Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:13

Кыргыз тили Google котормого кирди


700дөй ыктыярчынын жардамы менен миллионго жакын кыргызча сөз Google котормого системасына киргизилген.
700дөй ыктыярчынын жардамы менен миллионго жакын кыргызча сөз Google котормого системасына киргизилген.

Google Translate электрондук котормо системасына расмий түрдө кыргыз тили да кошулду. Бул үчүн 700гө жакын ыктыярчы беш жылдык эмгек сарптаган.

Google котормодо жүзгө жакын тил бар. Кыргыз тилин бул системага киргизүү аракети 2011-жылдын июль айында башталган. Атай Жунушов, Рахат Сабырбеков, Данияр Үсөнов баш болгон активисттер “Айсок Кыргызстан” коомдук фондун түзүп, Google компаниясында иштеген кыргызстандык Тилек Мамутовдун жардамы менен электрондук сөздүктү кыргызчалап башташкан. Кийинчерээк бул ишти “Биздин мурас” фонду улантып, 700дөй ыктыярчынын жардамы менен миллионго жакын кыргызча сөз системага киргизилген. Фонд жетекчиси Чоробек Сааданбеков кыргыз тилин Google Translate системасында байытуу үчүн көп эмгек талап кылынарын айтууда.

- Бул алагчкы эле баскыч. Анткени миллион сөз бул системадагы эң минималдык көрсөткүч. Google котормосуна кыргызчаны кошкондо дагы жаңы 13 тил кошулду. Котормонун сапатын көтөрүш үчүн ар бирибиз салым кошушубуз керек. Жаштарыбыз баары шыктанып калышты. Жигердүүлүк көрсөтүп жатышат. Бирок демөөрчүлөрдөн тапкан каражат чектелүү болууда.

Сааданбеков кошумчалагандай, сөздүктөгү 500 миң чамалуу сөздү Кыргыз-түрк “Манас” университетинин студенттери, мугалимдери киргизген.

“Биздин мурас” фондунун жетекчиси Чоробек Сааданбековдун маеги
Сааданбек: Өкмөт сөз менен гана колдоду
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:25 0:00

Акча толтура, иштеткен киши жокпу?

Буга чейин кыргыз тилин электрондук котормого киргизүү аракетин “Сорос” баштаган эл аралык уюмдар каржылап келген. 2014-жылы гана мамлекет бул үчүн 1,3 млн сом бөлгөн.

Ал эми 2015-жылы кыргыз тилин өнүктүрүү үчүн ​деп 243 млн. сом каралган. Бирок мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Эгемберди Эрматов аталган каражаттын 30-40 пайызы гана иштетилгенин айтууда.

- Тилди өнүктүрүү боюнча улуттук программанын негизинде 2015-жылы 243 млн сом бөлүнгөн. Аталган каражаттарды мамлекеттик органдар иштетмек. Маселен, Билим берүү министрлиги окуу китептерин чыгарууга бөлүнгөн 100 миллиондун 30 пайызга жакынын гана өздөштүргөн. Ал эми Улуттук илимдер академиясында да ушундай эле көрүнүш. Ар кандай бюрократиялык тоскоолдуктардан улам бөлүнгөн каражаттар убагында иштетилбей калды. Бирок кийинки жылы иштетиле берет. Быйыл дагы кошумча 186 млн сом бөлүнөт.

Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча улуттук программаны көзөмөлдөө үчүн түзүлгөн жумушчу топтун мүчөсү Замира Дербишева буга чейин кыргыз тилин өнүктүрүүдө акча башкы маселе болуп келсе, эми адамдык ресурс жетпей жатканын айтты:

- Каражаттын жоктугу чоң көйгөй жаратып келген. Китептерди басып чыгарууда, котормолорду даярдоодо акча жок деген шылтоо бар болчу. Бирок каражат бөлүнсө деле бул иштер алдыга жылган жок. Анткени ошол акчаны иштете билген адистер жетишпейт. Маселен, Билим берүү министрлигинде тил боюнча 3-4 гана адис иштейт.

Айтмакчы Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча улуттук программаны көзөмөлдөө үчүн түзүлгөн жумушчу топту КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков жетектейт. Президент Алмазбек Атамбаев кыргыз тилин 2014 - 2020-жылдар аралыгында өнүктүрүүгө бюджеттен 480 миллион сомго жакын каражат бөлүнөрүн билдирген. Талдоочулар каралган акча иш билги адистердин жоктугунан максатсыз пайдаланылып жатканын айтып келишет.

XS
SM
MD
LG