Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:09

Жумушчунун жесири кенемте азабын тартты


Бишкектеги «Айчүрөк» соода борборунда лифт оңдоп жатып 2015-жылы каза тапкан адамдын жакындары сот чечип берген 1 миллион сомдон ашык кенемтени бүгүнкү күнгө чейин өндүрө албай жатышат.

Иштин алдыга жылбай жатканын алар соттордун жеке кызыкчылыгы менен байланыштырууда.

Бишкектеги эл арасында ЦУМ деп аты чыгып калган «Айчүрөк» соода борборунда лифт оңдоп жатып каза болгон ширетүүчүлөрдүн бири Кылычбек Эстебесовдун үй-бүлөсү сот чегерип берген 1 миллион 680 миң сомдук кенемте менен анын эки баласына ай сайын төлөнүүчү 2267 сомдук жөлөкпулду төрт жылдан бери өндүрө албай жүрөт. Бишкектин Свердлов райондук сотунун чечимине ылайык, өндүрүштө каза тапкан адамдын жакындарына компенсацияны жана жөлөкпулду төлөп берүүгө «Байсан-Курулуш» аттуу компания милдеттендирилген.

Соттун чечиминин ушу күнгө чейин аткарылбай жатканын маркумдун жубайы Гүлжамал Алымкулова жеке кызыкчылыктар менен түшүндүрдү:

Гүлжамал Алымкулова.
Гүлжамал Алымкулова.

- Жолдошум 2015-жылы 13-мартта ЦУМда лифттин шахтасын алмаштырып жатып каза болгон. Сот бардык чечимдерди чыгарып берди. Балдарыма жөлөкпул чектеп берди. Бирок акыйкаттык болгон жок. Фирма эч кандай каражатты төлөп берген жок. «Байсан-Курулуш» аттуу фирманын жетекчиси Курманбек Кочкорбаев ал кезде ошол жерде прораб болуп иштечү экен. Анын жубайы Майрамкүл Дүйшембиева болсо фирмада юрист болуп иштейт экен. Азыр ал аял Бишкек шаарындагы Октябрь райондук сотунда судья болуп иштеп жаткан кези.

Жабырлануучу тарап «Байсан-Курулуш» жоопкерчилиги чектелген коому кенемтени сот тармагында эмгектенген Майрамкүл Дүйшембиевага таянып төлөп бербей жатканын айтууда. Бирок Майрамкүл Дүйшембиева өзүнө айтылган айыптарды четке какты:

- Курманбек Кочкорбаев - менин мурунку жолдошум. Биз ал окуя болгонго чейин эле жашачу эмеспиз. Ошол иш башына түшкөндө мен ажырашууга арыз бере албай калгам. Кийин 2017-жылдын 1-февралынан тартып расмий түрдө ажырашканбыз. Мен 2016-жылдын октябрь айынан бери Балыкчы шаардык сотунда судья болуп иштейм. Ошону менен чынын айтканда ал жолдошум менен байланыш деле жок.

Учурда Бишкек шаардык Октябрь райондук сотунда убактылуу жумуш сапарында жүргөн Дүйшембиева «Байсан-Курулушта» бир күн да юрист болуп иштебегенин кошумчалады.

Ал эми эки адамдын өмүрү кыйылган кырсыкка жооп берүү жоопкерчилиги жүктөлгөн «Байсан-Курулуш» компаниясынын жетекчиси Курманбек Кочкорбаев анын ишканасы банкрот болуп калганын айтып, «каражатты ошол себептен улам төлөп бере албай жатам» деп ишендирүүгө аракет кылды:

- Мен банкрот болбодумбу. Анткени үч жыл түрмөгө отуруп чыкпадымбы. Мени каматышты, фирмамды жаап салышты. Эч нерсем жок, жумушум да жок. Эч нерсе төлөбөйм. Өзүм инфаркт болуп ооруп жатам.

Макаланы даярдоо учурунда Бишкек шаардык район аралык сотунун чечими менен 2018-жылы «Байсан-Курулуш» жоопкерчилиги чектелген коому банкрот деп жарыяланганы белгилүү болду.

Соңку жылдары Кыргызстанда ар кандай кырдаалдардан улам сот аркылуу да кенемте өндүрө албай жаткандар арбыганы айтылып келет. Судьяларга байланыштуу жагдайларга мониторинг кылып, Соттор кеңешинин Тартип комиссиянын чечимдерине байкоо жүргүзүп келген «Коомдук талдоо институту» уюмунун жетекчиси Рита Карасартова жагдай боюнча төмөнкүдөй пикирин билдирди:

Рита Карасартова.
Рита Карасартова.

- Соттун арты менен калыстыкка жетүүнүн эки тоскоолдугу бар: бир жагынан жабырлануучу көпкө чейин сотко барып жүрүп, укугун коргоп, чечим чыгартуу кыйынчылык менен коштолот. Анан сот чыгарган чечимди аткаруу маселеси боюнча да сотко кайрылган учурлар бар. Сот аткаруучулар да кадимкидей сот болуп алышкан. Кааласа соттун чечимин ыкчам аткарып коюшат. Кээ бирлериникин чечим чыгып турса да беш-алты жылдап аткарбай коюшат. Ушул көрүнүш улана берсе соттун чечими деле маанилүү болбой калат.

2015-жылдын март айында борбордогу «Айчүрөк» соода борборунда лифт оңдоп жаткан эки адам лифттин шахтасына алтынчы кабаттан кулап түшкөн. Каза тапкандар Ысык-Көл облусунда туулган Кылычбек Эстебесов жана Жалал-Абад облусунда туулган Алтынбек Алиев болгон. Алар «Байсан-Курулуш» компаниясында ширетүүчү болуп иштеп жүргөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG