан экспертиза иштери жүрүп жатат. Ошол себептүү Тарыхчиев акталган да, мунапыс менен бошотулган да жери жок. Ошондуктан аны мамлекеттик кызматка аралаштырбаш керек болчу. Бул жерде райондон бардык документтер туураланган.

Базар-Коргон районунун акими Айбек Бегимкулов Тарыхчиев айыл өкмөт башчысынын орун басары катары сынактан өтүп келгендиктен, мыйзамдуу түрдө аны жетекчинин милдетин атаруучу кылып дайындаганын айтат.

Ал эми айыл өкмөттөгү туруктуу комиссиянын мүчөсү Абдыкадыр Раев Тарыхчиевди сынакка катыштырууда мыйзам бузуу орун албагандыгын билдирди.

- Тарыхчиев райондук соттон акталып, облустук сотто Кылмыш-жаза кодексинин саламаттыкка атайылап анча оор эмес залал келтирүү беренеси менен күнөөлүү деп табылган. Бирок мунапыс менен кылмыш иш кыскартылган. Азыр анын иши Жогорку Соттун чечими менен кайрадан каралып жатат. Кылмыш-жаза кодексинин 77-беренесинин 2-бөлүмүнө ылайык мунапыс колдонулган адам соттолгон болуп эсептелбейт. Ошол себептүү биз ага ушул сынакка катышууга уруксат бердик.

"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамга ылайык, мурда соттолгон же соттуулугу жоюлбаган адам айыл өкмөт башчысы жана анын орун басары болуп иштей албайт.

Укук коргоочулар кылмыш ишине байланыштуу жумушунан алынган, ошол иши аягына чыга элек жетекчинин кызматка келүүсүн туура эмес көрүп жатышат. Райондук прокуратура бул ишти териштирип жатканын билдирди.

Базар-Коргон райондук Мамкаттоо кызматынын мурдагы жетекчиси Эмил Тарыхчиев бул кызматты 1999-жылдан бери жетектеп келген. 2015-жылы өткөн парламенттик шайлоодо КСДПнын аймактагы штаб жетекчиси болуп иштеген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG