Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:42

Бөдөнөдөн баар тапкан Дайырбек


Дайырбек Баржыкеев
Дайырбек Баржыкеев

Бишкектин тургуну Дайырбек Баржыкеев бөдөнө багуу ишкердигин туруктуу бизнеске айлантып алды. Бир жыл мурун дарылыкка деп бөдөнө сатып алган мекендешибиз азыр бир катар дүкөндөрдү жумуртка менен камсыздай баштады.

Үйүнө күн сайын кардарлар да келип турат. Жакында жалаң ушул канаттуунун этинен тамак жасаган ашкана ачууну пландап атат.

Дайырбек мырзаны күнүгө бөдөнөлөрүнүн сайрашы ойготот. Короонун четиндеги чакан бөлмөдө чоңдугу бир кулач, бийиктиги 20 сантиметрдей беш-алты капаста 200дөй бөдөнөсү бар. Аларды түрүнө жараша бөлүп койгон. Бир капаска кара, бирине күрөң, дагы бирине агыш бөдөнөлөр салынган. Алардын чыйпылдаганы жана бөлмөдөгү канаттуулардын жыты өзүнчө эле бир ферманы элестетет.

- Башында элүү бөдөнө сатып алгам. Дарылыкка колдонуу максатында алган элем. Көзүмдүн көрүү деңгээли начарлап кеткен. Бөдөнөнүн жумурткасын чийки ичиш керек деп кеңеш беришкен. Ашказандагы жарага да пайдасы болот деп уккан элем. Бул куш 65 күндө эле жумуртка тууп баштайт экен. Мен алган жөжөлөрдүн көбү набыт болуп, он чакты эле калды. Алар чоңоюп, көбөйө баштады. Ошентип, анын жумурткасын сатып, бөдөнө багууга кызыгып калдым,- дейт Дайырбек Баржыкеев.

Каарманыбыз мурда базарда соода кылган. Бөдөнөгө кызыгып, алып-сатарлык ишин биротоло аялына өткөрүп бериптир:

Дайырбектин бөдөнөлөрү
Дайырбектин бөдөнөлөрү

- Жумурткасы тооктукуна караганда кымбат. Даанасын 7-10 сомдон сатабыз. Бакчу жер да көп жай ээлебейт.Төрт тоок турган жерге 50 бөдөнө батат. Жем жагынан да кыйла үнөмдүү. Жүз бөдөнөгө бир күндө үч килограмм дан берилет. Чыргоолонгон өнөрү да жок. Бир капаста 50-60 болуп жашай беришет. Капастын бийиктиги 20 сантиметрден ашпаш керек. Анткени, булар секирет. Бийикке секиргенде шыпка канаты тийип, сынып калышы ыктымал. Ошондуктан, капастын үстүнө ич жагынан жумшак чүпүрөк жармаштыргам.

Дыйырбектин жубайы Максуда эже башында анча көп көңүл бурбаганы менен, акыркы кездери күйөөсүнүн негизги жумушуна айланган бөдөнөлөргө кызыга баштаптыр. Аны канаттуулардан түшкөн киреше эмес, дарылык касиети менен ашканага колдонуу ыкмалары көбүрөөк өзүнө тартып жаткан экен:

-Бөдөнө баксаңыз, стресс жок болот. Аларды тиктеп отурсаң, чериң жазылат. Жолдошум он беш жыл базарда иштеди. Башы тез-тез ооруйт эле. Азыр анысы жок, оорубайт. Бөдөнө жумурткасында В4, В12 деген витаминдер бар. Балдарга күнүгө бир жумуртканы чийки берсеңиз, көп илдеттин алдын аласыз.

Бөдөнө жумурткасы 7-10 сомго чейин сатылат.
Бөдөнө жумурткасы 7-10 сомго чейин сатылат.

Куштун дарылык касиетин жана бөдөнө шорпонун даамын мактаган жубайлар эми Бишкекте атайын ашкана ачсакпы деп ойлонуп жатышкан кези.

- Эти уйдукунан кымбат. Бир килограммы 800дөн 1300 сомго чейин сатылат,- дейт Дайырбек.

Бөдөнө багуу менен мурда Тажикстанда, Өзбекстанда жана Кыргызстандын түштүк аймактарында көбүрөөк алектенишкен. Бишкекте соңку жылдары буга кызыккандар көбөйдү. Аны ашкана жана дарылыкка гана колдонбой, короз уруш сыяктуу салгылашууга баккандар да бар.

XS
SM
MD
LG