Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:48

Базар-Коргондо депутат менен жетекчи мушташты


Базар-Коргон.
Базар-Коргон.

Базар-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучуга каршы «Бийликтен аша чабуу» беренеси менен козголгон кылмыш ишин милиция териштирип жатат.

Аймактагы жергиликтүү кеңештин депутатын жетекчи өз иш бөлмөсүндө токмокко алып, ири суммадагы акча талап кылганы арызда көрсөтүлгөн. Окуяга айылдык кеңештин төрагасы баш болгон бир топ жергиликтүү депутаттар да аралашкан. Чатактын баары жер талаштын айынан чыкканы белгилүү болду.

Базар-Коргон айылдык кеңешинин депутаты Элдияр Жуманазаров ден соолугуна зыян келтирип, өз иш бөлмөсүндө кол көтөргөн Базар-Коргон айыл аймагынын башчысынын милдетин аткаруучу Теңирберди Жолдошевге каршы райондук прокуратурага кайрылган. Жуманазаров учурда айыл өкмөттү жетектеп жаткан кызматкер анын мурда өздөштүрүү максатында ижарага алган 7 гектар жерин талашып жатканын айтты:

Элдияр Жуманазаров.
Элдияр Жуманазаров.

«Базар-Коргон аймагынан жети гектар жерди келишим менен 10 жылдык мөөнөткө ижарага алгам. Теңирберди Жолдошев айыл аймакка башчы болуп келгенден кийин ошол жерге кызыгып, документтеримди териштире баштады. Кезегинде мен баарын мыйзамдуу жол менен аукцион аркылуу алгам. Мени чакырып алып: «Ал жерди кайрадан мен аркылуу аласың, болбосо 1 млн. сом бересиң», - деди. Айылдык кеңештин төрт депутаты жана айылдык кеңештин төрагасы болуп Жолдошевдин иш бөлмөсүнө башка маселе менен киргенбиз. Ал мага үнүн көтөрүп: «1 миллионду алып келдиңби?» - деп сурады. Мен: «Акча керек болсо алып келип берем» десем, иш бөлмөсүнөн чыгып кетүүнү талап кылды. Жергиликтүү депутат катары айылдыктардын маселесин айтканы келгенимди билдирсем, баса калып муунтуп кирди. Башка депутаттар бизди ажыратып, мени сыртка алып чыгып кетишти. Ошол окуядан кийин мен кол көтөргөн айыл өкмөттүн үстүнөн райондук прокуратурага арыз менен кайрылгам. Ага чейин 1 млн. сом акча сурап жатканы боюнча да прокуратурага билдиргем».

Айыл өкмөт башчысынын иш бөлмөсүндөгү мушташ ушул жылдын 8-апрелинде болгон. Айылдык кеңештин төрагасы Тынар Нуркамилов экөөнү арачалап калганын жана жетекчинин бул аракети туура эмес болгонун айтат. Төрага баш болгон бир топ депутаттар да прокуратурага көрсөтмө беришкен.

«Төрага катары мен айыл өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу менен айрым маселелер боюнча сүйлөшүү максатында анын иш бөлмөсүнө баргам, - деди Тынар Нуркамилов. - Бир аздан кийин артымдан Элдияр Жуманазаров баштаган үч депутат кирип калды. Баарыбыз менен жакшы учурушкан жетекчи Элдиярды көрүп: «1 миллионду алып келдиңби?» деп айтканын уктук. Ошентип экөө жакалашып, уруша кетишти. Жетекчи катары Теңирберди Жолдошевдин депутатка өз бөлмөсүндө кол көтөргөнү, иш бөлмөсүнөн эл өкүлүн «чык» деп айтып кекеткени да туура эмес. Биз териштирүү учурунда орган кызматкерлерине айыл өкмөттүн иш бөмөсүндө болгон окуянын баарын айтып, көрсөтмө бердик».

Базар-Коргон прокуратурасы.
Базар-Коргон прокуратурасы.

Айыл өкмөт башчысынын үстүнөн райондук прокуратура Жазык кодексинин «Бийликтен аша чабуу» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөөнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) өткөрүп берген. Бирок Базар-Коргон районунун прокурору Садык Сатыбалдиев атайын кызматтын облустагы башкармалыгы бир айдан кийин тергөөнү кайрадан прокуратурага кайтарганын айтты:

«Бул боюнча иш Бирдиктүү ресстрге 9-апрелде катталып, облустук прокуратурага жөнөтүлгөн. Ал келип түшкөн материалды тергөөнү УКМКнын облустук башкармалыгына берген. Атайын кызмат тергөөдө материалдардын көптүгүнөн карай албай, облус прокурорунун көрсөтмөсү менен кайрадан райондук прокуратурага жөнөтүптүр. Ал ишти биз райондук ички иштер бөлүмүнө бердик. Арызда жергиликтүү депутат Элдияр Жуманазаров айыл өкмөт башчысы тууралуу «кол көтөрдү жана акча талап кылды» деп кайрылган».

Теңирберди Жолдошев ушул жылдын февраль айында айыл өкмөт башчысынын орун басары катары сынактан өтүп, айыл аймакта бир топ жылдан бери башчы жоктугунан анын милдетин аткаруучу болуп иштеп келатат. Ал депутаттан акча талап кылбаганын жана кол көтөрбөгөнүн айтууда.

Теңирберди Жолдошев.
Теңирберди Жолдошев.

«Былтыр жергиликтүү депутат Элдияр Жуманазаров мамлекеттик фонддун карамагындагы 7 гектар жерди мыйзам бузуу менен 10 жылдык мөөнөткө келишим аркылуу ижарага алганын комиссия иликтеп чыкты, - дейт ал. - Бул иш азыр райондук соттун карамагында жатат. Ошол маселени көтөрсөм, бир топ депутаттар мага каршы чыгып жатышат. Акча боюнча маселе таптакыр жалган. Ал күнү бир нече депутаттар менен төрага баш болуп иш бөлмөмө кирген. «Акча боюнча жалган маалымат таратып жатасың» деп айтсам, мен менен айтыша кетип, мага кол көтөрдү. Депутаттар бизди ажыратып, аны сыртка алып чыгып кетишти. Айыл өкмөттүн бардык кызматкерлерин чакырып, жеринде дароо акт түздүк. Анткени ошол учурда менин беттерим сыйрылып кеткен болчу. Депутаттар арыз жазбашымды суранып, жараштырып коюну сунуш кылышты. Мен ага макул болгонум менен Жуманазаров прокуратурга барып арызданыптыр. Андан соң мен да райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылдым».

Теңирберди Жолдошевдин арызы боюнча Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмү «Бийлик өкүлүнө зомбулук көрсөтүү» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, учурда соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгын күтүп жаткан кези. Облустук милициянын басма сөз кызматынын кызматкери Нурдин Жээнтаев мындай маалымат берди:

«Теңирберди Жолдошевдин арызы Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, «Бийлик өкүлүнө карата зордук-зомбулук көрсөтүү» беренеси менен кылмыш иши ачылган. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына Жолдошев макул болбой, комиссиялык текшерүүдөн өтүүнү суранган. Азыр анын жыйынтыгын күтүп жатабыз».

2017-жылы Базар-Коргон айыл аймагынын башчысы болуп шайланган Чынгыз Сариевге каршы бак-дарактарды мыйзамсыз кыюу боюнча кылмыш иши козголуп, ал убактылуу жумуштан четтетилген эки жылдан бери туруктуу башчы шайлана элек.

Андан кийин өз кызматкерин тапанча менен аткан Мамлекеттик каттоо кызматынын райондук бөлүмүнүн мурунку башчысы Эмил Тарыхчиев милдетин аткаруучу болуп дайындалып, бир топ ызы-чуудан кийин жумуштан алынган. Кийин Икрам Чолпонов да үч ай аймак башчысынын милдетин аткаруучу болуп иштеди. Аталган айыл өкмөттө 40 миңдей киши жашайт. Бир жылдык бюджети 60 миллион сомго жетет.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG