Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:26

“Альфачылар”: ок чыгарган биз эмес


"Альфачылар" митинг өткөрдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:36 0:00

"Альфачылар" митинг өткөрдү

7-апрель окуясы боюнча соттолуп жаткан атайын даярдыктагы “Альфа” тобунун жана мамлекеттик күзөт кызматынын офицерлерин жактаган митинг 9-апрелде болуп өттү.

Башкалаанын Максим Горький атындагы паркында өткөн митингге “Альфанын” жана мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы кызматкерлери, күч органдарынын ардагерлери болуп жүзгө жакын адам катышты. Митингди уюштургандардын бири, “Антитеррор” уюмунун башчысы Артур Медетбеков 7-апрелде элге каршы ок чыгарууну буюргандар эмес, буйрукту аткарган карапайым кызматкерлер соттолуп жатканына нааразы. Ал 4 жылдан бери чайналып келаткан "альфачылардын" күнөөсү далилденбегенин айтууда.

- Тергөөдө “альфачылардын” автоматы бир да адамды атпаганы, жадагалса жарадар кылбаганы баллистикалык жана башка экспертизалардын жыйынтыгы менен аныкталды. Демек булардын күнөөлөрү жок. Ак жеринен жазага тартуу туура эмес. Эгер чындап күнөөсү болсо гана жоопкерчиликке тартышсын, ага биз да каршы эмеспиз. Бирок убактылуу өкмөт убагында 20дан ашык адамды күнөөлүү кылып көрсөтүп койгон. 4 жылдан бери эле ошолор чайналып келет. Ал эми элди атууга буйрук бергендер жыргап чет өлкөлөрдө жүрүшөт.

Жамансариев: прокуратура “Альфаны” жактап жатат

Эске салсак, 1-апрелдеги сот отурумунда прокурор “Альфа” менен мамлекеттик күзөт кызматынын 7 офицерин “адам өлтүрүү” беренеси боюнча толугу менен актап, “ишенип берилген куралды жоготуу” беренеси боюнча эки жылга кесүүнү соттон өтүнгөн. Ал эми апрель шейиттеринин жакындары элге каршы ок аткан “альфачыларга” катаал жаза колдонууну талап кылып келишет.
Осунбек Жамансариев.
Осунбек Жамансариев.
Жабырлануучулардын жактоочусу Осунбек Жамансариев элге "альфачыларды" жактаган прокуратураны сынга алды.

- Прокуратура аларды катардагы эле жоокерлер деп жатышат. Алардын ар бири офицер, лейтенант, капитан жана майор болгон. 7-апрелде митингчилерге каршы Ак үйдөн ок атылганы анык да. Эмне алар өздөрүн өздөрү атмак беле? Прокуратура саясий кызыкчылык менен “Альфаны” жактап жатат. Бул жакшылыкка алып барбайт.

Тартип сакчылары бийликтин буйругун аткарса да, аткарбаса да күнөөлүү болуп эл менен бийлик ортосунда чайналып келет. Мындай пикирин мамлекеттик күзөт кызматынын башчысынын мурдагы орунбасары Кулупбек Төлөгөнов “Азаттыкка” билдирди:

- Бийлик эл менен тартип сакчыларын карама-каршы коюп, кайраштырып келет. Аскер адамдары куралга айланып калды. Буйрукту аткарсаң да, аткарбасаң да күнөөлүүсүң. Ошондуктан мыйзамдар аркылуу тартип сакчыларынын укугун коргошубуз керек. Бийлик аскер адамдарын чечкинсиздикке, коркоктукка тарбиялап жатканын өздөрү байкабай калды. Эми бир нерсе болсо Ак үйдү бир дагы милиция коргобойт.

Кылым соту качан бүтөт?

"Альфачыларды" колдогон митинг өтүп жаткан учурда 7-апрелде окко учкан жигиттердин ата-энелери маалымат жыйынын өткөрүп, 4 жылдан бери күнөөлүүлөрдү жоопко тартпаган сот органдарына нааразы болушту.
Апрель соту, 17-ноябрь, 2010-жыл.
Апрель соту, 17-ноябрь, 2010-жыл.
Жабырлануучулар менен басма сөз жыйынына катышкан мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун апрель соту боюнча 4 жыл ичинде ким болсо да сот жообуна тартылышы керек эле дейт.

- Арадан 4 жыл өтсө да бир дагы адам кылмыш жоопкерчилигине тартыла элек. Ушуга чейин элге ким ок атканын териштирип койсо болот эле да. Жазага "альфачыларбы" же башкасы тартылабы эң негизгиси сот өкүмү тезирээк чыгыш керек.

2010-жылдын 7-апрелиндеги бийликке каршы митинг учурунда токсонго жакын адам окко учкан. Бийлик алмашкан соң бул окуя боюнча бир канча адамга кылмыш иши козголуп, сот 2010-жылдын ноябрынан бери уланып келет. Айыпкерлердин тизмесинде мурдагы президент Курманбек Бакиев жана анын жакындары, ошол кездеги күч кызматтарынын жетекчилери, Ак үйдөгү таасирдүү чиновниктер бар. Жалпысынан 21 киши. Бакиевдер жана айрым соттолуучулар өлкөдөн качып кеткенине байланыштуу сыртынан соттолууда. Эмки сот отуруму 14-апрелде уланып, тараптар жарыш сөзгө чыгышат.

XS
SM
MD
LG