Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:47

Москвадагы мурас талаш, Таластан берилген күбөлүк


Азима Абдумаминова тууралуу "Вечерний Бишкек" гезитинин макаласы.
Азима Абдумаминова тууралуу "Вечерний Бишкек" гезитинин макаласы.

Орусиядагы белгилүү актер, маркум Алексей Петренконун жесири, кыргызстандык Азима Абдумаминова кызына Бишкекте жана Талас облусунда эки башка күбөлүк алганы чоң жаңжалга айланды.

Бул факт Петренконун биринчи никесиндеги кызы Полина Петренко менен анын жесири актердон калган баасы миллиондогон акчага бааланган мүлктү талаш-тартышып жаткан учурда ачыкка чыкты.

Кыргызстандын Мамлекеттик каттоо кызматы кыздын экинчи күбөлүгү жасалма экенин, мыйзамсыз берилгенин бышыктады. Бирок бул фактыны укук коргоо органдары териштирдиби-жокпу, азырынча белгисиз.

Азима Абдумаминова Кыргызстанда журналист болуп иштеген жана башында Азима Расулова деген ат менен жүрчү. Ошондой эле 2005-жылы ошол кездеги бийликке каршы чыккан "Кел-Кел" жаштар уюмунун лидерлеринин бири болгон.

Абдумаминова март ыңкылабынан кийин "Замана", КООРТ телеканалдарын, андан кийин "Кыргызфильмофондду" жетектеген. Ал Петренкого 2010-жылы турмушка чыккандан бери Орусияда жашап жүргөн.

Мүлк талаш

СССРдин жана Орусиянын Эл артисти Алексей Петренко быйыл февраль айында 79 жашында көз жумган. Ушул тушта анын үчүнчү аялы Азима Абдумаминова менен биринчи никесинде төрөлгөн кызы Полина Петренко актердон калган мүлктү талашып, соттошуп жатат.

Бул жаңжал Москвадагы федералдык телеканалдардын негизги ток-шоуларында, башкы гезиттерде негизги темалардын бирине айланды жана айрым бир фактылар белгилүү болду. Ага ылайык Полина Петренко атасынын үчүнчү аялын "кызын жасалма документтер менен Алексей Петренкого каттаткан, ошонун негизинде мураска ээлик кылгысы келип жатат" деп айыптап жатат.

- Азима кызы Алияга туулгандыгы тууралуу жасалма күбөлүк алган. Бул атамдын кызы эмес. Мен муну акыркы демим чыкканга чейин айтам. Мен ДНК тест жүргүзүлүшүн талап кылам.

Азима Абдумаминова тууралуу "Вечерний Бишкек" гезитине чыккан макала.
Азима Абдумаминова тууралуу "Вечерний Бишкек" гезитине чыккан макала.

Ал арада кыргызстандык жаран Улукбек Сулейманов Азима Абдумаминованын кичүү кызынын чыныгы атасы экенин айтып чыкты. Орусиялык телеканалдар көрсөткөн документтерге ылайык, Азима Абдумаминованын он жаштагы кызына биринчи күбөлүктү Сулейманова Алия Улукбековна деген ат менен 2007-жылы 15-январда Бишкек шаарындагы Октябрь райондук жарандык актыларды каттоо бөлүмү берген. Экинчи күбөлүк 2010-жылы 29-декабрда Талас облусунун Кара-Буура районундагы Кызыл-Адыр айылдык жарандык актыларды каттоо бөлүмүндө Петренко Мелания Алексеевна деген ат менен алынган.

"Азаттык" Азима Абдумаминованын өзү менен байланышып комментарий алууга аракет кылды, бирок байланышуу мүмкүн болгон жок. Антсе да ал орусиялык маалымат каражаттары менен болгон маектеринде, түшүндүрмөлөрүндө кичүү кызынын атасы Алексей Петренко экенин айтып жүрөт. "Комсомольская правда" гезитиндеги соңку маегинде ал кичүү кызын никесиз төрөгөнүн, үй-бүлөсүндө жаңжал чыккандыктан аны айдоочусу Улукбек Сулеймановдун кызы деп жаздыртып койгонун, экинчи күбөлүктү күйөөсү Алексей Петренко жасатканын, өзү ал документти кокусунан эле быйыл көрүп калганын айткан.

