Линктер

жекшемби, 19-август, 2018 Бишкек убактысы 04:45

"Шектүү" векселдердин кожоюну табылды


Иллюстрация

ATARBEK TRADE компаниясынын жетекчиси Абытбек Атарбеков парламентте "мыйзамсыз чыгарылып кеткен" деп кине коюлган 3 миллиард 780 миллион долларлык векселдердин таржымалын айтып берди.

Ишкердин айтымында, аталган баалуу кагаздардын булагы, жеке менчик укугу жана эл аралык деңгээлдеги банктардын кепилдиксиз наркынын жоктугу экспертиза жана сот аркылуу ырасталган.

Буга чейин парламенттеги "Ата Мекен" фракциясында 2010-жылы күзүндө күмөндүү жагдайда банк уячасынан алынган баалуу кагаздар боюнча кылмыш ишинин соттон кыскарып кеткени боюнча маселе көтөрүлүп, аны кайрадан иликтөө прокуратурага тапшырылган.

Күмөндүү векселдердин тек-жайы

ATARBEK TRADE компаниясынын жетекчиси Абытбек Атарбеков наркы 3 миллиард 780 миллион долларлык 380 вексель боюнча чыккан соттун чечими тууралуу түшүндүрмө берди. Анын айтымында, бул боюнча башында мыйзамсыз кылмыш иши козголуп, бирок кийин соттук териштирүүлөрдө ага коюлган айыптар алынып салынган. Башкы прокуратура 2010-жылы октябрда Абытбек Атарбековго "Кылмыштуу жол менен табылган мүлктү адалдоо" жана "Баалуу кагаздарды аткезчилик менен алып келүү" беренелери менен кылмыш ишин козгогон. Сотто анын кылмыштуу жол менен табылганы далилденген эмес. Аягында Бишкек шаардык соту аткезчилик боюнча айыптоонун мөөнөтүн өтүп кеткендиктен Атарбековду актаган.

Абытбек Атарбеков ал баалуу кагаздардын мыйзамдуулугу соттордо толук ырасталганын айтты:

- Бул баалуу кагаздарга эл аралык банктардын кепилдигин алып, ал жактан каражат алып келгенге көзүбүз жеткен соң биз ассоциация түздүк. Амстердамдагы "Rabobank" деген Европадагы банктардын бири менен сүйлөшүү жүргүзүп, алгач 200 миллион евро өлчөмүндө бизге которула турганы белгилүү болуп калган. Анын тиешелүү документтери бизге жөнөтүлгөн. Ошол кезде муну бирөөлөр угуп калып, аны прокуратурадагы адамдарга жеткире коюп, анан алар келе калып, банк уячасын ачышкан. Мен болгону инвесторго акча которууну токтото турууну суранганга гана үлгүрдүм. Эгерде акча бул жакка келип калса, аны да тергөөчүлөр алып чыгышмак. Анда инвесторлор Кыргызстанга ишенимин жоготуп, экинчи акча которбой калышмак. Мени кармаганда алар бул баалуу кагаздарды Бакиевдердики деп ойлошкон. Ошондуктан алар мени бир айга чукул отургузушту. Кийин териштирүү учурда алар Кыргызстандан да, Казакстандан да бул баалуу кагаздардын мыйзамсыздыгы же кылмыштуу жол менен табылганы боюнча илинчек таба алышкан жок. Анткени бул баалуу кагаздардын мыйзамдуулугу боюнча тиешелүү тараптардан далил документтер келген.

Кыргызстанда 2003-жылы негизделген ATARBEK TRADE компаниясынын кожоюну бул баалуу кагаздар анын колуна 2004-жылы инвестиция тартуу максатында, ишенимдүү башкарууга берилгенин айтты. Ал векселдер Казакстандагы сейрек кездешүүчү металл кенине ээлик кылган "Кундыбай" компаниясына караштуу экени документтердин негизинде тергөөдө аныкталган. 2010-жылы 7-октябрда Башкы прокуратура аны "Бакиевдерге таандык болушу мүмкүн" деген негизде банктардын биринин уячасынан таап чыккан. Кийин соттук териштирүү учурунда баалуу кагаздардын жеке тарапка таандык экени жана эл аралык деңгээлдеги банктардын кепилдигисиз анын наркы жок экени экспертиза менен аныкталган.

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова да бул иште мыйзам бузуу табылбаганын жана кылмыш иши кезинде соттун чечими менен токтогонун ырастады:

Аида Салянова.
Аида Салянова.

- Бул иш боюнча мен кийин атайын прокурорлорго муну кылдат текшерип чыгууну тапшыргам. "Ал баалуу кагаздар мыйзамдуубу жана ал Кыргызстанга кандайча кирип калган?" деген маселени толук текшерип чыгуу зарыл экенин айтып, аны жеке көзөмөлүмө алгам. Ошондо аны абдан кылдат карап чыгып, анан "бул баалуу кагаздар боюнча мыйзамсыз иш-аракеттер жок экен" деген тыянак чыгарышкан. Мен ал жерде мыйзам бузуу табылбаганы тууралуу корутунду алгам. Баалуу кагаздардын банк уячасында сакталышы мыйзамдуу болгону аныкталып, анын үстүнө бул чечим сот аркылуу кабыл алынып, ал киши акталган. Андан кийин да маселе көтөрүлгөндө мен бул ишти караган прокурорлорго "Сот тарабынан мыйзамдуу чечим болдубу?" деген суроо менен кайрылган болчумун. Анда алар сот мыйзамдуу чечим чыгарганын айтып, жооп кайтарышкан. Бул маселе боюнча менин позициям - учурда ал ишкердин айтып жатканы туура эле.

"Ата Мекендин" күмөнү

Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясы өткөн аптада чуулгандуу соттук иштер боюнча маселени карап жатып, муну кайрадан териштирүү боюнча Башкы прокуратурага тапшырма берген.

"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев кезинде кармалган баалуу кагаздар соттун чечими менен Кыргызстандан чыгарылып кеткенин билдирген:

- Бул векселдер боюнча кылмыш иши козголуп, Атарбеков деген ишкер жигит банктардын бирине салган наркы 3 миллиард 780 миллион долларга барабар баалуу кагаздары ачыкка чыккан. Жөнөкөй ишкер жигит ошондой наркка бааланган баалуу кагаздарга ээлик кылышы мүмкүнбү? Бул аны акчага айландырганда Кыргызстандын парламентинин беш жылдык бюджетине барабар каражат болуп жатпайбы? Бул боюнча бир да киши жазага тартылган эмес. Ал векселдердин баары чет өлкөгө чыгарылып кеткен. Буга катышы бар деп саналган Атарбеков деген ишкер жигитти судья Воронцова толугу менен актап салган.

Бирок ишкер Абытбек Атарбеков сот бөгөт чарасын алып салгандан кийин векселдер эч кайда чыгарылбаганын билдирди. Анын айтымында, учурда ал баалуу кагаздар банктардын биринде сакталуу. Ишкер ушу тапта эл аралык банктардын кепилдигин алып, ошол баалуу кагаздарды күрөөгө коюу менен Кыргызстанга инвестиция тартуу менен алпурушуп жатканын айтты.

Ишкердин адвокаты Мукар Чолпонбаев ошондой шартта баалуу кагаздардын айланасында парламентте кайрадан дүрбөлөң чыгарып, депутаттар инвесторлорду чочутуп жатканына токтолду:

- Эгерде атайын процедуралардан өткөрүп, эл аралык деңгээлдеги банктардын кепилдигин алса кийин ошол векселдер баалуу кагаз катары иштей баштамак. Ошондо 2020-жылга карата ал 380 вексель үчүн 3 миллиард 800 миллион долларды Казакстандын "Кундыбай" деген компаниясы төлөп бермек. Бул баалуу кагаздардын айланасында улам-улам чыгып жаткан чуудан улам, инвесторлор чочулап, андай болбой жатат. Ошондуктан бул баалуу кагаздардын негизинде инвестиция тартып келүү кечеңдеп келди. Бул векселдерге европалык банктар аркылуу аваль (вексель боюнча кепилдик - ред.) алып, ошонун негизинде акча каражаттарын алып келүү аракеттери жасалып жаткан чакта депутаттар бул маселени кайра көтөрүп, текшерүү дайындап, эсеби боюнча төртүнчү жолу тоскоолдук жасалып отурат. Эгерде ошол баалуу кагаздарга кепилдик алынып, андан ары инвестиция иретинде акча алынып, анын баары Кыргызстанга келсе жаманбы? Буга чейин иштелип чыккан жана сунушталган беш жүздөн ашуун долбоор каржыланмак. Канчалаган ишкерлерге ыңгайлуу жана пайдалуу каржы булагы табылмак.

Башкы прокуратуранын өкүлдөрү бул баалуу кагаздар боюнча соттордун мурда чыгарган чечимдерине байланыштуу кайрадан текшерүү жүргүзүүгө убада берген жайы бар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG