Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:18

Чех ишкерлеринин тонолушу иликтенүүдө


Иллюстрация
Иллюстрация

Бишкекте чех ишкерлери тонолгонун айтып чыгышты. 7- ноябрь күнү өздөрүн милиция кызматкерлерибиз деп тааныштырган беш киши ишкерлердин колун кайрып, документ талап кылган.

Саламаттыкты сактоо тармагындагы долбоорлорду каржылаган чехиялык ишкерлер 7-ноябрь күнү, саат 16:30да Бишкектин чок ортосунан тонолгону кабарланды.

Ишкерлер сувенир алуу үчүн “Берекет-Гранд” базарына кирип, чыгып келе жатканда жарандык кийимчен беш киши алардын колдорун кайрып, документ талап кылган. Чехиялык Катерина окуяны мындайча айтып берди:

- Кесиптешимди колунан катуу кармашты. Милицияданбыз деп күбөлүгүн көрсөтүштү. Мен аябай коркуп кеттим, күбөлүктөгү жазууларга түшүнгөн жокпуз. Алар паспорт жана капчыгыбызды көрсөтүүбүздү талап кылды. Биз баарын көрсөткөндөн кийин коё беришти. Таксиге отуруп мейманканага келсек, бир кесиптешимдин капчыгынан 50 евро, дагы биринен 90 евро жоголгонун айтып калышты. Аңгыча биз менен жүргөн кыргызстандык Бактыгүл Усманова чалып калды, ага акчабыз жоголгонун кабарладык.

Нарын: туристке кол салгандар камакта

Нарын: туристке кол салгандар камакта

Нарын облустук ички иштер башкармалыгы АКШнын жараны Чад Родхачерди тоноду деген шек менен эки адамды кармады.

Чехиялыктардын жанында жүргөн кыргызстандык жаран, “Демилге” коомдук фондунун жетекчиси Бактыгүл Усманова Бейшеналиев - Киев көчөлөрүнө жакын милициянын аймактык бөлүмүнө оозеки кайрылган.

Эки саатка жетип-жетпеген убакытта милициялар уурулар кармалганын билдирип, жоголгон акчаны таап беришкен.

- Ошол жерге жакын жайгашкан милиция бөлүмүнө арыз жазайын деп баргам. Базардагылар бири-бирин тааныйт деп жетекчисине телефон чалдык. Аңгыча ошол жердеги балдар "унчукпай кеткиле, азыр таап беребиз" деди. Бир аздан кийин ушул эле акча экен, балдар алыптыр деп колубузга он миң сом карматты. Арыз жазуу жөнүндө сөз болгон жок. Милиция бөлүмүнүн жетекчисинин орун басарымын деп өзүн тааныштырган Рахман аттуу бала алып келди.

Учурда бул боюнча милиция окуянын чоо-жайын билдире элек. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Самат Курманкулов “Азаттыкка” бул маалымат иликтенерин билдирди.

Буга чейин 3-ноябрда интернетке ушуга окшош дагы бир окуя жарыяланган. Анда Рустам Иса аттуу жаран чет өлкөлүк таанышын өзүн орган кызматкеримин деп тааныштырган жаран опузалаганын Фейсбукка жазган эле.

- Биз чет элдик компаниянын кеңсесинде отурганбыз. Бир маалда бир адам кирип келип түрк мейманга "мени менен жүрүңүз" деп айтты. Мен биз сүйлөшүп жаттык эле күтө турасызбы десем, "жок мен ИИМдин 10-бөлүмүндө иштейм. Бул түрктү алып кетишим керек" деди. Мен сөзгө аралашып, түрк мейман эч кандай мыйзам бузган жок. Келгенине үч эле күн болду, эч жакка барбайт дедим. Тигил адам түрк коноктон паспорт талап кылды.

Ортого кыргыз жарандары кийлигишкенден кийин бейтааныш жаран 016 AAJ мамлекеттик номурлуу БМВ үлгүсүндөгү автоунаага түшүп кетип калган. Чет өлкөлүктөр менен иштеген Рустам Иса мындай көрүнүш далай ирет болгонун кошумчалады. Ал эми бул окуя боюнча милиция маалымат тарата элек.

Жарандык активист Рита Карасартова мыйзамсыз иштерге жол берип жаткан милициядагы бүгүнкү системаны сынга алды.

- Милиция сойкуларды коргоп жатат деген видеону социалдык тармактардан баары көрдү. Бул эми жаңылык эмес, ал кызматкер иштен кеткен жок окшойт. Болгону башка жакка которуп ийишет. Милициянын ушундай иштери билинип калса, жоопкерчиликке тартылбайт. Мындан улам алар мыйзамсыз иштерди кыла беришет.

Коомчулукта милиция базардагы чөнтөкчүлөрдү калкалайт, чет өлкөлүктөрдү жөнү жок текшерүүгө алат деген сындар айтылып келет. 2010-жылдагы окуядан кийинки келген бийлик ички иштер тармагында реформа болот деген убаданы байма-бай берип келет.

Кыргызстанда 4-ноябрдан тарта беш күндөн ашык жүргөн чет өлкөлүктөр милдеттүү түрдө каттоодон өтүшү керек деген мыйзам күчүнө кирген. Туризм, бизнес тармагындары айрым адистер бул жободон чочулашып, сырттан келгендердин укугу бузуларын айтышууда.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG