Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:16

Сот Аманбаеваны тогуз жылга кести


Урмат Аманбаева
Урмат Аманбаева

13-ноябрда Жогорку Кеңештин экс-депутаты Урмат Аманбаеваны Октябрь райсоту тогуз жылга эркинен ажыратып, зот залынан камакка алды.

Бишкектин Октябрь райондук сотунун чечимине ылайык, Аманбаеванын үй-мүлкү да конфискацияланат. Аны менен кошо төмөнкү адамдарга да сот өкүмү угузулду.

Манзура Улуходжаеванын (“БУМ” ЖЧКсынын жетекчиси) үй-мүлкү конфискацияланып, сегиз жылга эркинен ажыратылды. Өкүм окулгандан кийин сот залынан камакка алынды.

Фарида Шамшиева (Ош облустук кургак учукка каршы борборунун дарыканасынын жетекчиси) 300 миң сом айып пул төлөөгө милдеттендирилди.

Улан Асанов (Ош облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун башкы бухгалтери, Урмат Аманбаеванын мурдагы күйөө баласы) 300 миң айып пул төлөөгө милдеттендирилди.

Гүлбурак Шаева (Ош облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун башкы бухгалтеринин милдетин аткаруучу) иштин мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу жазадан бошотулду.

Буга чейин мамлекеттик айыптоочу Аманбаеваны 17 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн мамлекетке чегерүүнү сураган болчу.

Аманбаева Ошто кургак учукка каршы күрөш боюнча медициналык борборунда башкы бухгалтер болуп турганда коррупциялык схемаларды түзгөн, мунун айынан өлкө казынасына ири өлчөмдө зыян келтирген деп айыпталган. Өзү бул айып негизсиз экенин айтып келет.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, Ош облустук кургак учукка каршы күрөш медициналык борборундагы коррупциялык айла-амалды бир канча адамдан турган топ жүргүзгөн. Ал топту ошол кезде башкы бухгалтер болуп иштеп турганда Урмат Аманбаева жетектеген жана андан башка ошол борбордун башчысы, дарыкананын жетекчиси, дары-дармек компаниясынын өкүлү, медайымдар жана башка адамдар оорулууларга бөлүнгөн каражатты уурдоого катышкан. Алар кургак учукка кабылгандар үчүн өтө зарыл таңкыс дарылардын баасын документтерге тийиштүү өлчөмдөн ашыра жазып турушкан. Ал кошулуп жазылган дарылардын акчасын топтун мүчөлөрү кымырып алып турушкан. Мындай ыкма 2009-жылы башталып, 2013-жылга чейин уланган жана андан мамлекеттик казына 17 миллион сомдон ашык чыгым тарткан.

XS
SM
MD
LG