Линктер

шейшемби, 25-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 14:55

Ай кароо: кылымдар бою уланган талаш


Орозо айынын башталышын аныктоо үчүн айды кароо учуру. Сүрөттө индонезиялык мусулмандар Жакарта шаарындагы Ал-Хидая мечитинин чатырында турушат. 8-июль, 2013-жыл

Астрономия илими жана байланыш технологиясы өнүккөн азыркы учурда айлардын башталышы жана бүтүшү күмөн туудурбай турган абалда эсептелип, аныкталып жатканы маалым. Ошол эле учурда бул жааттагы талаш-тартыштар дагы деле өз күчүн жоготпой орозонун башталышы, бүтүшү жана айт күндөрүн тактоодо жыл сайын кайталанып келет. Мындан улам кээ бир жылдарда айрым өлкөлөрдө орозо ар башка күндөрдө башталып, айт күндөрүндө да айырма болуп калганы белгилүү.

Байыркы убактардан тартып эле адамдар күн менен айдын мезгилдик ырааттуу кыймылдарын убакытты өлчөөдө колдонуп келген. Бул тууралуу Курандагы “Алла Таала – таңды атыруучу. Ал түндү силерге эс алуучу орун, ал эми күн менен айды убакыт эсептөөчү кылды” (Анаам сүрөөсү 96-аят), “Алла Таала күндү жарык, ал эми айды нурдуу кылды. Жылдардын эсебин жана убакытты билүүңөр үчүн аларга орун белгиледи” (Юнус сүрөөсү 5-аят) деген маанидеги аяттарда да жазылган.

Ошондой эле Куранда айдын туруктуу кыймылынын адамдар жана ажылык жөрөлгөсү үчүн убакыт өлчөмү экени (Бакара сүрөөсү 189-аят) жана анын кыймылынын он эки айды түзө тургандай абалда тартипке салынганы (Тообо сүрөөсү 36-аят) айтылат. Ал эми Азирети Мухаммед (с.а.в) пайгамбар: “Улуу Алла Таала жаңырган айларды адамдар үчүн убакыт өлчөмү кылды. Жаңырган айды көргөндө орозо кармап баштагыла, аны кайра көргөндө орозону токтоткула”, - деп белгилейт (Муснаду Ахмед б. Ханбал, 5/23, 32). Ошондуктан Куран аяттары жана хадистердин негизинде түзүлгөн мусулман салт-санаасында рамазан айынын орозосу, ажылык, зекет, битир садагасы, Курман айт жана Орозо айт сыяктуу ибадаттардын убакыттарын аныктоодо ай жыл санагынан негиз алынганын көрүүгө болот. Ай жыл санагы айдын кыймылына карап түзүлөт. Жогоруда айтылган ибадаттардын убакыттарынын так белгилениши – ай башталыштарынын туура аныкталышына көз каранды. Жаңырган айдын күн баткандан кийинки көрүнүшү менен мурдагы ай бүтүп, жаңы ай башталган болот. Ошондон улам айлардын башталышын тактоо үчүн жаңырган айды кароонун мусулман салт-санаасында өтө чоң орду бар.

Куран аятында “Ушул айга (рамазан айына) күбө болгондор орозо кармасын” (Бакара сүрөөсү 185-аят), ал эми хадистерде “Жаңырган айды көргөндө орозо кармап баштагыла, аны кайра көргөндө айттагыла. Эгер күн бүркөө болуп айды көрө албасаңар, анда айды отуз күнгө толуктагыла” (Сахихул-Бухарий, Савм, 11; Сахиху Муслим, Сыйам, 17-20) деп айтылат. Ай жыл санагы боюнча айлар 29 же 30 күн болот. Рамазандан мурдагы ай шаабан, кийинки ай шавваал деп аталат. Демек, шаабан айы бүтүп, айдын жаңырышы менен рамазан айы башталып орозо кармалат. Рамазан айы бүтүп, айдын жаңырышы менен шавваал айы кирип, анын биринчи күнү орозо айт болот. Ошондой эле, ажылык жөрөлгөсү аткарылчу ай “зулхижжа” деп аталат.

Рамазан айынын киргенин аныктоонун жолдору

Мухаммед (с.а.в) пайгамбардын хадистеринде айтылганына караганда, рамазан айынын киргенин аныктоонун үч түрдүү ыкмасы бар:

1. Жаңырган айды көрүү

Орозону рамазан айынын кириши менен кармап башташат. Ал үчүн рамазандын киргендигинин белгиси болгон ай жаңырышы керек жана аны көз менен көрүү зарыл.

2. Шаабан айын отуз күнгө толуктоо

Эгер күн бүркөө болуп же кандайдыр бир башка себептерден улам жаңырган айды көрүү мүмкүн болбосо, анда шаабан айы отуз күнгө толукталып, эртеси күндөн баштап орозо кармалат. Ай көрүнбөгөнүнөн улам анын жаңырып же жаңырбаганы, рамазан айынын башталып же башталбаганы шектүү болгону үчүн ислам ибадаты тууралуу адабияттарда мындай күндөр “шектүү күн” деп аталат.

3. Божомол жүргүзүү

Жогоруда айтылган хадистин айрым варианттарында “айды отуз күнгө толуктагыла” деген сөздүн ордуна “فَاقْدرُوا لَهُ – айды божомолдогула” деген сөз кездешет. Демек, күн бүркөө болуп же кандайдыр бир башка себептерден улам айды көрүү мүмкүн болбогон учурларда ай божомолдонот. Бул сөздү аалымдар ар түрдүү чечмелешкен. Айрымдары мунун “шаабан айын отуз күн деп божомолдогула” деп чечмелесе, айрымдары “шаабан айын 29 күн деп эсептегиле” деп түшүнүшкөн. Ал эми айрым аалымдар бул сөздүн “айдын жаңырышын аныктоодо анын айлануу циклин, кыймылын эске алгыла” деген мааниде айтылганын жакташат. Бул акыркы көз караш боюнча айдын жаңыруу убагын аныктоо үчүн астрономиялык эсептөөлөрдү колдонууга болот.

Айды кароо усулунун тарыхы

Мухаммед (с.а.в) пайгамбар ошол учурдагы араб коомчулугун “жазганды жана эсеп жүргүзгөндү билбеген, сабатсыз” деп сыпаттап, айдын кээде 29, кээде 30 күн болорун айткан (Сахихул-Бухарий, Савм, 13). Айлардын башталышын жаңырган айды көз менен көрүп аныктоо, күн бүркөө болгон учурларда айды отуз күнгө толуктоо ыкмасы VII-VIII кылымдарда (хижрий I-II кк.) колдонулуп келген. IХ кылымдан (хижрий III к.) баштап мусулмандар астрономия илими менен алектенип, бул багытта кеңири маалыматка ээ боло баштаганынан улам ай башталыштарын аныктоодо астрономиялык эсептөөлөрдүн колдонулуп же колдонулбашы тууралуу талаш-тартыштар жүзөгө аша баштаган. Ошол учурдун шарттарына ылайык, бул жаатта эсептин эске алынбай турганын жактаган аалымдар басымдуулук кылган. Ошону менен бирге, мусулмандардын экинчи мууну болуп эсептелген “таабиундар” жашаган убактарда эле айдын башталышын аныктоодо астрономиялык эсептөөлөрдү этибарга алса боло турганын айткан аалымдар да кездешкен.

Бирок бул талаш-тартыштар теорияда гана калып, ал эми иш жүзүндө кылымдар бою жаңырган айды көз менен көрүү аркылуу гана жаңы айдын башталышы аныкталып келген. Астрономия илими жана байланыш технологиясы өнүккөн азыркы учурда болсо, айлардын башталышы жана бүтүшү күмөн туудурбай турган абалда эсептелип, аныкталып жатканы маалым. Ошол эле учурда, бул жааттагы талаш-тартыштар дагы деле өз күчүн жоготпой орозонун башталышы, бүтүшү жана айт күндөрүн тактоодо жыл сайын кайталанып келет. Мындан улам кээ бир жылдарда айрым өлкөлөрдө орозо ар башка күндөрдө башталып, айт күндөрүндө да айырма болуп калганы белгилүү.

Талаш-тартыштарды токтотууга болгон аракеттер

Ислам – биримдикте болууну, өзгөчө диний маселелерде бөлүнүп-жарылбоону жактаган дин (Аали Имран сүрөөсү, 103-аят, Анаам сүрөөсү, 159-аят, Анбия сүрөөсү, 92-аят, Муминун сүрөсү, 52-аят). Андыктан мусулмандардын ар башка күндөрдө орозо кармап башташы, ар башка күндөрү айт күндөрүн өткөрүшү диндин маани-маңызына төп келбеген көрүнүш болсо керек. Бул багыттагы талаш-тартыштарга чекит коюп, ортодогу айырмачылыктарды жоюу үчүн атайын аракеттер жасалып, көптөгөн жылдардан бери бир нече илимий жана саясий чогулуштар, жыйналыштар өткөрүлүп келет. 1966-жылы Каирде, 1969-жылы Куала-Лумпурда, 1973-жылы Кувейтте, 1978-жылы Стамбулда, 1985-жылы Дакар жана Жиддада, 1986-жылы жана 2001-жылы Амманда, 2013-2016-жылдары Стамбулда өткөрүлгөн чогулуштарды буларга мисал кылууга болот.

Ар кайсы ислам өлкөсүнөн келген көптөгөн дин аалымдары жана астрономия илиминин адистери катышкан бул чогулуштардын дээрлик бардыгында “астрономиялык аспаптар менен көрүлгөн жаңырган айды эсепке алууга жана астрономиялык эсептөөлөр менен аныкталган айдын жаңыруу убактарын эске алууга боло турганы” тууралуу чечим кабыл алынган. Ошого карабастан бул илимий жыйындарга катышканы менен ал чечимдерди этибарга албаган өлкөлөр да бар.

