Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:17

Жаңы өкмөт ант берди


Жаңы өкмөттөгү министрлер.
Жаңы өкмөттөгү министрлер.

Жаңы өкмөт курамындагы министрлер ант берип, кызматтарына киришти.

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов бешинчи өкмөттүн курамында жетинчи ирет ант берди. Ал жыл айланбай өкмөт курамы алмаша берип, ант берүүдөн тажап калгандай.

- Жетинчи жолу ант берип жатам. Текстин деле жаттап калдым. Бирок ар жолкусунда толкунданам. Негизи армиядагыдай кылып бир эле жолу ант берсе деле болмок. Эгер кызматы өзгөрбөсө, бир берген анты менен ишин уланта берсе болот да.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 91-жылдан берки 29-өкмөт башчы. Жаңы өкмөт курамында министр катары алгач ирет ант бергендер да бар. Алардын бири экс-депутат Нурбек Мурашев эл өкүлү болуп турганда дарыгерди сабап коюп, “чоң муштум” атыккан. Эми болсо Мурашев Айыл чарба министрлигин жетектейт.

Өкмөт өкүлүнүн кадыры канча?

Өкмөт өкүлүнүн кадыры канча?

Кыргызстанда саясий адистер жергиликтүү бийлик жетекчилери айрыкча шайлоо алдында өзгөчө мааниге ээ болорун айтып келишет.

Улан Исраилов мурда өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы болсо, эми Ички иштер министрлигин башкарат. Анын талапкерлиги көрсөтүлгөндө көпчүлүк нааразы болгон. ИИМди реформалайт деген Исраилов депутаттардын суроосуна жооп бере алган эмес. Жадагалса өлкөдө канча райондук милиция бөлүмү бар экенин билбей уят болгон. Исраилов реформаны кандай кылары тууралуу суроого туюк гана жооп кайтарды.

- Милицияга ишеним жок деп айта албайм. Эл милицияга ишенгени үчүн кайрылып жатат да. Буйруса, жыйынтыкты көрсөтөбүз.

Эксперт Азамат Аттокуров жаңы өкмөт курамынан эч кандай деле жыйынтык күтпөйт. Анын айтымында, өлкө башчысынын жеке ишенимине киргендер гана кызматка келип, арасында өз ишин мыкты билген кесипкөйлөр аз. ​

- Жаңы келген өкмөт мүчөлөрүнүн баары президенттин кишилери. Президент ошолорго ишенет. Эң башкысы жеке ишеним. Кесиптик чеберчилик экинчи планда калууда. Непотизм деген термин туура келет. Тааныш-билиштерин, жакындарын гана ишке алуу жакшы көрүнүш эмес.

Жогору Кеңештеги көпчүлүк коалиция тарап, өкмөт кайрадан куралган. Он эки министрликтин алтоо, төрт вице-премьерлик кызматтын биринде жетекчилик алмашты.

Жээнбековдун жаңыланган өкмөтү ант берди
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:19 0:00
PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG