Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:17

Баткен: милициянын саны өстү, сапаты...


Баткен. 12-май, 2014-жыл.
Баткен. 12-май, 2014-жыл.

Акыркы 2 жылда чек араларда жаңжалдар арбыганы Ички иштер министрлиги коомдук коопсуздукту сактоо, кылмыштуулуктун алдын алуу үчүн Баткендеги чек арага жакын айылдарда милициянын беш бөлүмчөсүн ачып, кошумча 50 кызматтык штат бөлдү.

Баткен облусунун чек аралаш айылдарында өткөн жылдан бери коңшулар менен чырлар арбып, мурдагы жылдарга салыштырмалуу тез-тез кайталанчу болду. Алсак, 2012-жылдын биринчи алты айында чек арага байланышкан 12 чыр катталса, өткөн жылдын 1-алты айында 30 жаңжал болгон. Ал эми быйыл жыл башынан бери чек арада 32 чыр катталган.

Мындай учурларды эске алуу менен Ички иштер министрлиги чек аралаш аймактарга өзгөчө көңүл буруп, өткөн жылдан бери беш чек аралаш айылдарда милициянын бөлүмчөсүн ачып, материалдык техникалык базаны чыңдоону колго алды. Башкы максат - коомдук коопсуздукту сактоо, кылмыштуулуктун алдын алуу.

Ички иштер министрлигинин облустагы башкы милициясы Анарбай Алимбеков мамлекет тарабынан жүргүзүлгөн аракет чек аралаш аймакта элдин коопсуздугун сактоо максатын көздөйт, албетте жылыштар сезилип жатат дейт.

- Акыркы 2 жыл ичинде чек ара боюнча жаңжалдар болуп кетти. Сох анклавындагы, Чорку, Ворухтагы окуялар. Ошондуктан Ички иштер министрлиги, өкмөт демилгени колдоп, беш чек аралаш айылда милиция бөлүмчөсү ачылды. Кошумча штаттар берилди. Таш-Тумшук айылында милиция бөлүмчөсү толугу менен капиталдык ремонттон өттү. Мына ушундай жакшы аракеттер болуп, коомдук коопсуздукту сактоо, кылмыштуулуктун алдын алуу үчүн аракеттер болуп жатат. Ушул айылдарда кылмыштуулук дээрлик жоюлду десек болот.

Тажикстан менен дээрлик аралашып калган Таш-Тумшук айылындагы милиция бөлүмчөсү 2,5 миллион сомго бардык шарттары менен капиталдык ремонттон өткөрүлүп ишке берилген. Айыл тургуну Махабат Абдылаева кооптуу айылда милиция бар болсо көнүл тынчып калат экен дейт.

- Биз бир жылдан бери чыңалууда жашап келебиз десек болот да. Анан минтип милиция бөлүмчөсү кайрадан ишке берилип, милициялар кирип-чыгып коопсуздугубузга кам көрүшү, бизди абдан кубандырды. Кыйла ишеним болот экен.

Аймакка кошумча милиция берилди, кошумча бөлүмчөлөр ачылды деген менен жылыш сезилерлик болбой жаткандай. Анткени катталган кылмыштын саны өткөн жылдын алты айында 316 болсо, быйыл 318ге жеткен. Мындан улам милициянын айрыкча чек аралаш аймактарда иштөөчүлөрдүн коомдук коопсуздук, кылмыштуулуктун алдын алууда кесиптик чеберчилиги да мурдагыдай эле десек болчудай. Облустагы милиция башчысы Анарбай Алимбеков колдон келишинче милициянын сапатына да көңүл буруп, жалаң жогорку билимдүүлөрдү ишке алып жатканын айтты:

- Азыр биз жалаң жогорку билимдүү, атайын окууну бүткөндөрдү ишке алып жатабыз. Анан өзүбүз да улам окууларды өткөрүп, тажрыйба алмашууларды уюштурабыз. Милициянын кесиптик чеберчилигин, эл менен иштөө тажрыйбасын жогорулатуу биз үчүн өтө маанилүү болгондуктан бул жаатта тынымсыз иш жүргүзүп турушубуз керек да.

Аймактык милицияга ар тараптан көңүл бурулуп, шарттар жаралганы абалды кескин өзгөрттү дегенге болбойт. Анткени иштөө тартиби, мамилелер баягыдай эле калууда. Ал эми жергиликтүү иликтөөчү Базарбай Масеитов эл менен милициянын мамилесин түп-тамырынан өзгөртүп, ишти натыйжалуу кылуу үчүн санга эмес, сапатка көңүл буруп, милицияны даярдоого өзгөртүү киргизүү зарыл дейт.

- Албетте аракеттер болгону менен натыйжасы азыраак болуп жатат милицияны реформалоодо. Анткени коомчулук да, милиция да мурда калыптанып калган пикирлер менен эле турушат. Милициянын ишин натыйжалуу кылуу үчүн коомчулук да жардам бериши керек, милицияны даярдоо багытында да бир топ иш жүргүзүшү керек. Антпесе канчалык каражат бөлүп, сөз менен айтылат да абал баягыдай эле тура берет.

Аймакта, айрыкча чек аралаш айылдарда коопсуздукту камсыздоо үчүн милиция кызматкерлери анан да чек арачылар жетишсиздиги дагы деле айтылып келет.

XS
SM
MD
LG