Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:42

Жарандык коом балдарды коргогусу келет


Кыргызстанда ай сайын балдарга карата зомбулук катталып турат.
Кыргызстанда ай сайын балдарга карата зомбулук катталып турат.

Бишкек шаарында жыйырма сегиз жаштагы келин көңүлдөшү менен бирге эки жаштагы баласын сабап өлтүргөн деп шектелип, камакка алынды.

Коомдук уюмдар байма-бай катталып жаткан зомбулуктардан балдарды коргоо борборлорун ачуу үчүн каражат топтоо демилгесин көтөрүп чыгышты.

"Балдардын укугун коргоочулар лигасы" коомдук фондунун жетекчиси Назгүл Турдубекова демилгенин жайын минтип түшүндүрдү:

- Биз күндө болбосо да, жума сайын дагы бир бала зордук-зомбулукка учурады, дагы бир бала каза болду деген маалымат алып жатабыз. Бул абдан чоң көйгөй болуп кетти. Ошондуктан биз өкмөткө өз жардамыбызды көрсөтөлү деп чечтик. Жер-жерлерде балдардын укугун коргой турган уюмдарды ачалы деген чакырык менен чыктык.

"Балдардын укугун коргоочулар лигасы" коомдук фондунун бул чакырыгына “Кыргызстан аялдар демократиялык тармагы”, Бишкек шаардык “Балдарга жардам борбору” кошулган. Турдубекованын айтымында, учурда Кыргызстандын көптөгөн аймактарында жабыр тарткан балдарга колдоо көрсөткөн кызматтар жок. Бирок өкмөттүн жыл башындагы буйругунун негизинде жергиликтүү бийлик өкүлдөрү өз аймагында балдарды коргоо борборлорун ачууга милдеттендирилген.

- Мисалы мыйзам чегинде ар бир айыл өкмөттүн башчысы, шаардын мэри, шаардык, айылдык кеңештин депутаттарынын мыйзам чегинде милдеттери бар. Бирок ошол милдет азыр аткарылып жатабы? Жок. Болгону мындай иштерди милицияга эле тапшырып коюп жатышат. Бала зордук-зомбулукка учурагандан кийин ооруканага алып барышат. Бүттү.

Турдубекованын айтымында, "Балдардын укугун коргоочулар лигасы" коомдук фонду баштаган уюмдар эгер жергиликтүү бийлик өкүлдөрү имарат берип, психолог менен социалдык кызматкерге айлык акы чектесе, коомдук уюмдар турак-жайды жасалгалоону, керектүү буюм-тайымдарды берүүнү, адис даярдоону өз моюнуна аларын билдирди. Ошол себептүү алар ушу күндөн тарта коомчулукка, Эл аралык уюмдарга кайрылып, каражат топтой баштады.

Долбоорлор көп, бирок иштебейт

Жыл башында президент Алмазбек Атамбаев аёосуз токмоктолуп, ооруканага түшкөн эки жашар наристенин окуясынан улам балдарды коргоо боюнча комплекстүү чараларды иштеп чыгуу тууралуу өкмөткө тапшырма берген. Жыйынтыгында өкмөттөн бул багытта атайын долбоор иштелип чыкканы айтылган. Социалдык өнүгүү министрлигинин үй-бүлөнү коргоо боюнча бөлүмдүн башчысы Марина Жапаркулованын билдиргенине караганда, учурда мамлекетте балдарды коргоо боюнча бир нече долбоорлор бар. Бирок алардын ичинен аймактарга Балдарды коргоо борборун ачуу максаты каражат тартыштыгынан ишке ашпай жатат:

- Чынын айтканда, бир борборду түзүү үчүн эки миллиондон ашык акча керек экен. Ошол эле учурда балдарды коргоо борборлорунун андан ары иштеп кетүүсү да белгисиз. Себеби биздин практикада бир жылдан кийин кайра жабылып калган балдарды коргоо борборлору көп. Ошондуктан мындай мекемелерди жалгыз гана жергиликтүү бийлик түзбөй мамлекет жарандар менен чогуу-чаран иштеши керек.

Марина Жапаркулова өкмөттүк эмес уюмдар көтөрүп чыккан сунуштар туура экенин, бул маселени жалгыз гана министрликтин же жергиликтүү бийликтин моюнуна илип койгондон эч кандай майнап чыкпай турганын жашырган жок.

Бирок учурда Бишкек шаарындагы жаңы конуштардын эли менен иштеп жаткан “Балдарды коргоо борборунун” жетекчиси Кумар Эргешованын пикиринде, "Балдардын укугун коргоочулар лигасы" коомдук фонду баштаган уюмдардын көтөргөн идеясы мыкты. Анткен менен анын ишке ашыруу татаал маселе:

- Кагаз жүзүндө калбай коомдук башталышта ар бир айылда, айыл өкмөттө жумушчу топтор түзүлүп, иш алып барса дурус эле болмок. Ар бир айылдын бала башчысы, балдар менен иштеген ИИМ кызматкери чогулуп иштесе, майнап чыкмак. Биз баарыбыз эле проблеманы билебиз. Бирок анын жолун аныктап чыгып, андан ары кандай кадамдарга барыш керек экенин билбей жатабыз.

Кумар Эргешова Балдарды коргоо борборлорун ар бир айылга ачуу мүмкүн эмес экенин, аны райондорго, облустарга ачуу чындыкка жакыныраак болорун белгиледи.

Зомбулукка кабылган балдар ар тараптуу жардамдарга жана колдоолорго муктаж. Учурда жаш балдарга укуктук, социалдык, психологиялык жактан акысыз консультация берүү мүмкүнчүлүгү Бишкек, Каракол шаарларында жана Түп айылында гана бар. Укук коргоочулар жергебиздин ар бир аймагында ушундай мекемелер ачылышы керек деп эсептешет.

Балдарга зомбулукту кантип токтотобуз? 04.02.2015-жыл.
Балдарга карата зомбулук канткенде токтойт?
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:54 0:00

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG