Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:15

Google: чыр коштогон кыргыз долбоору


Google компаниясынын кеңсеси (АКШ, Калифорния)
Google компаниясынын кеңсеси (АКШ, Калифорния)

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия Google translate - кыргызчалатуу долбоорунун тендерин "Улут Soft" компаниясына ыйгарганы бир топ талаш-тартыш жаратты.

Тендердин жыйынтыгында тажрыйбасы жок компания жеңүүчү болуп табылды деген адистер Google translate – кыргыз долбоору ара жолдо токтоп каларынан кооптонушууда. Өз кезегинде тендерди уткан “Улут Soft” компаниясынын өкүлдөрү Google translate программасына ушул жылы кыргыз тилин киргизебиз деп ишендиришти.

"Гуглду" кыргызчалатуу башка компанияга өттү

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы Google translate – кыргыз долбоору үчүн экинчи жыл катары менен каражат бөлүүдө. Былтыр кыргыз тилиндеги интернетти өнүктүрүү боюнча 4,5 млн. сомго бааланган долбоорду “Биздин мурас” коомдук фонду утуп, алгачкы иштер ордунан жылган эле. Арадан бир жыл өткөндөн кийин аталган фонд башталган иш аягына чыкпай каларынан кооптоно баштады.

"Биздин мурас" фонду Каржы министрлигине кат жолдоп, анда мамлекеттик тил комиссиясы Google translate долбооруна кыргыз тилин киргизүү боюнча тендерди адис эмес компанияга ыйгарып койгонун айтышты.

Фонддун жетекчиси Чоробек Сааданбековдун “Азаттыкка” билдиришинче, тил комиссиясы тендердин талаптарын одоно бузуп, 2014-жылы түптөлгөн "Улут Soft" деген компанияны жеңүүчү деп тапты. ​

- Тендерде компаниялар кеминде акыркы эки жылдагы бухгалтердик эсеп-чотун көрсөтүп, мобилдик тиркемелер менен иштөө тажрыйбасы жана эки жылдан кем эмес ушул тармакта иштеп жаткан тарыхы болушу керек эле. Бирок тендерден утуп алган "Улут Soft" деген компания тендердик талаптын бирине дагы жооп бербей жатат. Алар 2014-жылы эле түзүлө калган экен. Ушундан улам бизде Google translate – кыргыз долбоорун кимдин колуна берип койду, - деген суроо туулуп жатат.

Баштаган ишти улантууга мамлекеттен быйыл колдоо албай калган “Биздин мурас” фонду өз күчү менен ишти уланта турганын билдирди.

Google translate программасы кайсы бир тилди дүйнө тилдерине дароо которуп бергени менен белгилүү. Мындан башка программа үн аркылуу тилдерди аныктап, которуп да бере алат.

Тендерден 700 миң сом үнөмдөлдү

Долбоорду ишке ашыруу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияга жүктөлүп, казынадан тийиштүү каражат бөлүнгөн. Аталган комиссиянын төрагасы Эгемберди Эрматов экинчи тендерде арзан бааны сунуштаган компанияга жан тартканын жашырган жок. Анын айтымында, "Улут Soft" башка тендердеги компанияларга салыштырмалуу ишти 700 миң сомго арзан аткарууга даяр болгон.

- Тендерде долбоорду ким арзан, сапаттуу жана тез аткарууга милдеттенме алса, ошол компанияга артыкчылык берилмек. Тендердик комиссия бардык компаниялардын иштеген кеңселерин, анын ичинде “Улут Софттун” жумуш ордун көрүп келип, ынанды. Биз үнөмдөлгөн 700 миң сомду “"итепти альтернативдүү окуу" боюнча программага жумшайлы деп жатабыз.

Тендерди жеңип чыккан "Улут Soft” компаниясы долбоорду 2 млн. 300 миң сомго аткарууга макул болгон. Аталган компания 2014-жылы түзүлсө да, андагы кызматкерлердин көпчүлүгү чет өлкөдө тажрыйба алып келгендигин “Улут Софттун” башкы директору Мирбек Окенов ишендирип өттү.

Бул компания Google translate программасы үчүн 400 миң сүйлөмдү кыргыз тилине которуп, ушул жылы ишке киргизерине терең ишенип турат. Окенов мындан башка Wikipedia сайтына кыргыз тилинде 12 миң макала киргизип, андан башка кыргыз тилин үйрөнүү боюнча бир мобилдик тиркемени ишке киргизүү пландары бар экенин айтып өттү.

- Биздин балдар Түркияда, Европада иштеп келген адистер. Көпчүлүгү чет өлкөнү көрүп, эми Кыргызстанга пайдабыз тийсин деп чогулгандар. Ошондуктан биз өзүбүздү чет өлкөдө билим алгандардын биринчи толкуну деп чын-тамаша иретинде айтып коёбуз. Учурда Google компаниясы менен байланыш түздүк. Буга чейинки байланышты жоготпойбуз, ишибизди татыктуу аткарганга бардык аракетибизди жумшамакчыбыз.

Кыргыз тилин Google translate программасына киргизүү демилгеси 2011-жылдан бери көтөрүлүп келе жатат. ​Google translate программасын колдонуучулардын саны дүйнөдө 200 млн. адамдан ашат. Ал автоматтык негизде 94 тилди анын ичинде казак, өзбек жана тажик тилдерин да которот.

XS
SM
MD
LG