Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:02

Чек ара кызматы Оштон кайра Бишкекке көчөт


Чек ара кызматынын Ош шаарындагы башкы имараты.
Чек ара кызматынын Ош шаарындагы башкы имараты.

Кыргыз чек ара кызматы Оштон Бишкекке көчүү менен структурасы да өзгөрөт.

Аталган кызматты ары-бери которуу, бир мекемеден экинчи мекемеге берүү, кайра азыркыдай өз алдынча коюу сыяктуу тынымсыз өзгөрүүлөрдүн себеби жана кесепети кандай?

Президент Алмазбек Атамбаевдин жардыгына ылайык, чек ара кызматы жаңы жылга чейин толугу менен Бишкекке көчүп келет. Коргоо кеңешинин чек ара маселелери боюнча өкүлү Бактияр Кускакбаедин “Азаттыкка” маалымдашынча, кайра борборго алып келүүгө коопсуздук менен кошо каражат маселелери себеп болду:

- Чек арачылардын каражаты, жашаган жери жок, жаман абалда болгон. Экинчи жагынан, Чек ара кызматынын жетекчилиги Оштон кайта-кайта Бишкекке өкмөттүн, Жогорку Кеңештин жана комитеттеринин жыйынына катышканга келип жатып чыгымдары да көбөйүп кеткен. Анан башкарууну жакшыртуу, чечимдерди оперативдүү кабыл алуу үчүн ушундай чечим кабыл алынды.

Чек ара кызматынын жаңы структурасы боюнча, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында үч башкармалык түзүлөт. Алардын макамы жана ыйгарым укуктары кеңейет. Мисалы өзгөчө кырдаалда борбордук штабды күтпөй, өз алдынча чукул чечим кабыл ала алат.

Чек ара кызматы Ошко 2009-жылы күзүндө көчүп барган болчу. Кыргызстанда айрым мамлекеттик мекемелерди Ошко көчүрүү демилгеси 2007-жылдан тарта байма-бай көтөрүлө баштаган эле.

Жогорку Кеңештеги Коргоо жана коопсуздук комитетитин төрагасы, “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Токон Мамытов мурунку президент Курманбек Бакиевдин тушунда чек ара кызматын которууга бир топ аракет жасалганын, акырында маселеге анын бир тууганы Жаныш Бакиев аралашканын айтып берди:

- Үчүнчү жолу көтөрүлгөндө демилгечи Жаныш Бакиев болуп чыкты. Экономикалык, социалдык, саясий жана башка аргументтерди мен экинчи президентке айткам. Анан жайында бул маселе жабылып калган. Кийин эле, сентябрь айында бул маселени Жаныш кайта көтөрө баштады. Эми анын кызыкчылыгы бөлөк жакта, маңзат жакта болчу. Мен ошондо Чек ара кызматынын төрагасы болчумун. Жаныш экинчи жолу көтөргөндө мага “давай көч, акчаны кийин табабыз”, деп буйрук беришти. Анализ кылбай, коопсуздук, каржы маселелерин карабай экинчи президент иниси Жаныш Бакиевдин тилине кирип, чечим кабыл алган.

Чек ара Ошко кеткенден кийин донорлук жардамдардын баары Коргоо министрлигине, Ички иштер аскерлигине жана Улуттук коопсуздук кызматына кетип, Чек ара кызматы өгөй, жетим баладай болуп четте кала бергени айтылып келет.

Чек ара маселелери боюнча талдоочу Кубанычбек Сарыбаевдин пикиринде, азыркыдай шартта чек арачылардын абалын оңдоп, түштүктө эле калтырган оң болмок:

- Кыргызстанда проблемалуу чек аралардын баары түштүк жакта болуп жатпайбы. Бир чети Чек ара кызматы түштүктө болгону туура эле болуп жатат. Экинчи жактан, өкмөттүн баары Бишкекте. Мунун айынан башкаруу жактан проблема чыгып жатат. Эгерде чек арачыларга чындап шарт түзүп берсе, там-таш менен камсыздаса бул жактан деле качпайт эле.

Кыргызстан чек ара кызматын 1998-жылы Орусия аскерлерин алып кеткенден кийин түзгөн. Аталган кызмат бир туруп атайын кызматка, кайра Коргоо министрлигине берилип, кийин өз алдынча кызмат болуп бир нече жолу өзгөргөн.

Депутат Токон Мамытов муну саясий оюндар менен байланыштырды:

- Чек ара кызматын уятсыздык менен экиге бөлүп салган. Тээтиги жактагы тоолуу тозотторду, отряддарды Коргоо министрлигине берип койгон. Ал эми “майлуу-сүттүү, жиликтүү устукандуусун”, мисалы, Торугарт, Эркеч-Там сыяктуу өткөрмө бекеттерди, "Манас" аэропорту сыяктуу “майлуу-сүттүүлөрдү” Улуттук коопсуздук боюнча комитет алган. Кийин кайра бириктирип, өз алдынча Чек ара кызматын түзүү максатында мени коргоо министринин орун басары кылып дайындашкан. Мен ал жерде он ай иштеп бөлүп чыккам. Кийин 7-апрелден, революциядан кийин дагы кандайдыр бир оюндар болуп, кайра атайын кызматка кошуп салган.

Коргоо кеңешинен билдиришкендей, Чек ара кызматы Оштон Бишкекке көчүп келип, структурасы өзгөрүп бекигенден кийин кадр маселеси каралат. Ысык-Көлдө Эчкили-Таш туругундагы кандуу окуядан кийин Чек ара кызматынын төрагасы Закир Тиленов иштен алуу тууралуу арыз жазган. Президент анын арызы боюнча кандай чечим кабыл алары азыркыга чейин белгисиз.

Чек ара аскерлигинде жыл башынан бери 19 өлүм катталды. Чек арачыларга сураган каражат берилбей, жетиштүү көңүл бурулбай калганын өкмөт өзү деле мойнуна алып жатат.

XS
SM
MD
LG