Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:52

"Республикачы" депутатка иш козголду


ОшМУнун башкы имараты.
ОшМУнун башкы имараты.

“Республика” фракциясынын депутаты Элмурад Обдуновго июль айында ачылган “ОшМУнун иши” боюнча кылмыш иши козголду.

Ал ОшМУнун башкы эсепчиси болуп иштеп жүргөн учурда окуудан чыгарылган 421 студенттин эки жарым миллион сомго чукул келишимдик акысын кайтарып бербей, кымырып койгон деп шектелүүдө. Парламенттик оппозиция депутаттын кол тийбестигин алууну кароодо козголгон иштин мыйзамдуулугу иликтенерин жарыялады. Саясий чөйрөдө болсо бийлик коррупционерлерди оппозициялык лагерден эле издебестен, өзүнүн арасынан да караса болмок деген пикирлер үстөмдүк кылууда.


Төрт ай мурун козголгон иштин төркүнү


2009-2010-жылдары ОшМУнун окуудан чыгарылган студенттеринин келишимдик акылары кайтарылбай калганы боюнча кылмыш иши быйыл өткөн июль айында эле козголгон болчу. Бирок ал кезде бул иш боюнча кылмышка шектүү катары ОшМУнун ошол кездеги проректору Ашыралы Борбоевдин гана ысмы аталган. Тергөө окуу жайдын эсепканасы окуудан чыгарылган 421 студенттин келишимдик акы үчүн төлөнгөн акчасы кайтарылып берилди деп жасалма документ түзүлгөнүн таап чыккан.

Аталган факты боюнча иш мындан төрт ай мурун козголгонуна карабастан башкы прокурордун биринчи орун басары Нурлан Жээналиевдин "кылмыш иши эми гана козголду" дегени таң калыштуу болду:

- Ал депутаттын үстүнөн башкы прокурор өзү иш козгоду. Ишти болсо Ош шаардык прокуратурасы жүргүзүүдө. Эми бул иште анын катышы тастыкталса башкы прокурор депутаттын кол тийбестигин алуу боюнча маселени парламенттин кароосуна алып барат. Азыр кылмыш иши факты боюнча гана козголду.

Бирок июль айында козголгон кылмыш ишинде бул ишке түздөн-түз жооп бере турган ОшМУнун ошо кездеги башкы эсепчиси, кийин “Республика” партиясынан депутат болуп келген Элмурад Обдуновдун аты аталган эмес. Бул маселе боюнча учурда депутат Обдуновдун өзүнөн комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

“Азаттык” бул факты боюнча жайында иликтөө жүргүзгөн учурда Обдунов ал боюнча тергөө органдары ага кайрылбаганын айткан болчу:

- Мен ОшМуда башкы эсепчи болуп 2008-жылдан 2010-жылга чейин иштедим. Анан окуудан чыгарылган студенттердин акчасы ошол кезде кайтарылбай калган дегенге эч кандай негиз жок. Себеби ар бир студент акчасын талап кылат да. Бул боюнча тергөө органдары мага эч кандай доомат койуп, кайрылган жок. Иш болсо кайрылат эле да.


Тергөө органдары бийликтин көзүн карап көнүп алганбы?


Ал кезде Элмурад Обдуновго кылмыш ишин козгоо боюнча маселе көтөрүлбөгөнүнүн себебин талдоочулар тергөө иштерине бийликтин түздөн-түз таасири менен байланыштырат. Анткени июль айында “Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов өкмөт башчысы болчу. Талдоочулар тергөө саясий аба ырайга карап иштегенге үйрөнүп калгандыктан аз кезде “республикачы” депутатка кылмыш ишин козгоого дааган эмес деп божомолдошот.

Жогорку Кеңештин “Республика” фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев Обдуновго каршы козголгон иштин мыйзамдуулугу иликтене турганын белгиледи:

- Обдунов эки жылдан бери депутат болуп отурат. Кылмыш иши болсо башында эле караса болот эле да. Анан эми өткөндө баш прокурордун парламентке келип алып “дагы 6-7 депутатка иш бар” дегени жөн эле коркутканга окшоп калды. Каалаган адамына иш козгоп, каалаган адамдын ишин кыскартып койгондой өнөкөт болбош керек да. Башкы прокуратура ишти бизге жиберсе Обдуновго мыйзамдуу негизде иш козголгон-козголбогонун иликтейбиз.

Ошол эле кезде саясий чөйрөдө коррупцияга каршы күрөш каршылаштарды шайлоо мезгилинде чочутуп койуу үчүн гана бир жактуу жүргүзүлгөн кооптуу иш-чарага айланып баратканы айтылууда.
XS
SM
MD
LG