Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:17

Интеллигенция үн катты


Мурдагы бийликтердин тушунда Кыргызстанда интеллигенция өкүлдөрү саясий курал катары колдонулуп келгени айтылып келет. (Сүрөттө: Курманбек Бакиев бийликтен кулаар алдында өткөргөн Ынтымак курултайынын катышуучулары. 23-март, 2010.)
Мурдагы бийликтердин тушунда Кыргызстанда интеллигенция өкүлдөрү саясий курал катары колдонулуп келгени айтылып келет. (Сүрөттө: Курманбек Бакиев бийликтен кулаар алдында өткөргөн Ынтымак курултайынын катышуучулары. 23-март, 2010.)

22-апрелде Бишкекте бир катар коомдук уюмдардын демилгеси менен Кыргызстан интеллигенциясынын экинчи курултайы өттү.

Курултай өлкөдө болуп жаткан коомдук-саясий кубулуштарга интеллигенциянын ой-пикир, сунуштарын пайдалануу максатын көздөөрү айтылды. Анткен менен кыргыз интеллигенциясы бу сапар да бийликтин куралы болуп, анын жетегинде калат дегендер жок эмес.

Элүү жылдан кийинки экинчи курултай

Курултай уюштуруучуларынын айтымында, өлкөдөгү тарыхый коомдук-саясий өзгөрүүлөрдө интеллигенция өкүлдөрүнүн калыс пикири, сунуштары айтылбай да, эске алынбай да келатыптыр. Ошондон улам интеллигенциянын башын бириктирүү идеясы жаралган.

Курултайда негизги баяндама жасаган Бишкек финансы-экономикалык академиясынын ректору, профессор Абдырахман Мавлянов буларды белгиледи:

- Азыркы кезде баарыбыз тең эле бири-бирибизди укпай калдык. Эл болсо бийликке ишенбей калды. Бийлик болсо элдин көйгөйүн чече албай жатат. Акыркы убакта биздин саясатчылар өз айылдарына барып, туугандарын чыгарып, жол тосуп жүрүшөт. Жалпы Кыргызстан жөнүндө ойлонбой жатат. Ошол эле кезде интеллигенция сыртта калып жатат.
Бийлик интеллигенцияны пайдаланды. Кантип? Ачык эле айтыш керек, интеллигенция бийликтин малайы болду. Классикалык үлгүсү - "дүжүр чалдар" пайда болду...
Алмаз Алдашев


Мавляновдун айтымында, интеллигенция илимдүү, таланттуу жана тажрыйбалуу адамдардан турат. Андыктан, алардын сунуш-пикирлери мамлекет үчүн баалуу.

Анткен менен курултайда сөз алгандар интеллигенция, окумуштуулар, маданият ишмерлери, жазуучулар, дегеле коомдун алдыңкы адамдары өздөрүнүн тарыхый миссиясын өтөй албаганын айтып, өздөрүнүн кемчиликтерин да атады.

Өлкөдө болуп жаткан тарыхый жагдайларда алар калыс сөзүн айтпай келишкендиги белгиленди. Маселен, академик Алмаз Алдашев мурдагы президенттердин тушунда интеллигенция өкүлдөрү бийликтин куралы болуп, ал эми айрымдары өлкөдөгү маанилүү маселелерде унчукпай келгендигине токтолду:

- Бийлик интеллигенцияны пайдаланды. Кантип? Ачык эле айтыш керек, интеллигенция бийликтин малайы болду. Классикалык үлгүсү - "дүжүр чалдар" пайда болду. Алардын көбү ким? Интеллигенциянын өкүлдөрү.

Бирок драматург-жазуучу Мар Байжиев мындай пикирге кошулбайт. Анын айтымында, бул мезгилдерде калыс пикирин айтып, бийликтин кемчилигин көзгө сая көрсөткөндөр да болду.

- Өлкөдө кандайдыр бир чоң иш-чаралар өткөндө бизден - адистерден сурап да коюшпайт. Сүрөтчүлөр, жазуучулар, режиссерлер баары кесипкөйлөр да. Ал эми бизге окшогон пенсионерлерден бир эки адам калды. Айрым маселелерди айтсак, "бул чал эмне дөөрүп жатат", - деп бизди уккан киши жок.

Интеллигенция деген ким?

Айрым серепчилердин белгилешинче, жыйырма жылдан бери интеллигенция өкүлдөрү деп саналган мугалимдерди, дарыгерлерди бийлик шайлоолордо бийлигин бекемдөө үчүн каалагандай пайдаланып келген. Ал эми жазуучулар, коомдук ишмерлер болсо бийликти бир жактуу мактап турушкан.

Коомдук ишмер Кубан Бектемиров азыр да кыргыз интеллигенциясы “үйдө баатыр, жоодо жок” болуп жатат деп сыпаттады:

- Интеллигенцияда үч кемчилик бар. Биринчиси - коркоктук, экинчиси - кошоматчылык. Үчүнчүсү - күчү жалаң эле сөзгө чыккан, башкача айтканда “ашканадагы революционерлер”. Же болбосо мааракеге, той-ашка барганда сүйлөшөт. А бирок негиздүү сунуштары жок.

Курултайда интеллигенция деген ким деген суроого да жооп изделди. Анда чыгып сүйлөгөндөрдүн айтымында, билимдүү же дипломдуу адамдардын баары эле интеллигенция өкүлү боло албайт. Ал өз алдынча ойлоно алган, жарандык калыс пикирин айтып, өлкөнүн тагдыры үчүн бушайман болгон адам деп белгиленди. Курултайдын акырында резолюция кабыл алынып, интеллигенттердин коомдук палатасы түзүлмөй болду.

Бул курултайдын экинчи курултай саналышына келсек, интеллигенттердин биринчи курултайы 1960-жылы, Кыргызстандын ал кездеги жетекчиси (биринчи катчы) Исхак Раззаковдун демилгеси менен уюшулган экен.

XS
SM
MD
LG