- Алексей Петренко экөөбүз үйлөнгөндө кызымды ал өзүнө каттаткысы келди. Ызы-чуу болбосун деп ал Кыргызстандагы Талас шаарын тандап алды. Ал жерде ЗАГСта жаңы күбөлүк жасатты жана өзү атасы экенин көрсөттү. Ал өлгөндөн кийин гана "экинчи күбөлүк жасалма, мурасты алыш үчүн гана жасалган" деп көтөрүп чыгышты. Мунун баары болбогон кеп. Мен чындап эле Таласка бармак эмесмин. Алексей Васильевич (Петренко) режиссер Динара Асанованын кинолорунда тартылган жана экөө тааныш болчу. Анын атасы Таластан. Ал Таласта туулуп-өскөн Чыңгыз Айтматов менен да жакын дос болчу.

Алиябы же Меланиябы?

Азима Абдумаминова Улукбек Сулейманов кызынын атасы экенин жана Сулайманова Алия Улукбековнанын атына берилген туулгандыгы тууралуу күбөлүктү жокко чыгаруу боюнча Сокулук райондук сотуна арыз жазган. Бул документти Бишкектеги Октябрь райондук жарандык актыларды каттоо бөлүмү бергендиктен, арыз ошол районго которулган. Азима Абдумаминованын адвокаты Кайрат Загибаев "Азаттыкка" иш сотто карала электигин билдирди:

Мен: "Азима, бул тамаша эмес, сотко барабыз, мен аксакал кишимин, эртең уят болуп калбайын", - десем: "Кайрат аке, бул анын кызы эмес, мен сөз берем", - деп жатат.

- Биз "Сулеймановдун ата экени мыйзамсыз деп таанылсын" деп сотко доо арыз жолдодук. Азима мага "бул Сулеймановдун кызы эмес" деп айтып жатат. Мен: "Азима, бул тамаша эмес, сотко барабыз, мен аксакал кишимин, эртең уят болуп калбайын", - десем: "Кайрат аке, бул анын кызы эмес, мен сөз берем", - деп жатат. Сот ишти карай элек. Улукбек Сулейманов менен анын адвокаты Анатолий Сафонов экөө Москвадан эле чыкпай калышты го. Ошого алар жок баштай албай жатабыз.

Кайрат Загибаев Азима Абдумаминованын кызынын экинчи күбөлүгүн жасалма экенин далилдөө кыйын экенин да билдирди:

- Петренко бул документти тааныштары же достору аркылуу алганбы, белгисиз. Азима аны 2010-жылы Петренко алып келгенде көргөн да. Текшерүүчүлөр текшерели десе бала туулганда берилген кагаздар мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу жок кылынган экен. Ошого эми "ким күнөөлүү" деп издесе аны далилдеш кыйын. Жасалма документ деген эгер анын тамгасын, мөөрүн алмаштырса жасалма болот. Бул болсо мыйзамдуу документ. Күбөлүк мыйзамдуу. Текшерели десе документтер болбой жатат, маселе ушунда. Бирок бул эмне берет? Николай Петрович Ташмат, Эшматтан суранган экен, бул эмнени өзгөртөт?

Азима Абдумаминованын кызына эки күбөлүк берилгени боюнча Кыргызстандын Мамлекеттик каттоо кызматы кызматтык иликтөө жүргүзгөн. Мекеменин маалымат катчысы Мелис Эржигитов анда экинчи күбөлүк мыйзамсыз берилгенин, ал документти берген Талас облусундагы Кара-Буура районунуна караштуу Кызыл-Адыр айылдык жарандык актыларды каттоо бөлүмүнүн кызматкери иштен кеткенин маалымдады:

Мелис Эржигитов.
Мелис Эржигитов.

- Биринчи мыйзамдуу түрдө, туулгандыгы тууралуу чыныгы күбөлүк Бишкектеги Октябрь районунан берилиптир. 2010-жылы Талас облусунун Кара-Буура районунан башка ат менен ушул эле кызга дагы бир жолу туулгандыгы тууралуу күбөлүк жазылып берилиптир. Ал күбөлүктү алганда туулгандыгы тууралуу медициналык күбөлүк жасалма экен. Датасы жок экен. Күмөн жараткан маалымдаманы берген экен. Бул боюнча кызматтык иликтөө жүрүп, ал күбөлүктү берген Эрмек Усупбеков иштен кетиптир. Бул боюнча материалдар Башкы прокуратурага укуктук баа бериш үчүн жөнөтүлгөн экен. Мурас боюнча чырда билинип, архивдерди аңтарганда бир кишиге эки жолу күбөлүк берилип калганы аныкталгандан кийин ал киши күнөөсүн мойнуна алып, өзү арыз жазып иштен кетиптир. Документтер Башкы прокуратурага берилгенден кийин Мамлекеттик каттоо кызматынын бул боюнча иш-аракети токтогон. Калган процесс бүгүнкү күндө кандай болуп жатканын билбейбиз.

Бул фактыны азыр кайсы орган териштирип жатканы белгисиз. Аны макала жазылганча Башкы прокуратурадан да, Ички иштер министрлигинен да, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитететтен да тактоо мүмкүн болгон жок. Алексей Петренконун биринчи никедеги кызы Полина Петренконун адвокаты Евгений Тонкий жасалма документ алуу фактысы боюнча Кыргызстандын укук коргоо органдарына кайрылышканын, бул Орусиядагы сот жараянында негизги факт катары каралып жатканын айтууда:

- Азима менен анын кызын мураскерлик укуктан ажыратуу боюнча 16-августта сотко доо арыз менен кайрылганбыз. Арызды жасалма документтер колдонулган фактылар менен негиздегенбиз. Мунун баары эми сотто каралат. Анын негизинде бул эки адам мураскерби же жокпу деп аныкталат. Кызга биринчи күбөлүк 2007-жылы, экинчи күбөлүк 2010-жылы алынган. Азыр биздин арызыбыздын негизинде Кыргызстанда жасалма документ фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Экинчи күбөлүк берилген аймакта - Кызыл-Адыр айылында Азима да, Петренко да эч качан болгон эмес. Алар ал жерде катталган эмес. Ал күбөлүк кантип алынганын эми Кыргызстандын укук коргоо органдары териштириши керек.

"Балык башынан сасыйт"...

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат катчысы Мелис Эржигитов буга чейин жарандык актыларды каттоо бөлүмдөрүндө ушундай фактылар болуп келгенин ырастады жана быйыл жыл башынан бери жагдай өзгөрдү деп ишендиргенге аракет кылды:

Ушулардын алдын алуу максатында ушул жылдын башынан баштап таптакыр башка үлгүдөгү, сапаты жагынан корголгон, адамдык фактыларды азайта турган жаңы үлгүдөгү документтерди киргиздик да.

- Жарандык актыларды каттоо бөлүмү жарандарга туулгандыгы, өлгөндүгү, ажырашканы тууралуу, аталыкты аныктоо, бала асырап алуу деген өндүү жалпысынан жети документ берет. Мисалы, паспортту жана башка документтерди кандайдыр бир жасалма документтер менен алуу - баары тең ушул жети документтен башталчу. "Балык башынан сасыйт" дегендей, бул жерде маселе ушул жарандык актыларды каттоо бөлүмү берген жети документте болчу. Мындай фактылар абдан көп. Документти кол менен толтуруп эле мөөр басып коюшчу, оңой болчу. Ошондуктан ушулардын алдын алуу максатында ушул жылдын башынан баштап таптакыр башка үлгүдөгү, сапаты жагынан корголгон, адамдык фактыларды азайта турган жаңы үлгүдөгү документтерди киргиздик да. Мурдагы катачылыкты, мурдагы фактыларды эске алып туруп жаңы үлгүдөгү документтерди киргиздик.

Кыргызстандык саясат таануучу Бакыт Бакетаев Азима Абдумаминованы ачык коргоп-колдоп жүргөндөрдүн бири. Анын пикиринде, актердон калган мүлккө ээлик кылууга Абдумаминованын моралдык укугу бар. Ал эми кызынын күбөлүгүнө байланыштуу жагдайга көңүл бурбай эле коюш керек деген пикирде:

Бакыт Бакетаев.
Бакыт Бакетаев.

- Кары кишини нары-бери жетелеп жүрүү деле кыйын. Аны ооруканаларга алып барып жүргөн Азиманы актердун улуу кызы Полина жамандап, актердон калган анча-мынчы мүлктү алайын деп жатат. Азыр москвалыктар "биздин актерду Орто Азиядан келген бирөө башын айлантып алды" деп айтып жатпайбы. Азима анын башын айлантыбы, же Петр 1ди, Распутинди, Сталинди ойногон киши Азиманын башын айланттыбы? Ал Азиманын кызын өз кызындай жакшы көрүп, көтөрүп жүргөн киши. Петренко кызды өзүнө алды. Ал эми кагаздар - бул экинчи, формалдуу гана маселе. Ал мүлкүн Азимага өзү жазып кеткен. Буга эч бир юриспруденциянын алы жетпейт. Биз Азиманы коргошубуз керек.

"Кылмыш жазасыз калбашы керек"

Мамлекеттик каттоо кызматынын мурунку жетекчиси Эрлан Сапарбаев болсо экинчи күбөлүктүн берилишин кылмыш деп эсептейт. Ал мындай документти берген кызматкердин иштен бошоп кетип жазасыз калганын сынга алды:

Эрлан Сапарбаев.
Эрлан Сапарбаев.

- Негизи мамлекеттик кызматта иштеген, же башка жаран болобу, ага мыйзам чегинде чара көрүш керек. Кылмыш-жаза кодекси жана башка укуктук-ченемдик актылар бар да. Ошол мыйзамдардын негизинде чара көрүш керек. Мамлекеттик маанидеги документтерди мыйзамсыз жасоо, бурмалоо кылмыш деп эсептелинет. Кылмыштын деңгээли кандай, кайсы берене деп укук коргоо органдары тактап, сотко өткөрүп укуктук баа берилиши зарыл. Кылмыш кылган адам сөзсүз жазасын алышы керек, болбосо бул системага айланып кетип жатпайбы.

Кыргызстанда буга чейин мыйзамсыз документ берүү, улуттук паспортторду чет өлкөлүк жарандар алып жүргөнү боюнча бир канча факт катталган. Алардын арасында кылмыш дүйнөсүнүн төбөлдөрү, бозгунда жүргөн саясатчылар да болгон.

Ушул жылдын башында парламентте Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөш жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитети паспорттордун мыйзамсыз берилиши, жасалма паспорттор, коррупция жана дагы башка мыйзам бузуу фактыларын текшериш үчүн жумушчу топ түзгөн. Анда топ Мамлекеттик каттоо кызматынын ишин "канааттандырарлык эмес" деп корутунду чыгарган.

Мамкаттоодогу коррупция боюнча прокуратура органдары 2016-жылы 41 кылмыш ишин козгогон.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 2015-2016-жылдары мыйзамсыз паспорт берүүгө, жасалма паспортторго байланыштуу 228 кылмыш иши козголгон. Анын негизинде сотко 125 иш жөнөтүлгөн. 50 иш боюнча тергөө уланып жатат. Калган иштер айыпталуучунун кайда экенин аныктоо мүмкүн болбогондуктан жана "кылмыш жообуна тарта турган адамдар аныкталган жок" деген жүйө менен токтотулган.

"Азаттык" жасалма паспортторду жана дагы башка документтерди мыйзамсыз берүү боюнча кылмыш иши козголгон Мамкаттоонун кызматкерлери негизинен жазасыз каларын, эркинен ажыратылбай айыппул төлөө менен чектелерин да иликтеп чыккан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG