Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:18

Жумадылов: 100 миң паспорттун бланкы жоголгон


Кыргыз паспорттору көп жыл мурда деле ниети бузук адамдардан чыккан учурлар болгон. Буга эгемендиктин алгачкы жылдарындагы документке шалаакы мамиле себеп болушу мүмкүн дейт ошол кезде өкмөттө иштеген, "Интел линкс" ишканасынын башчысы Таалайбек Жумадылов.

"Азаттык": Таалайбек мырза, сиз 1994-жылы СССР тарагандан кийин Кыргызстан алгач өзү чыгарган паспорттордун 100 миң даанасы жоголгонун өткөндө "Азаттыктын" иликтөө программасында айттыңыз. Азыр теракт жана башка окуяларга байланыштуу кыргыз паспортторунун коопсуздугу тууралуу маселе кызуу талкууланууда. Ошол жоголгон паспорттордун азыркы окуяларга тиешеси болушу мүмкүнбү?

Таалайбек Жумадылов: Кыргыз өкмөтү 1994-жылы канадалык компанияга паспорттордун таза бланктарын тапшырык кылган. Ошол келишим менен Кыргызстанга 3 миллион даана бланк келмек. Мен ошондо өкмөттө иштеп жүргөндө ИИМден канча бланк келгенин сурагам. Расмий түрдө ИИМ 2 млн 900 миң паспорт берилген деп жооп берген.

"Азаттык": Калган 100 миңдин дайыны кайда?

Паспорт мафиясын ким калкалайт?

Паспорт мафиясын ким калкалайт?

Кыргызстанда жасалма паспорт жасоо фактыларынын көбөйүшүнүн себеби эмнеде? Паспорт боюнча көз боёмочулукту кимдер, кантип ишке ашырып жүрүшөт? Соңку окуялар өлкөнүн эл аралык беделине, коопсуздугуна кандай таасир этиши мүмкүн?

Таалайбек Жумадылов: Ошондо атайын тапшырма берилген. Ал 100 миң кайда, эмне болгонун тапкыла дешкен. Анткени, кийин биздин паспорттор 98-жылы Кыргызстанга бастырып кирген "Өзбекстан ислам кыймылы" деген топтун башындагы Жума Наманганиден табылган. Кийин араб мамлекеттерине, Европага сойкулукка чыгып жаткан кыз-келиндерден табылган да.

"Азаттык": Демек ортодо жоголгон 100 миң паспорт ушул адамдарга берилиши мүмкүн экен да?

Таалайбек Жумадылов: 94-жылкы паспорт кол менен толтурулчу. Сүрөт чапталып, анан мөөр басылчу. Демек аны жасоо оңой болчу. Анан ошол паспортторду кийин жаңы үлгүдөгү паспортко алмаштырганга толук мүмкүнчүлүк бар. Бул боюнча мен сегиз жыл мурда “эмне үчүн Кыргызстан тыңчыларга табылга же шылуундарга бейиш?” деп президентке, премьер-министрге, спикерге кат жазгам. "Эгер чара колдонбосоңор анда кыргыз паспорттору эл аралык террористтерде, трансулуттук кылмыш топторунда, маңзат соодагерлеринде жана башкаларда пайда болушу мүмкүн" деп эскерткем.

"Азаттык": Ошондой фактылар болду да кийин. Маселен, мен билгенден эле кыргыз паспорттору чет өлкөлүк эки криминалдык төбөлдөн, тажикстандык жана казакстандык саясий качкындардан, террорчулукка шектелгендерден чыкпадыбы.

Таалайбек Жумадылов: Ошо да. Паспортторду биометрикага өткөрүү азырынча эрте. Анткени, адегенде документти кабыл алуу, ошол документтерди текшерүү, аныктоо системасын түп-тамырынан өзгөртүш керек. Эгерде антпесек, чет өлкөлүктөр биометрикалык паспортторду ала берет да. 94-жылкы үлгүдөгү паспортторду мыйзамдаштырып, ордуна жаңы үлгүдөгүсүн алып коюшкан да эбак эле.

Эгерде адам Кыргызстандын жараны болбосо же Кыргызстанда жашабаса, анда анын паспорт алуусуна мүмкүнчүлүктү толук алып салуу абзел.

Экинчиден, мурда атайын текшерүү бар болчу. Паспорт алыш үчүн документ тапшырганда ИИМ менен УКМК аркылуу текшерчү. "Ушул кайрылган кишиге дооматыңар барбы же жокпу, кылмышкер эмеспи, паспорт берсек болобу" деп. Азыр Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан алынып салынган. Эгер Мамкаттоо кызматкерлери тергөөдө же издөөдө жүргөн кишиге паспорт беришсе юридикалык жоопко тартылбайт. Анткени, булар атайын кызматтар аркылуу текшергенге милдеттүү эмес.

"Азаттык": Эми азыр биздин паспорттор менен кармалып жаткандардын баары эле ошол 94-жылкы жоголгон үлгүнү кийин мыйзамдаштырып алып колдонуп жүрөт деп айтуу кыйын. Мен башка маанини айткым келип атат. Ою жамандарга деп коелу, паспорт үч жол менен тиет деп айтып атышат. Биринчиси - өз паспортун өзү саткандар. Экинчиси - жасалма паспорт жасагандар. Үчүнчүсү - ошол эле паспортту берүүгө жооптуу органдагылар өздөрү саткан учурлар. Бул боюнча ИИМ бир нече кылмыш ишин козгоптур. Демек, ушул жолдор аркылуу кыргыз паспорттору башкаларга өтүп жатабы?

Таалайбек Жумадылов: Чоң кылмыш жасайм деп максат койгон кылмышкер, албетте, документти кынтыксыз даярдаганга аракет кылат. Анткени, паспорт көзөмөлүнөн, чек арадан өткөндө кармалып калышы мүмкүн да. Андан көрө пара берип эле, мыйзамдуу түрдө деле алганы оңой болуп жатпайбы. Аэропорттон, полициядан, көзөмөлдөрдөн кыжаалат болбой, оңой эле өтүп кетет да. Ошон үчүн адегенде Мамлекеттик каттоо кызматын толук реформалаш керек.

Биринчиден, стратегияны кабыл алыш керек. Кайсы документти, кандай максатта, кантип алмаштырат деген. Экинчиден, мамлекеттик маалыматтык ресурс түзүлүүсү зарыл. Текшерүү, тактоо системасы дегендей. Эгерде адам Кыргызстандын жараны болбосо же Кыргызстанда жашабаса, анда анын паспорт алуусуна мүмкүнчүлүктү толук алып салуу абзел. Паспорттун бланкын коргош керек албетте, бирок, анын ичиндеги маалыматты коргоо приоритет болушу шарт. Азыр дүйнөлүк тенденция ушундай.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG