Линктер

шаршемби, 21-август, 2019 Бишкек убактысы 22:31

Демократиянын баркы, Жээнбековдун эрки


Курманбек Бакиев, Алмазбек Атамбаев жана Сооронбай Жээнбеков.

Убакыт-мезгил кечеңдикти кечирбейт. Оомат – оома...

“Эл – бул талаадагы чөп, падыша болсо – шамал: шамал кайда ыргаса, чөп ошол жакка жапырылат”.

Конфуций

Эң жаманы олку-солкулук эмеспи. Болгондо да өлкө тагдырын чече турган ажонун учурдагы саясий эркинин бошоңдугу.

Тарыхый мүмкүнчүлүгү колунда турса да аны пайдаланууга эрки жетпей, чечкиндүү кадам шилтөөдөн кылчактап, өлкө тагдыры үчүн батылдык мүнөзүн көрсөтө албай турганы кейиштүү. Убакыт-мезгил кечеңдикти кечирбейт. Оомат – оома...

Агер ала кушту атынан атасак, Сооронбай Шариповичтин буга чейинки саясий сапарындагы тажрыйбасынан карасак деле; сүрмө топ көпчүлүктөн алдыга суурулуп чыгып, кашкайып, өзгөчөлөнүп бөлүнүп турган сапатка ээлик кылбаган ортозаар фигуралардан эле. Так ошол сапаты үчүн ал Атамбаевдин саясаттагы сары эсебине эң ылайыктуу мураскор болчудай көрүнгөндүр, кезинде...

Тек гана Атамбаев үчүн Жээнбековду жетелеп жүрүүгө саясий кырдаалдар (ички да, тышкы да) мүмкүнчүлүк берген жок, бара-жүрө кырдаал өзү да Атамбаевдин саясий курсун улап кетүүгө мүмкүнчүлүк бербегенден улам экс-ажо менен жаңы ажонун ортосундагы ажырымдын пайда болушу Кыргызстан үчүн дагы бир тарыхый мүмкүнчүлүктү буюрду. Арийне, ошол мүмкүнчүлүктү Сооронбай Шарипович тутуп кала алабы?

Албетте, кийин анын кыр көрсөтүп чыга келери Атамбаевдин жана анын курчоосундагылардын да оюна келбегендир, бирок ордонун оюну акыры ушуга келип такалмак.

Себеби, оюнчулардын ойт берип кетерин туйган эч кимиси жок эле. Дегеле кыргыз саясатында жүргөндөрдүн арасында мурдунан алысты көрбөгөн бийликтин акбар акалакчыларынын (кошоматчыларынын) идеялык-тилектештик баалуулугу эмнеде? Алардын таш жалак түшүнүгүндө эч бир ыйык баалуулук, ыйык принцип калыптанбаганы үчүн алар тек гана илээшкерлер менен иркектештердин тобу экенин караламан калктын калың катмары түшүнбөй келет.

Олжобай Шакир.
Олжобай Шакир.

Аларды кайсы бир лидердин ишенимдүү командасы дегенге болбойт. Себеби, бийлик курчоосундагы топтордун ордо оюну деле атам заманда түптөлгөндөгү Рим падышачылыгынын тарыхын аргасыздан эске салат. Римдин падыша сарайындагы бийлик кумарына мас болгондогу ордо оюнчуларынын жосуну адамзат тарыхында фарс түрүндө канча ирет кайталанып келет? Тек андан сабак алган падышалар канча? Цезардын тагдырынын алдында А.Атамбаевдин тагдыры эмне болуп калыптыр?..

Көөнө ата-бабаларыбыз муну ташка тамга баскандай кылып аллегория маанисинде айткан эмеспи: “Кардын башын кар жутат, хандын башын хан жутат!” Бүттү. Карт тарыхтын сабактарынан мурда өлкөнүн соңку тарыхындагы эле көрүнүштөрдү карайлычы, андан кимиси сабак алды?! А.Акаев доорунда өкмөт башкаргандардын бири К.Бакиев, К.Бакиев тушунда өкмөт башкарган А.Атамбаев, А.Атамбаев заманында өкмөт башкарган С.Жээнбековдун мисалын эле карайлычы.

Кардын башын кар жуткандай эле, кезинде коюн-колтук алышып келген бул үчөө кийин биринин далысына бири бычак кадагандагыдай кас душманга айланган жокпу? Кезинде бирине бири каскүмөнсүз команда мүчөсүндөй көрүнүп жүргөндөрдүн баары кийин бирин бири сайга аркандап кеткенин 2005-жылкы, 2010-жылкы мамлекеттик төңкөрүш айдан ачык көрсөттү. Бир кемеде сапар улап бараткандардын кимиси гана саткындыкка барган жок?!

Айтор, бийликке жеткен бир ууч топ адамдардын көшөгө артындагы өз ара ынтымагын ыдыраткан балээнин баары бир эле нерсеге барып такалат. Ал балээнин баары – авторитардык, үй-бүлөлүк, кландык бийлик орнотуу убаракерчилиги! Адамзат тарыхында бийлик башкаруу өнөрү кимдин гана башын жутпаган? Ошондон улам эмне деген улуу ойчулдар, эмне деген дүйнөлүк саясатчылар бийликти башкаруунун демократиядан өткөн жакшы үлгүсүн али күнчө ойлоп таба элек. Биздикилер болсо авторитардык, үй-бүлөлүк, кландык бийликти орнотуу жолун тандоодон көөнү калбады.

Сөз башында Сооронбай Шариповичтин саясаттагы олку-солкулугу туурасында кеп баштаганымдын жөнү да ушунда... Президент өз сөзүндө соттордун адилеттигин орнотуп, парламенттик бийликтин таасирин күчөтүү ниетин дамамат кайталап келатканы менен иш жүзүндө көрүп атабыз: Жээнбеков деле мурдагы президенттердин жолоюна түшө турган дымагын тымызын туйдурууда. Бирок анысы оркоюп көрүнүп турат. Айталы, экс-президент Роза Отунбаеванын Текебаевди боштондукка чыгаруу тууралуу өтүнүчүн Жогорку Кеңештин алты фракциясы жапырт колдогонуна карабай, абактагы саясатчыга ырайым берүүгө саясий эрки жетпеди.

Ачык айтканда, парламенттик башкарууга жол бербей турган пейил-куюн дал ушул жерден туюнтту. Болбосо алты фракциянын лидерлеринин чечими жалпы парламенттин маанайы, каалоосу экенине моюн толгобойт эле го. Демек, парламент менен эсептешпей турган дымагыбы бул?! О.э. саясат айдыңындагы омоктуу саясый ишмерлер менен мамлекеттик ишмерлердин Текебаевдин көз көрүнөө жалган жалаа менен абакка отургузулганы боюнча жалпы пикири деле таасир этпегени кандай?..

Арийне, Кыргызстандын бийлигин демократиялык баалуулуктардын негизинде өнүктүрүүгө, парламенттик башкарууну күчтөндүрүүгө эбегейсиз аракет кылып келген Ө.Текебаевдин саясий тагдыры С.Жээнбеков үчүн көз жаздымда калтыра турган окуя беле?

Ал эми эгер президент сот адилеттигин орнотууну чын ниетинен каалаган болсо, демек, Текебаевди оозеки көрсөтмөсү менен абакка отургузууга себеп болуп берген Леонид Маевский сыяктуу шылуундардын көмөгү Кыргызстандын сот тармагында иштегендердин “адилеттүү” чечим чыгарышына маанилүү претендент деген ишаратты туюнтуубу?!

Олжобай Шакир

P/S: Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын билдирбейт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​

Пикирлерди көрүңүз (99)

XS
SM
MD
LG