Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:54

Шайлоонун шайды оодарчу жаңы эрежеси


Шайлоо участогу. 25-ноябрь, 2012-жыл.
Шайлоо участогу. 25-ноябрь, 2012-жыл.

Шайлоо кодексине киргизилген жаңы өзгөртүүлөр парламент тарабынан 3-окууда кабыл алынды.

Кабыл алынып жаткан мыйзам боюнча шайлоого катышкан саясий партиялар мурдагыдай 500 миң сом эмес, 5 млн. сом күрөө коюуга туура келет. Ошондой эле партия парламентке өтүшү үчүн жалпы шайлоочулардын 9 пайыздан кем эмес добушун алышы зарыл. Мурда бул пайыздык тосмо жети пайызды түзчү. “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев мындай өзгөртүү шайлоону оюн көргөндөргө бөгөт болот деп ишенет.

- Дүйнөдө күрөө тамашакөй, олуттуу эмес партияларды шайлоого кошпоо үчүн коюлат. Шайлоого оюн-зоок үчүн катышып, бекер телевидениеден пайдаланып “зима не будет” деген шоумендер толтура да. Ага мамлекеттин акчасы кетет бекер эле. Шайлоочулардын башы айланат. Ошондуктан күрөө жана барьер көп болсо шайлоого олуттуу жана күчтүү партиялар гана аттанат.

Текебаев 5 млн. сомдук күрөөнү 120 талапкерге бөлө келгенде ар бирине 41 миң сомдун тегерегинде тиерин, бул сумма депутат болом дегендер үчүн маселе эместигин кошумчалады.

Акчасы жоктор шайлоого барбайбы?

Бул өзгөртүүлөргө каршы чыккан саясий партиялар да аз эмес. Алар кийинки шайлоолорго капчыктуу гана партиялар катышып калат деп чочулап жатышат. “Эркин эл” саясий партиясынын лидери Мавлян Аскарбеков күрөөнүн жана пайыздык тосмонун көтөрүлүшүнө нааразы. Айтымы, мындай чектөөлөр жаш, жаңы партияларга бут тосуу үчүн гана кабыл алынып жатат.

- Биз мындай өзгөртүүлөргө караманча каршыбыз. Күрөөнү көбөйткөндүн ордуна шайлоо жараянына кеткен чыгымдарды азайтышыбыз керек болчу. Ал акчалардын көбү чет өлкөлөрдөн алынат жана жыл сайын өсүп баратат. Шайлоого жумшалган акчаларга чек коюп, бардык партияларга бирдей мүмкүнчүлүк беришибиз керек. Шайлоо акчанын эмес, партия идеяларынын, программаларынын атаандашуусу болушу керек эле.

Шайлоо кодексине мындан сырткары да бир катар өзгөртүүлөр киргизилди. Буга чейин партия тизмесиндеги талапкерлерди шайлоодон кийин өзгөртүү сунушталып келсе, жаңы мыйзам буга тыюу салат. Ошондой эле шайлоочулардын тизмесине биометрикалык маалымат тапшыргандар гана киргизилет жана добуш паспорттун негизинде гана берилет. Буга чейин жарандарга аскердик билет, пенсионердин же айдоочунун күбөлүгү менен добуш берүүгө уруксат берилип келген.

Шайлоочунун пикири эске алынган жок...

Шайлоо мыйзамдары шайлоочунун пикирин эске албай, шашылыш кабыл алынып жатат. Мындай пикирин укук коргоочу Төлөкан Исмаилова ортого салды. Анын жүйөсүндө кабыл алынган өзгөртүүлөр азыркы парламенттеги партиялардын келерки шайлоодо кайрадан келиши үчүн гана кызмат кылат.

- Бул өзгөртүүлөр коррупциялык жана түшүнүксүз кадамдар. Азыркы фракциялар кийинки шайлоодо кайра келүүнүн камын жеп жатышат. Шайлоо аз калганда оюн эрежелери өзгөрбөшү керек болчу. Мындай чечимдер демократиялык өлкөлөрдө эч убакта кабыл алынбайт. Жок дегенде коомдук талкууларды уюштуруп, эл менен акылдашуу керек болчу.

Бул өзгөртүүлөр күчүнө кириши үчүн мыйзамга президент кол коюшу керек. Кыргызстанда расмий каттоодон өткөн 200дөн ашык саясий партия бар. Күздө болчу парламенттик шайлоого даярдык азыртадан кызыды. Буга саясий-идеологиялык жактан көз караштары дал келбесе да, партиялардын өз ара биригип жатышы айкын мисал.

XS
SM
MD
LG