Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:51

Чек ара кызматы: өзбек тарап кырдаалды курчутууда


Өзбекстан Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районундагы Үңкүр-Тоонун тактала элек жеринен кармап кеткен төрт кыргыз жаранын бошотту. Аларды 8-сентябрда түнкү саат 12ге жакын Ала-Бука районундагы чек арачыларга өткөрүп берди.

Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Абдыкарим Алимбаев "Азаттыкка" маек курду.

“Азаттык”: Абдыкарим мырза, кыргыз-өзбек чек арачылары ортосундагы акыркы сүйлөшүүлөр тууралуу айтып берсеңиз. Сүйлөшүүлөр кандай нукта жүрүүдө?

Абдыкарим Алимбаев: 22-август күнү өзбек тараптан МИ-8 тик учагы менен бир катар аскер кызматкерин Үңкүр-Тоого таштап кетишкен. Андан тышкары тоого келген өзбек аскерлери Үңкүр-Тоодо мыйзамдуу иштеп жаткан Кыргызстандын төрт жаранын кармап, Өзбекстанга алып кирип кеткен.

Андан бери өзбек тарап менен ар тараптуу бир катар сүйлөшүүлөр болду. Ошол сүйлөшүүлөрдүн негизинде 8-сентябрь күнү кечинде Ала-Бука районунда Ички иштер министрлиги менен чек арачылардын жолугушуусу болуп, төрт жаранды Кыргызстанга алып келдик.

Өзбек тараптын Орто-Токойдо иштөөнү улантууну жана ошол аймакта өз элинин жашоосун улантып, ачык айтканда, анклав катары алып калалы деген максаттары бар.

Биздин жарандардын абалы жакшы, аларды туугандарына, үйлөрүнө жеткирип бердик. Бирок сүйлөшүүлөр бүгүнкү күндө бардык маселелер боюнча чечилип бүтө элек.

“Азаттык”: Негизги сүйлөшүүлөр кайсы маселелердин тегерегинде жүрүүдө?

Абдыкарим Алимбаев: Басма сөз каражаттарында айтылгандай, алардын бир канча талаптары бар. Ошол эле Ала-Бука районундагы Орто-Токой суу сактагычы боюнча пикир келишпестиктер бар. Ошонун негизинде келип Үңкүр-Тоо маселеси да ырбап кеткен.

Өзбек тараптын Орто-Токойдо иштөөнү улантууну жана ошол аймакта өз элинин жашоосун улантып, ачык айтканда, анклав катары алып калалы деген максаттары бар. Бирок биздин Ички иштер министрлиги Орто-Токой суу сактагычын толук карамагыбызга алганбыз. Милиция ал жакта бир катар иштерди жүргүзүп жатат. Мына ушундан улам өзбек тарап Үңкүр-Тоого аскерин таштап, маселени курчутуп жатат.

Бүгүнкү күндө алардын эч кандай талабы аткарылган жок, сүйлөшүүлөр уланып жатат.

“Азаттык”: Үңкүр-Тоо маселеси боюнча сүйлөшүүлөр кандай нукта жүрүп жатат? Бул жер такталбаган аймак болгондуктан өзбек аскерлери ал жакка жайгашып алып, келишимдерди бузуп жатканына чаралар көрүлөбү?

Кыргыз-өзбек чек арачыларынын ортосунда келишим бар, ага ылайык аныкталбаган жерде эч кандай чараларды көрбөө зарыл.

Абдыкерим Алимбаев: Ооба, Үңкүр-Тоо бүгүнкү күндө такталбаган аймак. Өзбек тарап 22-августта бул жакка аскерлерин таштаганда биз чек арачылары менен сүйлөшкөнбүз. Бирок, өзбек чек арачылары ал жакка түшүрүлгөн адамдар өзбек Ички иштер министрлигинин кызматкерлери деп айтып жатышат. Бүгүнкү күнгө чейин алар ошол жакта турат.

Биздин чек арачылардан дагы бир канча киши Үңкүр-Тоонун тушунда турат. Биздин эң биринчи максат - төрт жараныбызды кайтарыш керек эле, эми болсо сүйлөшүүлөрдү токтотпой улантабыз.

“Азаттык”: Үңкүр-Тоодогу радиорелейлик станциянын ишмердүүлүгү кандай болот? Ал жакта биздин адистер жок болсо, станциянын мындан аркы иштөө келечеги кандай болот?

Абдыкарим Алимбаев: Бул суроого жооп берүүгө мен компетенттүү эмесмин. Азыркы күндө негизги максат - өзбек аскерлерин ал жактан алыш керек. Кыргыз-өзбек чек арачыларынын ортосунда келишим бар, ага ылайык аныкталбаган жерде эч кандай чараларды көрбөө зарыл. Мурда кандай колдонуп келсек, иштер токтобой ошондой эле уланыш керек эле. Бирок өзбек тарап бул келишимдерди бир тараптуу бузуп жатат. Андыктан келишим бузулганы боюнча биз ар дайым аларга эскертип жатабыз. Алдыда ал жактан өзбек аскерлерин чыгарыш үчүн аракеттерди токтотпойбуз.

Үңкүр-Тоо: бошотулгандар үйүнө келди
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:57 0:00

XS
SM
MD
LG