Мусулман өлкөлөрүнда орозо жана айт күндөрү кантип аныкталат?

Хижрий жыл санагын колдонгон өлкөлөрдүн расмий иштеринде астрономиялык эсептөөлөр аркылуу алдын ала түзүлгөн календарлар колдонулуп келет. Сауд Арабиясы, Египет, Иордания, Сирия, Ирак сыяктуу араб өлкөлөрүндө рамазан, шавваал жана зулхижжа айларында жаңырган айлар көз менен көрүлгөндөн соң, тиешелүү сот органдарынын чечими менен орозонун башталышы жана айт күндөрү жарыя кылынат. Көз менен көрүлгөн ай менен алдын ала даярдалган календардын ортосунда айырмачылык болсо, анда аталган өлкөлөр жаңырган айдын көз менен көрүлүшүн этибарга алышарын айтышат. Бирок айрым адистер жогорудагы өлкөлөрдө орозонун башталышы жана айт күндөрүн белгилөөдө олуттуу катачылыктарга жол берилгени илимий изилдөөлөрдүн натыйжасында аныкталганын белгилешкен. Алардын айтуусуна караганда, Сирияда 1950-2000-жылдар аралыгында тиешелүү сот органы тарабынан жарыяланган орозонун башталышы жана айт күндөрүнүн 91 пайызы туура эмес болгону аныкталган. Сауд Арабиясында 1980-2000-жылдар аралыгында он жолу жаңылыштык кетсе, Иорданияда 1954-1999-жылдар аралыгында айдын жаңырышы болгону эки жолу гана туура белгиленип, 45 жолкусунда катачылык кеткен.

Түркияда астрономиялык байкоо жана эсептөөлөр менен аныкталган айдын жаңыруу убактылары эске алынат. Ошону менен бирге бул эсептөөлөрдүн туура чыгып же чыкпашын тактоо үчүн ар бир облуста Түркия Республикасынын өкмөтүнө караштуу Дин иштери боюнча башкармалыктын өкүлчүлүктөрү аркылуу ай кароо жараяны да ишке ашырылып келери айтылат. Ай кароолордун натыйжасында ушул убакка чейин астрономиялык байкоо жанa эсептөөлөрдүн туура эмес чыккан учуру катталбаганы тиешелүү адистер тарабынан белгиленип келет.

Ал эми Кыргызстанда орозонун башталышы жана айт күндөрү алдын ала болжолдуу түрдө белгиленип, бирок айдын жаңырышына карап бул күндөрдүн өзгөрүп кетүүсү мүмкүн экендиги да эскертилет.

Жыйынтык

Жогоруда да айтып өткөндөй, Ислам – биримдикке чакырган жана өзгөчө диний маселелерде бөлүнүп-жарылбоону талап кылган дин. Орозо – исламдын эң негизги ибадаттарынын бири. Айт күндөрү – жалпы мусулман эли үчүн кубанычтын, сүйүнүчтүн күнү, алардын майрамы. Андыктан, мусулмандардын ар башка күндөрдө орозо кармап баштаганы, ар башка күндөрү айт күндөрүн майрамдашы диндин негизги максатына дагы, маани-маңызына дагы төп келбеген көрүнүш болсо керек. Мындай талаш-тартыштан, бөлүнүп-жарылуудан арылуу үчүн “сен кыйын, мен кыйын”, “сен билбейсиң, мен билем”, “менин билгеним гана туура” деген ойлордон, пикирлерден арылып, жалпы мусулман аалым, илимпоз аттуулардын ийри отуруп, түз кеңешип, диний баалуулуктарды эске алуу менен мусулмандардын башын бириктирген бирдиктүү чечимге келиши зарыл.

Албетте, диний маселелерде шарият тарабынан көрсөтүлүп, белгиленген өлчөмдөр эске алынышы керек, бул – аманат. Буларды өзгөрткөнгө, толугу менен четке кагып, жокко чыгарганга эч кимдин укугу жок. Биз сөз кылып жаткан маселедеги шарият белгилеген өлчөм – айдын жаңырышы, анын көрүлүшү. Ошону менен бирге айдын жаңырганын аныктоодо астрономиялык байкоо жана эсептөөлөрдү да колдонуунун пайдасы эле болбосо, эч бир зыяны жок. Себеби мындай байкоо жана эсептөөлөр так чыгып, күмөн жаратпай келе жатканы илимий жактан да далилденгени маалым. Муну кабыл албай четке кагууга да эч кандай негиз жок.

Жаркынбай Себетов, Арашан гуманитардык институтунун теология факультетинин мугалими, Ислам укугу боюнча доктордук наамдын ээси​

P/S: Автордун жазуу стили сакталды жана анын ой-пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG