Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:38

Ушинтип жүрүп өтүп кетебизби?


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орустун ОРТсын көп көрбөйм. Бирок бүгүн Владимир Познер менен АКШнын мурдагы коргоо министри Уильям Перринин маегин толук көрдүм.

Ал экөө Орусия менен АКШнын ортосунда ядролук согуш тутанып кетиши баланын оюнундай эле оңой экенин абдан ачык талкуулашты.

АКШнын мурунку министри: “Бир жолу түнкү саат үчтө мага телефон чалынды. Ал телефон АКШнын Абадан коргонуу кызматына таандык эле. Абадан коргонуу кызматынын офицери "Орусиядан АКШга карай 400дөй ядролук ракета учуп келатат" деп билдирди. Мен "кыямат башталган турбайбы" деп ойлодум. Офицер "токтой туруңуз, муну көрсөтүп аткан экран бузук окшойт" деди. Көрсө чындап эле экран бузук экен. Дагы жакшы, экранды караган офицер зирек экен. Тек гана экран эмнени көрсөтсө, ошону бизге айтып коюп, карап отура берсе эмне болмок? Ошол жаңылыш маалыматтын негизинде АКШ 10 мүнөттүн ичинде Орусияга карай жүздөгөн ядролук ракетасын жооп иретинде учурмак. Анан Орусия АКШга карай учурмак. Ошону менен адамзат цивилизациясына чекит коюлмак. Жерде тирүү жан калмак эмес”, - деди.

АКШнын мурдагы коргоо министри Уильям Перри ушуга окшогон карандай катанын айынан кыямат башталып кетиши бир заматтык иш экенин жеткире түшүндүрүп айтты. Ал киши өздөрү жасап алган куралдан эми өздөрү коркуп жүргөнүн ачыкка чыгарды. Ал: "Менин 11 неберем бар. Мен аларды ойлогондо ошол жарыша куралдануунун айынан өзүбүз ойлоп тапкан куралдануунун курмандыгы өзүбүздүн неберелерибиз болорун түшүнүп турам. Ядролук согуш тутанса дүйнөнүн түгөнүшү, кыяматтын башталышы 10 мүнөттүк иш", - деди.

Ушул сөздөрдү тыңдап отуруп, "бу обу жок орус менен менменсиген АКШ урушпаса экен" деп тиледим. Булар урушса али жакшыраак жашоону көрбөгөн Кыргызстан сыяктуу кедей өлкөлөр эч нерсени түшүнгөнгө да үлгүрбөй, бөөдө эле кырылып кетээрин түшүндүм.

Анан "аттиң" деп каңырыгым түтөдү. "Бу дүйнө дегениң ушул эки державанын маанайынан ушунчалык көз каранды болсо, бу биздин эл жакшыраак жашоо, тыныраак оокат, адилеттүүлүк эмне экенин көрбөй өтүп кетеби?" деп ойлодум.

Чындыгында эле кыргыз дегениң эмнени көрдү? Океан, деңиз нары турсун, ушул эле Ысык-Көлгө жете албай жүргөнү канча? Али тыңыраак жашоого жетпей орустун көчөсүн шыпырып жүрбөйбү.

Ушундан улам бу эртең же бүрсүгүнү түгөнө турган дүнүйөнү элине бербей уурдаган аткаминер акелериме капа болдум. Жаңы үйлөнгөн жигиттерди согушка айдагандай кылып Орусияга тентиткенине, кыз-келиндерибизди жоонун олжосундай кылып, башка элдердин кызматына салып бергенине капа болдум.

Элге бербей топтоп, элдин оозунан жулуп жыйган мүлкүң ошол 10 мүнөткө туруштук берсе кана? Ядролук апааттан мүлкүң эмес, өзүң аман калбайсың го. Ошо уурдап, тоноп жыйган мүлкүң менен өзүң кошо күйүп атканда "аттиң" дешке үлгүрөр бекенсиң? Улутуңдан, мекениңден, жоро-жолдош, досуңдан, айылдаш туугандарыңдан уурдап жыйган мүлкүң өзүңө да буйрубай калаарын неге түшүнө албайсың?

Андан көрө тазараак иштеп берсең боло, тууган! Мекендештериңе ошол убактылуу жакшылыкты, аз да болсо адилеттикти, бардарчылыкты болбосо да, жок дегенде убактылуу жумуш орунду тартууласаң боло, аткаминер тууганым!

Убактылуу дегеним, бу дүйнөнүн деле өсөөрү эмес, өлөөрү көрүнүп калган окшойт...

"Оозуңа таш" дээрсиңер. "Ыдырыс жинди болуп калыптыр" дээрсиңер.

Бирок ушунчалык татаал дүйнөнун ажалы ушунчалык жөнөкөй, ушунчалык маанисиз, ушунчалык оңой экен да. Анан ошол 10 мүнөткө туруштук бере албаган уурулуктун, жемекейликтин, убарагерчиликтин, бет сатуунун кереги эмне дейм да... Же мен туура эмес ойлонуп атамбы, тууганым?

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG