Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:33

Бишкекте кытай рестораны каракталды


7-февралга караган түнү Бишкектин чок ортосунда жайгашкан кытай ресторандарынын бирине кол салуу болду.

Белгисиз куралчан адамдар аталган коомдук тамактануу жайына беткап менен кирип, ал жерде отургандарды коркутуп, ири өлчөмдөгү акчаны карактап кетишкен. Бул тууралуу билдирген Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы учурда бул окуяга байланыштуу кылмыш иши козголуп, кылмышкерлерди издөө иштери жүрүп жатканын билдирди.

Күтпөгөн “коноктор”

6-февралдын кечинде болжол менен саат ондордон өтүп Бишкек шаарындагы Жусуп Абдрахманов көчөсүндө жайгашкан «Цзи Сян» кытай ресторанына кол салуу болду. Беткап кийген куралчан белгисиз төрт адам коомдук тамактануу жайына күтүүсүздөн кирип келип, алардын бири жогору карай ок чыгарган. Андан соң кылмыштуу топ аталган кытай ресторанынын административдик жайына өтүп, анда иштеген кызматкерлерден акча талап кылган.

Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев учурда карактоого катышы бар бул кылмыштуу топ изделип жатканын билдирди:

- Белгисиз адамдар андагыларды коркутуп, кассадан ири өлчөмдө акча карактап кетишкен экен. Окуя болгон жерге кылмыш иликтөө кызматкерлери жана ыкчам тергөө тобу жетип барган. Алардан сырткары эксперттер ал жерде иштеп жатышат. Учурда тергөөчүлөр анда иштегендерди жана окуянын башка күбөлөрүн сурап жатышат. Бул карактоо фактысы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренесинин 2-бөлүмү (каракчылык) менен кылмыш иши козголду.

Айрым маалыматтар боюнча, кытай ресторанына кол салган кылмыштуу топ анда эс алып отургандардын кээ бирөөлөрүн да карактап кеткен. Ок атуучу курал менен ал жакка кирип барган беткапчан каракчылар андагылардын бардыгын жерге жатуусун буюруп, эс алуучулардын айрымдарынын кымбат баалуу алтын жасалгаларын тартып алышкан.

«Цзи Сян» ресторанынын администрациясы бул карактоо окуясынын чоо-жайы жана иликтөө иштеринин жүрүшү тууралуу комментарий берүүдөн баш тартты. Ал арада каракталган кытайлык ишкерлер милицияга арыз жазбай коюшканы тууралуу маалымат тараган эле.

Бирок ИИМдин өкүлү Эрнис Осмонбаев аталган ресторандын администрациясы арыз бергенин айтып, калган жабырлануучулар тууралуу маалымат такталып жатканын белгиледи:

- Беткапчан кылмышкерлер кирип келген учурда ал жерде эс алып отурган адамдар дагы бар беле же жок беле, болсо канча адам болгону учурда такталууда. Ресторандын кызматкерлери күбө катары суралган. Ресторандын администрациясы арыз жазбай койгон деген маалымат жок. Жабырлануучу тарап катары ал жактан арыз алынган.

Чет элдик ишкерлерди чочуткан окуя

Кытайдан келген жеке ишкерлер аталган коомдук тамактануу жайын ижарага алып, үч жылдан бери иштетип келишкен. Байкоочулардын баамында, кийинки мезгилде Бишкекте кытай ашканасы өзгөчө популярдуу болуп, ага кирген шаар тургундары көбөйгөн. Мындан улам кытай ашканаларынын да саны өскөн эле.

Кафеде отургандар.
Кафеде отургандар.

Жогорку Кеңештин “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Тазабек Икрамов өлкөгө салык төлөп жаткан чет элдик ишкерлерге кол салуунун кесепеттерин айтып, милицияны кылмыштын бетин тез арада ачууга чакырды:

- Биз чет өлкөдөн келип, бул жерде иштеп жаткан ишкерлерди коргошубуз керек. Аларды коргой турган мыйзам иштеши зарыл. Ар бир эле келген чет элдик ишкерлерди бул жакта коркутуп-үркүтүп турсак, анда бизде өнүгүү болушу кыйын. Соңку мезгилде Кытайдан же Түркиядан келип, бул жерде ишкердик менен алектенген адамдардын акчасын тартып алган, алдап кеткен же мына ушул сыяктуу көрүнүштөр көп болуп жатат. Мына ушундай көрүнүштөрдөн улам бизге сырттан инвесторлор келбей жатат. Кордук көргөн чет элдик ишкер экинчи бул жакка келбейт. Ал турсун бул жакка келе турган башка чет элдик ишкерлерди дагы айнытышы мүмкүн. Биз көбүрөөк жумуш орундары түзүлүп, салык базасы чоңоюп өлкөбүз өнүксүн десек, анда чет элдик ишкерлерге кол салууга жол бербешибиз зарыл.

Кылмыштуу топтун кытай ресторанына кирип, андагыларды коркутуп-үркүтүп, бардыгын карактап, чыгып кетүүсүнө он мүнөттөй убакыт кеткен. Беткапчан топтун кыймыл аракети мекеменин видеобайкагычына түшкөн. Милицияга кабар берилип, бирок ал келгенче каракчылар из суутушкан. Бишкек шаарынын чок ортосундагы болгон бул куралчан карактоого байланыштуу шаардагы ички иштер органдары түп көтөрүлүп, белгисиз кылмыштуу топту издөө планы жарыяланды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG