Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:51

"Ихлас" менен ишкердин жер чатагы


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Оштогу "Южремстрой" ишканасынын жетекчиси, ишкер Рустам Нурматов наркы жарым миллион доллардан ашуун жер тилкесин тарттырып жибергенин билдирди.

Буга ишкер кылмыш дүйнөсүнүн басымы жана Жогорку соттун чечими негиз болгонун белгиледи. Анын кыймылсыз мүлктү сатып, банктагы насыясын жабуу аракети кайра өзүн карызга батырып, Оштогу 29 сотыхтан ашуун жер тилкесин "Ихлас" деген соода маркасы менен белгилүү "Кыргыз Кербен" курулуш компаниясына текейден арзан кармата берүүгө аргасыз кылган жагдай тууралуу коомчулукка кайрылды.

Ал бийликке жазган кайрылууларына калыс жооп ала албай, үмүтү үзүлүп, Кыргызстандагы ишкердигин таштап, үй-бүлөсү менен чет өлкөгө кетүүгө камданып жатканын кошумчалады.

"Ихлас" компаниясынын жетекчилиги жер тилкеси өз ара келишим менен эле сатылып алынганын, бирок кийин ал ишкер саткан жери үчүн кошумча чоң акча талап кылгандан улам, бул чатак соттошууга чейин жеткенин белгилеп, өз дарегине айтылган дооматтарды четке какты.

Криминал аласа-бересеге аралашканда

Ош шаарындагы "Южремстрой" ачык акционердик коому 2014-жылы 8-октябрда "Элит-Строй-Сити" жоопкерчилиги чектелген коомуна шаардын А. Масалиев көчөсүндөгү 28 сотых жер тилкесин 400 миң долларга сатканы боюнча алды-сатты келишимине кол коюлган. Ага ылайык, "Элит-Строй-Сити" компаниясы 2015-жылдын 1-октябрына чейин жер тилкесинин акчасын бөлүп-бөлүп бере турган болгон.

Мында белгилей кетүүчү жагдай - бул жер тилкеси башында 550 миң долларга бааланып, "Элит-Строй-Сити" компаниясынын жетекчиси Айгүл Салиева "Южремстройдун" башкармалыгынын башчысы Рустам Нурматовго ал келишимге кол коюлганга чейин 150 миң доллар өткөрүп бергени соттук материалдарда көрсөтүлгөн.

Макулдашуу боюнча Айгүл Салиева "Южремстрой" ишканасынын жетекчиси Рустам Нурматовго 2015-жылдын август айына чейин 186 миң доллар өткөзгөн.

Кийин "Элит-Строй-Сити" ай сайын төлөм жүргүзүүнү кечеңдетип, натыйжада "Южремстрой" компаниясы келишимди бузуу жөнүндө демилге көтөргөн. Анда жерди сатып алган тарап ага чейин өткөзгөн 186 миң долларды кайра кайтарууну талап кылган.

Рустам Нурматов акчанын 26 миң долларын гана кайтарууга мүмкүнчүлүгү болуп, ал эми "Элит-Строй-Сити" компаниясынын жетекчиси Айгүл Салиева калган акчаны кайтарыш үчүн үчүнчү тарапты ортого салганы ишти кийин укуктук жактан талдаган "Адилет" укуктук клиникасынын тыянагында келтирилген.

"Южремстрой" ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Рустам Нурматов криминалдын басымы астында акчаны төлөп бериш үчүн ал жер тилкесин "Ихлас" курулуш компаниясына арзан баада сатууга аргасыз болгонун билдирди:

- Кылмыш дүйнөсүнүн адамдарын ортого салып, "акчаны төлө же жерди бересиң" деп кысым кылганы боюнча өзүмдүн жана үй-бүлөмдүн коопсуздугун ойлоп, башында арыз жаза алган жокмун. Анткени криминал полковниктерди атып кетип жатканда, мен алар үчүн түккө турбасымды түшүндүм. Мында башында эле ар кандай тымызын байланыштар аркылуу мени "илип алууга" аракет болгонун кийин билип калдым. Анткени "Элит-Строй-Сити" компаниясынын жетекчиси Айгүл Салиеванын аталаш тууганы Бекболот Колдошов деген адам баарын уюштуруп, өзү ачыкка чыкпай, бул иштин артында турган экен. Анан баары чегине жеткенде ал ачыкка чыгып, "сизди тааныйт элем, карындашым туура эмес кылыптыр" деп чыга калды. Анан эле горизонтто "Ихлас" пайда болду. Анан Бекболот мага: "Мен кардар таптым, жериңизди 600 миң долларга сата албайсыз, сатсаңыз 300 миңдин айланасында болот, ойлонуп көрүп чечим чыгарыңыз" деп калды. Ошентип мени көндүрүп, анан ал мага "Ихластын" адамдарын жетелеп келип жатат. "Кыргыз Кербен" деген компания "Ихласка" караштуу ишкана экен. Анан дагы мени жерди сатууга көндүргөн Бекболот Колдошев менен "Ихластын" кожоюну Нурбек Осмонов Жапалактан - бир айылдан болушарын кийин билип отурам. Мени башында криминалга "тебелетип", моралдык-психологиялык жактан "бышырып", анан жерди арзан сатууга мажбур кылышты. Базар баасы 560 миң доллардан ашуун турган Ош шаарынын чок ортосундагы жер тилкесин 360 миң долларга баалап, өз баасынан 200 миң долларга арзан сатуу боюнча келишимге кол коюуга аргасыз болдум. Башында криминал басым жасап, коркутуп-үркүтүп, мени аргасыз абалга кептегенде мен “иши кылып эле ушулардан кутулайын” деген ой менен баарына даяр болуп калган элем.

Ошентип, "Ихлас" соода маркасы менен белгилүү Оштогу "Кыргыз Кербен" компаниясы 2016-жылдын 26-апрелинде кол коюлган үч тараптуу келишимге ылайык, "Южремстрой" ачык акционердик коомунун "Элит-Строй-Сити" жоопкерчилиги чектелген коомуна карызын төлөп берип, 28 сотых жер тилкесин өзүнө алган. Ошол учурда жер тилкесинин баасы 360 миң долларга бааланып, анын 160 миң доллары карызды жабууга накталай төлөнүп берилген. "Кыргыз Кербен" компаниясы калган 200 миң доллар акчага аталган жер тилкесине курула турган көп кабат үйдөн 444,44 чарчы метр аянт өлчөмүндө батирлерди "Южремстрой" ишканасына бере тургандыгы келишимде көрсөтүлгөн. Бул жер тилкесине 10 кабат үй курууга киришкен "Кыргыз Кербен" компаниясы 28 сотыхтан башка "Южремстрой" ишканасынын кеңсеси жайгашкан башка 105 чарчы метр жер тилкесине кирип кеткени аныкталган. Мындан сырткары, эки жактын ортосунда мурда бекитилген үч тараптуу келишимдин шарттары боюнча пикир келишпестик келип чыккан. Ошол эле кезде "Южремстрой" жер тилкесин ал компанияга каттап, өткөрүп бере элек болгон. Бирок ага карабастан "Кыргыз Кербен" компаниясы уруксат кагаздары жок эле үй курууга киришкени тиешелүү актыда көрсөтүлгөн.

Кошумча макулдашуунун шарттары

Ошол мүмкүнчүлүктөн пайдаланган ишкер Рустам Нурматов мурда арзанга сатылып кеткен жеринин баасын базар баасына жогорулатуу боюнча кошумча макулдашууга кол койдурууга жетишип, бирок кийин "Кыргыз Кербен" өзүнө алган милдеттенмелеринен баш тартып, сотко кайрылган жагдай тууралуу айтып берди:

Рустам Нурматов.
Рустам Нурматов.

- Анан бир топ сүйлөшүүлөрдөн кийин кошумча макулдашууга кол коюуга жетиштик. Анда мен жер тилкесинин баасын базар баасына келтирип, көтөрүп, мурда бычылган баада сатуу боюнча өзүмдүн негизги талабымды айттым. Мурда мен криминалдын басымы астында гана жер тилкесинин баасын өз наркынан бир топ төмөн түшүргөнүмдү айтып, "эми бул кырдаалда мен өз кызыкчылыгымды калыбына келтирем" деп бааны кайра көтөрүү маселесин койдум. Ошентип кошумча макулдашуу түзүп, жалпысынан 2 миң 905 чарчы метр жер тилкесин базар баасында сатып, өткөзүп берип, каттаттык. Анан бизге бөлүнүп бериле турган батирлерди жана жертөлөдөгү жайларды так аныктап, кошумча макулдашууда көрсөттүк. Бирок алар жер тилкесин өткөзүп алары менен кайрадан жаңы оюнду баштап жиберишти. Себеби макулдашууда көрсөтүлүп, биздин менчикке өтө турган батирлерди ошол эле дата менен алар өздөрүнө каттатып алышкан экен. Ошону менен алар “кошумча макулдашуу бизге ыңгайсыз” деген шылтоо менен соттошо башташты.

"Ихластын" ыкласы

Кошумча макулдашууда "Кыргыз Кербен" курулуп бүткөн көп кабаттуу үйдүн жалпы аянты 906 чарчы метрди түзгөн сегиз батирди, жертөлөдөн үч автотоктотмону жана биринчи кабаттан бир соода жайын "Южремстрой" ачык акционердик коомунун менчигине өткөзүп бере турганы көрсөтүлгөн.

"Южремстрой" болсо 28 сотых жана ага кошумча 105 чарчы метр жер тилкесин бере турган болот. Жер тилкесинин жалпы баасы 567 миң 362 долларга бааланган. Бирок 2017-жылы 27-октябрда "Кыргыз Кербен" компаниясы кайра кошумча макулдашууну жокко чыгаруу өтүнүчү менен Ош район аралык сотуна кайрылган. Ош район аралык соту бул компаниянын кошумча макулдашууну жокко чыгаруу боюнча арызын карап, аны канааттандырган чечим чыгарган.

Анткени "Кыргыз Кербен" компаниясынын башкы директору Чагатай Аматов алар баштапкы келишимдеги өзүнө алган милдеттерди так аткарганына карабастан, жер тилкеси өткөрүлүп берилбей, курулуш компаниясы ири чыгымга кириптер кыла турган макулдашууга кол коюуга аргасыз болгон жагдайды сот эске алды деп эсептейт:

Биз ал адамдарды тааныбайт элек. Биз барганда ал өзү бизге тааныштырган.

- Анын айткандары чындыкка жатпайт. Биз ал адамдарды тааныбайт элек. Биз барганда ал өзү бизге тааныштырган. Бизге чейин эки тарап аласа-бересе маселесинен улам өздөрү бири-бири менен урушуп-талашып жүргөн экен. Анан биз жер тилкесин баалашып, үч тараптуу келишим түзүп, "Южремстройду" карыздан куткардык. Биз анын маселесин чечип, карызын төлөп берген элек. Жерди жакшына эле 360 миң долларга баалаган болчубуз. Анын 160 миң долларын карызга өткөзүп берүү тууралуу шарт коюшкан. Анан биз келишим боюнча акчасын төлөп бердик. Бирок ал акчаны алгандан кийин жер тилкесин бизге өткөзүп бербей туруп алды. Биз ал учурда тобокелдикке барып, курулушту баштап алган элек. Биз келишимде каралган шарттарды аткарган болчубуз. Анан кийин жердин документтери жок, курулуш токтоп калып, кийин кошумча макулдашууга барууга аргасыз болдук. Бирок кийин анын шарттары биз үчүн абдан эле оор болгондуктан аталган кошумча макулдашууну жокко чыгарууга байланыштуу сотко бердик. Анан соттон утуп алдык. Анан эми жерин сатып жибергенден кийин кайра айнып, бааны көтөрүп, келишимди бузган уят да.

Сот чечимдеринин "соогасы"

Бирок Ош район аралык сотунун бул чечимине карата "Южремстрой" компаниясы Ош облустук сотуна апелляциялык арыз менен даттанган. 2018-жылдын 5-мартында Ош облустук сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча коллегиясынын чечими менен Ош район аралык сотунун "Кыргыз Кербен" компаниясынын пайдасына чыгарган чечими толук жокко чыгарылган. Анда биринчи сот инстанциясы жер тилкесинин баасы кымбат баада сатылган деп тапса, кийинки облустук сот анын жүйөлөрүн жокко чыгарып, жер тилкеси базар баасында сатылганын ырастаган. Ош облустук соту "Азия Оценка" көз каранды эмес баалоо компаниясынын отчетуна негиздеп, чечим чыгарган. Анда бул жер тилкесинин баасы 2016-жылдын 18-мартына карата 38 миллион 235 миң сом деп көрсөтүлсө, 2017-жылдын 4-майына карата 38 миллион 932 миң сомго кымбаттаганы көрсөтүлгөн. Ошондой эле сотто "Азия Стиль" деген башка курулуш компаниясы Ош шаарынын ошол эле районунан сатып алган ошондой эле өлчөмдөгү жер тилкеси үчүн сатуучуга курула турган көп кабаттуу үйдөн 1276,92 чарчы метр аянт батирлерди берүүгө милдеттенген келишимдин шарттары салыштырылган. Бирок Жогорку сот бул ишти карап чыгып, Ош район аралык сотунун "Кыргыз Кербен" компаниясынын пайдасына чыгарган чечимин күчүндө калтырып, ал эми Ош облустук сотунун чечимин жокко чыгарган.

Бул соттук чечимдерге тталдоо жүргүзгөн "Адилет" укуктук клиникасынын юристи Эмил Жандаев облустук соттон айырмаланып, баштапкы жана жогорку соттук инстанциялар жер тилкесинин базар баасын эске албай чечим чыгарганын айтты:

Жогорку соттун судьялары көп жагдайларга атайын көңүл бурган эмес.

- Эгерде экономикалык иштер же чарбалык талаштар боюнча соттук практикада үч инстанцияда тең бирдей чечим чыкса, анда ал чечим укуктук жактан алганда кайсы бир деңгээлде кынтыксыз деген түшүнүк бар. Бул жерде Ош район аралык соту кошумча макулдашууну жокко чыгара турган чечим чыгарса, Ош облустук соту муну бардык жагынан карап чыгып, анын ичинде жер тилкесинин базар баасын териштирип, салмактап туруп, “баштапкы инстанциядагы сот чечими туура эмес” деген негизде жокко чыгарган. Бирок экинчи инстанциядагы сот чечиминде бир катар укуктук негиздер, далилдер жана укуктук жүйөлөр келтирилсе да Жогорку сот анын чечимин кайра жокко чыгарып, баштапкы инстанциядагы сот чечимин күчүндө калтырып отурат. Бул жерде Жогорку соттун судьялары көп жагдайларга атайын көңүл бурбай, маселени бир тараптуу гана карап, тигил курулуш компаниясынын гана кызыкчылыгын канааттандырып койгон.

Укук менен "түшүнүктүн" аралыгы

"Адилет" укуктук клиникасынын бул маселе боюнча чыгарган тыянагында сатылган жер тилкеси башында 550 миң долларга бааланганы, кийин анын баасы кылмыш дүйнөсүнүн таасири менен арзанга бааланып сатылганы жана жер тилкесинин кожоюну, "Южремстрой" ишканасынын жетекчиси Рустам Нурматовго психологиялык басым көрсөтүлгөнү анын Ош шаардык ички иштер башкармалыгына жазган арызы жана кийин өндүрүштөн кыскарып кеткен кылмыш ишинин негизинде ырастала турганы көрсөтүлгөн.

Ишкер Рустам Нурматовдун адвокаты Жыргалбек Бабаев бул жер тилкесин тартып алуу аракетине криминал менен соттор аралашканы анык деп эсептейт:

- Бул жерде рейдерликтин белгилери даана эле байкалып турат. Ишкерди тергөө изоляторуна чакырып алып, криминал бардыгын чечип жатканы даана эле көрүнүп турбайбы. Бул жерде башында даттангандан корккон Рустам Нурматов анын "Элит-Строй-Сити" менен болгон каржылык маселесин териштирүүгө криминалдын тартылганы жана анын басым жасаганы тууралуу арыз берип жатпайбы. Бирок кийин бул иш кандайча кыскарып кетти? Сотто бул тууралуу Нурматов айтып жатканына карабастан, соттор ага көңүл да бурган эмес. Болбосо анын тергөө абагына чакыртылганын текшерип чыкса болот эле да? Үч жылда мурда болгон Нурматовдун жарым миллион доллар турган кыймылсыз мүлкү 160 миң доллар карызды жабуу менен эле биротоло өзүнөн өзү жок болуп кетеби? Жогорку сот кошумча макулдашууну жокко чыгарганда деле аны кайра баштапкы абалына алып келиши керек эле да. Себеби юриспруденцияда соттук чечим чыгып жатканда келишимдер бузулса, анда ал баштапкы абалына келтирилет. Ошондой болгондо эле бул жерде Нурматовдун укугу бузулмак эмес. Бул жерде Жогорку сот Нурматовдун кызыкчылыгын тебелеп, анын менчик укугун басмырлаган чечимди бир жактуу гана негизде чыгарып жатат.

Ошондой эле "Адилет" клиникасынын укуктук тыянагында бул иш боюнча чиеленишкен схемалар аныкталып, келишимде бекитилип, жер тилкесинин ээсине бериле турган башында 444, 44 чарчы метр, кийин кошумча макулдашуу боюнча 906,49 чарчы метрди түзгөн аянттагы батирлер "Кыргыз Кербен" компаниясына катталып кеткени белгиленген. Анткени "Кыргыз Кербен" компаниясына доомат койгон "Алжадид" деген компания ортодон чыга калып, "Южремстрой" ишканасы ала турган батирлерге бөгөт чарасын киргизүү боюнча арыз берген.

"Ихлас" курулуш соода маркасынын кожоюну Нурбек Осмонов анын дарегине коюлган дооматтарды четке кагып, ал криминалдын же акчанын күчү менен эмес, тиешелүү документалдык далилдердин негизинде соттон утуп чыкканын мындайча жүйө келтирди:

Нурбек Осмонов.
Нурбек Осмонов.

- Ал киши "эми мага мүмкүнчүлүк келди, мен силерге көрсөтөм" деп бизди абдан катуу зекип, коркута баштады. Анан ошонун негизинде жанагы биз батпай калып, башында ал өзү макулдугун берген 1,5 сотых жерди 500 миң долларга чукул акчага баалап, таңуулап салган. Ал “болбосо аталган жер тилкесиндеги курулушту буздурам” деп коркутту. Ошого байланыштуу биз кошумча макулдашууга барууга мажбур болдук. Кийин биз соттон ошол кошумча макулдашуунун аталган оор шарттарын жокко чыгарууну гана өтүнүп, арыздандык. Биз 28 сотых жер тилкесин мурда өзүнчө баалашканбыз. Анан аны кандай бааласак, ошол кошумча 1 сотых жерди деле ошол эле баада баалап, "төлөп берели" десек, ал киши болбой койду. Мурда 28 сотых жерди 360 миң долларга бааласак, бир сотых жер үчүн жаңы курулган үйдөн ал киши эми 544 метр аянт жайды сурап жатат. Бул 500 миң долларга чукул акчаны түзөт. Аксакал киши “мындайга барбаңыз” десек, ал киши болбой эле бизди “чөгөлөтөм” дегенге өтүп алды. Ошентип ал киши сот-прокуратурадан баштап, Финпол, өкмөт, парламент, президентке чейин арызданды. Биз болсо бардык документтер менен барып, өзүбүздүн чындыгыбызды далилдеп жатабыз.

Бирок Нурбек Осмоновдун кийин кошулган 1,5 сотых жердин баасы өзүнчө бааланганы туурасында анын айткандарына документалдык далилдерди таба алган жокпуз.

Бийликтин жообу

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылы 8-февралда болуп өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында соттор мүлктү рейдерлик басып алууга аралашып жатканын жана алардын мыйзамсыз чечимдеринин негизинде жарандардын менчик укуктары бузулган учурлары бар экенин айткан болчу.

Президент Сооронбай Жээнбеков мындай сот чечимдерин чыгарган судьяларга карата чара көрүүгө убада берген. Буга чейин ишкер Рустам Нурматов президент Сооронбай Жээнбековго аталган жер тилкесин тартып алуу маселесине соттор аралашкан жагдай боюнча арызданган эле.

Президенттик аппараттын сот-укуктук маселелер боюнча бөлүмү мыйзамга ылайык, соттордун ишине кийлигишүүгө эч кимдин укугу жок экенин айтып, жооп кайтаруу менен чектелген. Анда президенттик аппараттын тиешелүү бөлүмү эгерде жаңы ачылган жагдайлар болсо, анын негизинде ишти кайра каратуу мүмкүнчүлүгү бар экенин мисал келтирген кеңешин берген.

Ошондон кийин сот адилеттигинен үмүтү үзүлгөн ишкер Рустам Нурматов эми Кыргызстандагы ишкердигин таштап, үй-бүлөсү менен өлкөдөн көчүп чыгып кетүүгө камданып жатканын билдирди:

- Мен деле шайлоолордо КСДП партиясы үчүн чуркагам. Менин кеңсем партиянын шайлоо алдындагы штабы болчу. Ошол жерден көптөгөн адамдар кийин депутат болушту. Болгон кызматымды кылганмын. Ушул өлкөдө төрөлүп, өсүп, заводдорду куруп, маңдай тер, таман акы менен ишкердик кылып келдим. Анан эми башында криминалдын басымы болуп, анан соттор адилеттүүлүктү карабай менин жер тилкемди бирөөгө тартып берип жаткандан кийин мен бул өлкөдө кантип жашап кала алам? Ошондуктан банктагы карызымды төлөсөм эле үй-бүлөм менен АКШга кетейин деген чечим кабыл алдым. Себеби азыр бул жакка бирөөнүн мүлкүн алдап алып, жеңил акчага байыгысы келген караөзгөйлөр, кошоматчылар, алдамчылар керек экен. Мен ошондуктан баарынан үмүтүм үзүлүп, сыртка чыгып кетейин деген ойго келдим. Башка аргам калган жок...

Жогорку сот 2018-жылдын 17-июлунда аталган жер тилкеси боюнча "Кыргыз Кербен" компаниясынын пайдасына чечим кабыл алган соттук коллегияга Абылай Мухамеджанов төрагалык кылган. Судьялар Камил Осмонов жана Айбек Давлетов бул соттук жыйынга мүчө катары катышып, чечим чыгарышкан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG