Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:58

Чыныгы достуктун үлгүсүн калтырдың...


Исманали Муратов
Исманали Муратов

26 жаш. Көзгө, көңүлгө толгон, ыйманың бекем, тарбиялуу жигит элең. Кабагың жарык эле. Дайым шайыр жүрчүсүң. Үстүңдө оор жүк турса да билдирбейт элең. Мекенчил болчусуң. Туулган айылың, ата-бабаң менен башка өлкөнүн чегинде калып кетсең да, эр жетип тарыхый мекениңди издеп келдиң. Үй-бүлөңдү көктүккө салып жатып көчүрүп келдиң. Сен Кыргызстанда өмүр сүрүп, бубак чач, сары тиш аксакал болууну самагансың. Тагдыр ал күнгө жеткирбеди. Өзүң самаган, эңсеген кыргыз жашоосун, келечекте аткара турган иштериңди, өзүң боорукерликке, чыныгы курдаштыкка ширетип салган досторуңду, ооруңду билип туруп, тагдырга кайыл болуп, колуңду кармаган жарыңды, сени аска-тоо, медер туткан бир туугандарыңды, сен деп жашап, сен деп Кыргызстанга келген, эр жетсең да айланып-үйрүлүп турган аяш энебизди, баарын, баарын таштап кете бердиң.

Оору менен баатырларча күрөштүң. Кабагым-кашым дебей, мүңкүрөп төшөк тартып жатып калбай, ооруп жатат элем деп бечара көрүнбөй, күлүп жүрүп, ойноп жүрүп, иштеп жүрүп, жашоодон үмүт кылып жүрүп акыркы демиң калгыча ооруга бет маңдай турдуң.

Сенин биз көргөн, күбө болгон өмүрүң эле бүтүндөй бир доорду камтыган кино тасмадай болду.

Окууну бүткөн жылы достор чогуу отуруп достугубузга мактанып калдык.

Исманали Муратов үйлөнүү тоюнда
Исманали Муратов үйлөнүү тоюнда

- Карачы, бизди тагдыр табыштырганын. Болбосо ар жактанбыз. Бирибиз Алайдан, бирибиз Кара-Кулжадан, дагы бирибиз Баткенден, Исманали Тажикстандан, - дедим мен.

- Өөй, жинге тийбегиле, мен кыргызстандыкмын, болгондо да Оштун чок ортосундагы Араванскийденмин. Мына, ишенбесеңер көргүлө, - деп жаңы алган паспортунду көрсөттүң. Анан да жиниме тийсеңер биз, “местныйлар” чатак болобуз, бирди көрүп калбагыла, - деп койгонуңчу.

Баарыбыз куттуктадык. Арзуу, үмүттөрүңдүн эң негизгиси ишке ашканына, жарандык алганыңа кубанып, жетине албай турдуң.

Күлбөстүн тишин кашкайтат элең. Эки метрге чукул узун боюң, опсуз күлкүгө салып койгон орундуу тамашаларың көргөндү айласыз жылмайтчу.

Чыныгы дос элең. Сегиз жыл ичинде бүт дубандардан досторду таптың. Аябай көп эле. Оор операцияларды көтөрдүң. Бирок бир да жардам сурап кайрылбадың. Акыры абалыңды көрүп, сендей асыл досубузду ажалга бергибиз келбей IsmanLife акциясын баштап жибердик. Жүздөгөн, миңдеген жаштар акцияга кол кабыш этишти. Достуктун баасын, өмүрдүн баалуулугун биз ошондо сездик. Миңдеген аталар, апалар, балдар достуктун керемет күчүнө толкунданып, кырчындай жигиттин оорусуна кайышып ыйлашты. Бүткүл өлкө сенин өмүрүңдү тилешти.

Исманали Муратов жубайы Мехригүл Саитова менен
Исманали Муратов жубайы Мехригүл Саитова менен

Жазмыш ушул экен, жалындаган азамат мезгилиңде, катууну камтый, жумшакты жууруй турган кезиңде, он гүлүңүн бири эми ачылган убакта бул дүйнө менен кош айтыштың.

Асыл максаттарың көп эле. Көп жакшы иштердин өтөсүнө чыкмаксың.

Сен жөн эле кете берген жоксуң. Аз өмүрүңдө мекенчилдиктин, жашоо менен майышпай күрөшүүнүн, чыныгы достуктун үлгүсүн калтырып кеттиң.

Биз сенин жашооңдон боорукерликти, кайрымдуулукту да кошо үйрөндүк.

Кош, Исманали! Жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болсун.

Улукбег Омокеев, блоггер

P.S "Марал" радиосунун Ош шаарындагы бөлүмүнүн жетекчиси, журналист Исманалы Муратов узакка созулган оорудан улам 16-июнь күнү көз жумду. Маркум 26 жашта болчу.

Альвеококкоз дарты менен жабыркап жүргөн Исманалыга бир ай мурун Индиянын борбору Дели шаарында операция жасалып, боору алмаштырылган эле.

"Меданта" клиникасында өткөн 16 сааттык операция ийгиликтүү болуп, Исманалыга кайнатасы Турдубек Саитовдун жарым боору салынган. Жакында Кыргызстанга келген журналист абалы жакшы экендигин айткан болчу. Операцияга жалпысынан 60 миң доллардан ашык каражат сарпталган.

Дарылануу үчүн каражат топтоо максатында достору IsmanLife акциясын уюштурушкан эле. Базарларда кофе-чай сатып, ырдап акча чогултушкан. Кийин "Элим барсыңбы?" коомдук фонду тарабынан Ош шаарында кайрымдуулук концерти да өткөн. Мечиттерден каражат чогултушкан. Жалпы 56 миң доллардай акча топтолгон эле.

Исманалы Муратовдун жубайы Мехригүл Саитова курсактагы эгиз балдарынан айрылып, түбөлүк эне болуу мүмкүнчүлүгүнөн айрылганы, буга дарыгерлердин шалаакылыгы себеп болгону айтылган. Оор операциядан кийин Мехригүл Саитованын кулагы да укпай калган болчу.

XS
SM
MD
LG